00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
385 новых агропредприятий: как Кыргызстан перестраивает свою продовольственную систему
08:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Б. Ельцин атындагы кыргыз-славян университетинде "Кыргыз тили жана Манас таануу" борбору ачылды. Эмне иш алып барат?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Дебюррократизация для бизнеса: какие разрешения для бизнеса отменят?
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Салык төлөөнү жеңилдеткен "Базар" маалыматтык системасы кантип иштейт?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Дизайн-код городов: порядок, красота и уважение к прошлому
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары — кеңейтүү, коргоо жана изилдөөлөр кандай жүрүүдө?
13:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Баткен шаарында “Манас оюндары” мелдеши өтүүдөТрамп: Украинага "Томагавк" берүүнү Путин менен талкуулашым мүмкүнӨлкөдөгү ветлабораториялар эл аралык стандартка толук жооп берерин министр билдирдиКүн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфлодон ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан ар кандай программалар менен долбоорлорду ишке ашыруу пландарын талкуулашты. Медер Абакиров Европа Биримдиги менен кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи. Өз кезегинде Реми Дюфло эки тараптуу байланыштар мындан ары дагы бекемделе берет деген ишенимин билдирип, өз тараптан зарыл көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ведомстводон маалымдашкандай, ал борбордун химиялык-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза бөлүмү, серология бөлүмү жана вирусология бөлүмдөрүн көрүп чыкты. Айрыкча мал чарбачылык продукциясынын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу, аны экспортко чыгаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө борбордун лабораториялык базасы эл аралык стандарттарга толук шайкеш келери, бул ар кандай татаал анализдерди жана изилдөөлөрдү өнөктөш өлкөлөрдүн талаптарына ылайык жүргүзүүгө мүмкүндүк берери белгиленди.
Баткен шаарында “Манас оюндары” мелдеши өтүүдө. Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашкандай, спорттук иш-чарага Кыргызстандын 7 облус жана 2 шаарынан келген спортчулар катышууда. “Манас оюндары” спорттун улуттук түрлөрү - айкүр, кыргыз күрөш, ордо, салбуурун жана тогуз коргоол боюнча өткөрүлүп жатат. “Манас оюндары” кыргыз элинин байыркы тарых, салты, маданий баалуулуктарынан күч алган, улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө жана жайылтууга арналган ири республикалык спорттук иш-чара болуп эсептелет. Аталган таймаш улуттук оюндарды жандандырып, ден соолукту чыңдоого багытталган. Мелдеш бүгүн, 13-октябрда аяктайт.
Эгер Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу мүмкүн болбой калса, анда Вашингтон Киевге "Томагавк" ракеталарын берет. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды. "Мен ага согуш токтобосо Украинага "Томагавк" ракеталарын жөнөтөм деп айтышым мүмкүн", — деди Ак үйдүн башчысы. Трамп Владимир Зеленский менен курал-жарак маселесин талкуулаганын кошумчалап, Киев дал ушул ракеталарды алууга үмүттөнүп жатканын белгилеген.Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Американын канаттуу ракеталарын Украинага жеткирүү боюнча чечимди дээрлик кабыл алганын, бирок Киев аларды кантип колдонууну көздөп жатканын түшүнгүсү келерин билдирген. Ал эми Кремль мындай кадам кырдаалды кыйла курчутарын, анткени "Томагавкты" өзөктүк вариантта дагы колдонушу мүмкүн экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0