https://sputnik.kg/20251010/1097086186.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Тажикстандагы иш сапарынын алкагында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу анын... 10.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-10T18:59+0600
2025-10-10T18:59+0600
2025-10-10T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0a/1097086020_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_31b830e501e588c309161fa9c36b481a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Тажикстандагы иш сапарынын алкагында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Жапаров Шериктештик мамлекеттериндеги социалдык-экономикалык абалдын чыңдалышы чөлкөмдүн инвестициялык жагымдуулугу жогорулаганын көрсөтүп турарын белгилеген. "Мындай жыйынтык интеграциялык механизмдердин жана сооданын жөнөкөйлөтүлгөн режимдеринин натыйжалуулугун көрсөтүп, жалпы экономикалык мейкиндикти түзүүгө ырааттуу жылышты тастыктайт", — деди мамлекет башчы тар курамдагы жыйында. Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери кеңейтилген курамдагы жыйынга катышып, анын жыйынтыгында коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика жана гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү координацияны күчөтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюлду.
Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөк алмаштыруу боюнча дагы бир операция ийгиликтүү аткарылды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, реципиент — 33 жашта, ал 1 жыл 9 ай бою өнөкөт бөйрөк оорусунун акыркы стадиясына байланыштуу гемодиализ алып келген. Донор — анын 44 жаштагы өз агасы. Операция ийгиликтүү өтүп, бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, донордун да, реципиенттин да абалы канааттандырарлык, ал эми көчүрүлгөн бөйрөктүн функциясы калыбына келген. Жалпысынан 2018-жылдан бери аталган борбордо 76 бөйрөк трансплантациясы жүргүзүлүп, алардын ичинен 2024-жылдан тарта 35 операция бюджеттик негизде акысыз жасалды. Саламаттык сактоо министрлиги үчүн трансплантология программасын өнүктүрүү — артыкчылыктуу багыттардын бири. Мамлекеттик колдоонун жана дарыгерлердин кесипкөйлүгүнүн аркасында, учурда Кыргызстанда жогорку технологиялуу операциялар ийгиликтүү жүргүзүлүп, жарандар чет өлкөгө чыгууга муктаж болбостон, өз мекенинде эле өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк алууда.
Бүгүн жергиликтүү саат менен 12:00дөн тарта Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу макулдашуусу күчүнө кирди. Бул тууралуу Израилдин Коргоо армиясынын маалымат кызматы билдиргенин РИА Новости жазды. Билдирүүгө караганда, саат 12:00дөн баштап ЦАХАЛ аскерлери ок атышууну токтотуу келишимин аткаруу үчүн барымтадагыларды кайтарууга даярдык көрүү максатында жаңы линияларга жайгашып, белгиленген позицияларды ээлей баштаган. Эскерте кетсек, ХАМАС менен Израиль согушту токтотуу боюнча пландын биринчи фазасын аткарууга макул болушканын АКШ президенти Дональд Трамп менен Катардын Тышкы иштер министрлиги билдирген. Палестин кыймылы анын алкагында барымтадагылардын баарын бошотуп, Тель-Авив аскер күчүн белгиленген чекке чыгарып кетмек. Атышууну токтотуу боюнча 20 пунктудан турган планды АКШ сентябрда сунуштаган.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Тажикстандагы иш сапарынын алкагында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Жапаров Шериктештик мамлекеттериндеги социалдык-экономикалык абалдын чыңдалышы чөлкөмдүн инвестициялык жагымдуулугу жогорулаганын көрсөтүп турарын белгилеген. "Мындай жыйынтык интеграциялык механизмдердин жана сооданын жөнөкөйлөтүлгөн режимдеринин натыйжалуулугун көрсөтүп, жалпы экономикалык мейкиндикти түзүүгө ырааттуу жылышты тастыктайт", — деди мамлекет башчы тар курамдагы жыйында. Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери кеңейтилген курамдагы жыйынга катышып, анын жыйынтыгында коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика жана гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү координацияны күчөтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюлду.Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөк алмаштыруу боюнча дагы бир операция ийгиликтүү аткарылды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, реципиент — 33 жашта, ал 1 жыл 9 ай бою өнөкөт бөйрөк оорусунун акыркы стадиясына байланыштуу гемодиализ алып келген. Донор — анын 44 жаштагы өз агасы. Операция ийгиликтүү өтүп, бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, донордун да, реципиенттин да абалы канааттандырарлык, ал эми көчүрүлгөн бөйрөктүн функциясы калыбына келген. Жалпысынан 2018-жылдан бери аталган борбордо 76 бөйрөк трансплантациясы жүргүзүлүп, алардын ичинен 2024-жылдан тарта 35 операция бюджеттик негизде акысыз жасалды. Саламаттык сактоо министрлиги үчүн трансплантология программасын өнүктүрүү — артыкчылыктуу багыттардын бири. Мамлекеттик колдоонун жана дарыгерлердин кесипкөйлүгүнүн аркасында, учурда Кыргызстанда жогорку технологиялуу операциялар ийгиликтүү жүргүзүлүп, жарандар чет өлкөгө чыгууга муктаж болбостон, өз мекенинде эле өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк алууда.Бүгүн жергиликтүү саат менен 12:00дөн тарта Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу макулдашуусу күчүнө кирди. Бул тууралуу Израилдин Коргоо армиясынын маалымат кызматы билдиргенин РИА Новости жазды. Билдирүүгө караганда, саат 12:00дөн баштап ЦАХАЛ аскерлери ок атышууну токтотуу келишимин аткаруу үчүн барымтадагыларды кайтарууга даярдык көрүү максатында жаңы линияларга жайгашып, белгиленген позицияларды ээлей баштаган. Эскерте кетсек, ХАМАС менен Израиль согушту токтотуу боюнча пландын биринчи фазасын аткарууга макул болушканын АКШ президенти Дональд Трамп менен Катардын Тышкы иштер министрлиги билдирген. Палестин кыймылы анын алкагында барымтадагылардын баарын бошотуп, Тель-Авив аскер күчүн белгиленген чекке чыгарып кетмек. Атышууну токтотуу боюнча 20 пунктудан турган планды АКШ сентябрда сунуштаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0a/1097086020_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a9f30cd3ae16b67d64485aaf35529532.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио