https://sputnik.kg/20251010/1097078165.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева өлкөдө жалпы 4 миллион 280 миң шайлоочу бар экенин билдирди.Кыргызстандагы шайлоо системасы башка... 10.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-10T15:00+0600
2025-10-10T15:00+0600
2025-10-10T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0a/1097077999_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8f44286cbea44f20db4b9a7b8954ae8a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева өлкөдө жалпы 4 миллион 280 миң шайлоочу бар экенин билдирди.Кыргызстандагы шайлоо системасы башка өлкөлөргө үлгү боло турган деңгээлде.Анын айтымында, өлкөдөгү системага сырттан кызыгуу абдан көп. "Бул шайлоого сырттан миңге жакын байкоочу келери күтүлүүдө. Мурдагы шайлоолордо деле бизге абдан көп байкоочулар келген. Себеби биздин шайлоо системабыз баарына кызык, өзүбүзгө алсак дегендер бар. Айрым коңшу өлкөлөр келип үйрөнүп кетип жатышат. Анткени биздеги шайлоо системасы үлгү боло турган деңгээлде, бир дагы добушту нары же бери кетирбеген ачык система. Аны чет элден келген байкоочулар көрүп жатышат. Ошон үчүн сырттан кызыгуу абдан көп", — деди Жумалиева. Ошондой эле ал бу жолу шайлоого катышкандардын саны көп болорун, себеби ички жана тышкы миграцияда жүргөндөргө добуш берүүгө жакшы шарт түзүлгөнүн кошумчалады.
Эмгек министрлиги 2 миллион сомго чейинки "Бала береке" жөлөк пулун кимдер кантип аларын түшүндүрдү Эске салсак, кийинки жылдын 1-январынан баштап тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарда кеминде эки жыл туруктуу жашаган энелерге төртүнчү баласын төрөгөндөн баштап мамлекет ири суммада жөлөк пул бере баштайт.акча бала бир жашка толгондо берилет. Аны алуу үчүн арызды бала бирге чыккандан кийин алты айдын ичинде берүү керек; чарчап калган баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо, ал да эсепке алынат. Тагыраагы, аял төрттү төрөп, ага чейинки балдарынын бири каза болуп, бирок документи болсо акча төлөнөт; эгер бөбөктүн апасы бала бир жашка чыкканга чейин каза болуп калса, наристе бир жашка толгондо тийиштүү өлчөмдөгү мамлекеттик балдар аманаты ачылат.
ЕАЭБде балдарга арналган товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө каршы чара катары каралып жаткан санариптик инструменттер жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов айтып берди. Ал санариптик маркалоо ЕАЭБ өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, мамлекеттерде товарларды маркалоо масштабы ар кандай болушу мүмкүн, бирок иш жүрүп жатат, товардын конкреттүү бирдигинин мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө көз салууга мүмкүнчүлүк бар. Продукцияны ташууда "электрондук документтер" деп аталган дагы бир курал бар. Бул санариптик экосистеманы түзүү менен бирге товарларды жүгүртүүдө ачыктыкты камсыздайт. Анын айтымында, ушул жылдын июль айында ЕЭК коллегиясы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө бажы декларациясындагы 31-графанын толтурулушун текшерүү боюнча кошумча чараларды көрүүнү сунуштаган. Кеп импорттолуучу кийим-кече жана бут кийимдердин толук сүрөттөлүшү жөнүндө болуп жатат.
Владимир Зеленскийдин Дональд Трампты Нобель сыйлыгына талапкер катары көрсөтүү үчүн "Томагавк" ракеталарын сурашы — аша чапкандык. Бул тууралуу Франциянын "Патриоты" партиясынын лидери Флориан Филиппо соцтармакка жазганын РИА Новости кабарлады.Саясатчы жаңжалга от койгон лидерлерди колдоону токтотуп, Украинага "кесепеттүү" курал-жарак жөнөтүүнү бөгөттөөгө чакырган. "Зеленский Нобель сыйлыгы үчүн ат салышууда Трампты Украинага "Томагавк" ракеталарын берсе гана колдой турганын жар салды! Зеленский менен акылынан айныган аскер адамдарын колдоону токтотолу", — деп жазды Филиппо.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева өлкөдө жалпы 4 миллион 280 миң шайлоочу бар экенин билдирди.Кыргызстандагы шайлоо системасы башка өлкөлөргө үлгү боло турган деңгээлде.Анын айтымында, өлкөдөгү системага сырттан кызыгуу абдан көп. "Бул шайлоого сырттан миңге жакын байкоочу келери күтүлүүдө. Мурдагы шайлоолордо деле бизге абдан көп байкоочулар келген. Себеби биздин шайлоо системабыз баарына кызык, өзүбүзгө алсак дегендер бар. Айрым коңшу өлкөлөр келип үйрөнүп кетип жатышат. Анткени биздеги шайлоо системасы үлгү боло турган деңгээлде, бир дагы добушту нары же бери кетирбеген ачык система. Аны чет элден келген байкоочулар көрүп жатышат. Ошон үчүн сырттан кызыгуу абдан көп", — деди Жумалиева. Ошондой эле ал бу жолу шайлоого катышкандардын саны көп болорун, себеби ички жана тышкы миграцияда жүргөндөргө добуш берүүгө жакшы шарт түзүлгөнүн кошумчалады.Эмгек министрлиги 2 миллион сомго чейинки "Бала береке" жөлөк пулун кимдер кантип аларын түшүндүрдү Эске салсак, кийинки жылдын 1-январынан баштап тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарда кеминде эки жыл туруктуу жашаган энелерге төртүнчү баласын төрөгөндөн баштап мамлекет ири суммада жөлөк пул бере баштайт.акча бала бир жашка толгондо берилет. Аны алуу үчүн арызды бала бирге чыккандан кийин алты айдын ичинде берүү керек; чарчап калган баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо, ал да эсепке алынат. Тагыраагы, аял төрттү төрөп, ага чейинки балдарынын бири каза болуп, бирок документи болсо акча төлөнөт; эгер бөбөктүн апасы бала бир жашка чыкканга чейин каза болуп калса, наристе бир жашка толгондо тийиштүү өлчөмдөгү мамлекеттик балдар аманаты ачылат.ЕАЭБде балдарга арналган товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө каршы чара катары каралып жаткан санариптик инструменттер жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов айтып берди. Ал санариптик маркалоо ЕАЭБ өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, мамлекеттерде товарларды маркалоо масштабы ар кандай болушу мүмкүн, бирок иш жүрүп жатат, товардын конкреттүү бирдигинин мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө көз салууга мүмкүнчүлүк бар. Продукцияны ташууда "электрондук документтер" деп аталган дагы бир курал бар. Бул санариптик экосистеманы түзүү менен бирге товарларды жүгүртүүдө ачыктыкты камсыздайт. Анын айтымында, ушул жылдын июль айында ЕЭК коллегиясы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө бажы декларациясындагы 31-графанын толтурулушун текшерүү боюнча кошумча чараларды көрүүнү сунуштаган. Кеп импорттолуучу кийим-кече жана бут кийимдердин толук сүрөттөлүшү жөнүндө болуп жатат.Владимир Зеленскийдин Дональд Трампты Нобель сыйлыгына талапкер катары көрсөтүү үчүн "Томагавк" ракеталарын сурашы — аша чапкандык. Бул тууралуу Франциянын "Патриоты" партиясынын лидери Флориан Филиппо соцтармакка жазганын РИА Новости кабарлады.Саясатчы жаңжалга от койгон лидерлерди колдоону токтотуп, Украинага "кесепеттүү" курал-жарак жөнөтүүнү бөгөттөөгө чакырган. "Зеленский Нобель сыйлыгы үчүн ат салышууда Трампты Украинага "Томагавк" ракеталарын берсе гана колдой турганын жар салды! Зеленский менен акылынан айныган аскер адамдарын колдоону токтотолу", — деп жазды Филиппо.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0a/1097077999_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7c8dc1e46e855f0118973e8007904591.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио