00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
13:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Геополитика и ценности: почему западные нарративы в Евразии приводят к росту национализма — беседа с экспертом из Минска
14:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Почему кузнице кадров для президента разрешили работать по своим правилам
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как изменилась роль местных властей за 35 лет независимости Кыргызстана
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Вермахтын аскерлери “II фронт деп корккон партизандар”: Дүйнөлүк II согуштагы каршылык көрсөтүү кыймылдары
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
«КАСКО Эконом»: сколько стоит защитить машину от ДТП в 2026 году
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Душанбе шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын жыйынына катышты. Министрлик тараткан маалыматта ведомство башчылары актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, КМШнын алкагындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашканы айтылат.Мындан тышкары, аймактык коопсуздукту камсыз кылууда тышкы саясат ведомстволорунун кызматташуусуна, эл аралык жана аймактык уюмдар менен иш алып барууну кеңейтүүгө да көңүл бурулган. Кийинки жолугушуу 2026-жылдын 17-апрелинде Калининградда өтмөкчү.
Бишкектин Көк-Жар конушунда Чек ара кызматынын штаб-квартирасы курула баштады. Анын пайдубалына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев капсула салды.Заманбап имарат төрт кабаттан туруп, тик учак коно турган аянтчасы да болот. Ташиев Чек ара кызматы азыр кайсы бир окуу жайдын мурдагы жатаканасында иштеп келгенин, жаңы имарат 2 жылдын ичинде салынып бүтөрүн билдирди. "Чек ара кызматынын өзүнүн имараты болгон эмес. Буга чейин Чек ара кызматына 250дөн ашык имарат курдук. Анын ичинде заставасы, пост, бала бакчасы бар. Эми штаб-квартираны салып алсак, бул кызмат толук камсыз болот", — деди УКМК төрагасы ЭлТР телеканалына.Курулушту 2027-жылдын ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.
2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаева боюнча кылмыштын бети ачылганын мурунку башкы прокурор Аида Салянова соцтармакта билдирди. "Убагында мени каралоо максатында жаш кыздын өлүмүн саясатка аралаштырып, кылмыш ачылбай калган. Бул окуя Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө кандай тиешеси бар? Ушул баракчамдан бүгүн саат 20.30да түз эфирге чыгам", — деген ал. Салянова бирок кийинчерээк ИИМдин өтүнүчү менен маалымат бир-эки жумадан кийин берилерин айткан. Министрлик азырынча үн ката элек. 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева 2014-жылы Достук кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Бир жумадан кийин анын сөөгү Бишкектин четинен табылган. Кылмыш ишинде мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Калыбек Элтуйбасовдун аты аталган болчу.
Украинага "Томагавк" канаттуу ракеталарын берүү ыктымалдыгы боюнча маселе чечилип, АКШ Россия менен каршылашууга жетпейт деген үмүт бар. Бул тууралуу Пентагондун экс-кеңешчиси Дуглас Макгрегор Гленн Дизендин YouTube каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды."Томагавк" ракеталарын Украинага берүү идеясы чынында акылга сыйбайт. Бара-бара унутулуп, жок болуп кетет деп ишенем", — деген эксперт.Ал өз сөзүндө Вашингтон эмнеден улам Киевге мындай курал берүү оюнан кайтышы мүмкүн экенин да билдирген."Менимче, президент "Томагавк" укриналыктарга согуш талаасындагы абалды өзгөртө алган бир нерсе берүүгө далбас уруу экенин билет. Бирок бул ракеталар эч нерсе өзгөртө албайт, кырдаалды курчутуп, Россия менен биз каалабаган тирешүүгө кептеши мүмкүн. Ал муну түшүндү окшойт", — деген серепчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0