https://sputnik.kg/20251003/g7-ukrainany-rossiyalyk-aktivderdin-esebinen-karzhylady-1096916471.html
G7 өлкөлөрү Украинаны россиялык активдердин эсебинен каржылады
G7 өлкөлөрү Украинаны россиялык активдердин эсебинен каржылады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. "Чоң жетиликтин" өлкөлөрү 2025-жылы Украинаны Россиянын тоңдурулган активинен түшкөн кирешенин эсебинен 25,5 миллион долларга... 03.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-03T10:16+0600
2025-10-03T10:16+0600
2025-10-03T10:16+0600
дүйнөдө
россия
батыш
евробиримдик
украина
актив
каражат
акча
жардам
насыя
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/03/1096916631_0:160:3074:1889_1920x0_80_0_0_61ca8b9378e484f436f11b4854e2bbc1.jpg
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. "Чоң жетиликтин" өлкөлөрү 2025-жылы Украинаны Россиянын тоңдурулган активинен түшкөн кирешенин эсебинен 25,5 миллион долларга каржылаган. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын Финансы министрлиги менен Еврокомиссиянын маалыматына таянып жазды. Былтыр G7 мамлекеттери Киевге россиялык активдин кирешесинен 50 миллиард долларлык насыя берүүнү колдогон. 1-октябрга карата бул схема менен Украинага 26,5 миллиард доллар бөлүнгөнү айтылды. Биринчи болуп Киевге АКШ 1 миллиард өлчөмүндө каражат берген, андан бери акча бөлүнгөнү тууралуу маалымат болгон эмес. Схеманын калган катышуучулары каражатты быйылтан тарта бөлө баштады. Баарынан көп — 15,8 миллиард долларды Европа биримдиги жөнөткөн. Канада — 3,4 миллиард, Япония — 3,3 миллиард, Британия 3 миллиард доллар бөлгөн. Насыялык схема менен каржылоо Украинанын бюджетин колдоо үчүн Батыш бөлгөн акчанын төрттөн үч бөлүгүн түзөт. Мындан тышкары, ЕБ (7,33 миллард), Япония (191 миллион), ЭВФ (912 миллион) жана Дүйнөлүк банк (74 миллион) кошумча акча берген. Россиянын тоңдурулган активдери Атайын аскердик операция башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Россиянын Борбордук банкына санкция киргизип, өздөрүндө сакталган резервди тоңдуруп салышкан. Каражаттын так көлөмү белгисиз. 2022-жылдын башына карата Россиянын Борбордук банкы 630,6 миллиард доллардын жарымы резервдик валютада кармалып келгенин маалымадаган. Активдин негизги бөлүгү Бельгиянын дүйнөдөгү эң ири Euroclear эсептик-клиринг системасынын эсебинде сакталуу. Жарым жылдын жыйынтыгы менен ал жакта 228 миллиард доллар бар экени белгилүү болгон. Буга жооп иретинде Москва кастарын тиккен өлкөлөрдүн инвесторлоруна Россиядан активдерин чыгарууга тыюу салган. Алардан түшкөн киреше "С" тибиндеги атайын эсепте сакталып турат, каражат өкмөттүк комиссиянын чечими менен гана чыгарылат. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен сентябрда Киевге россиялык тоңдурулган активдердин эсебинен жаңы насыя берүүнү сунуштаган. Анын айтымында, Украина бул каражатты Россия репарация төлөгөндөн кийин кайтарып бермекчи. Анткен менен бул боюнча Евробиримдикте бир пикир жок. РФ ТИМи россиялык активдердин тоңдурулушун уурулук деп атап, ЕБ жеке тараптардын эле эмес, Россиянын мамлекеттик активине да көз артып жатканын белгилеген. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва каражаттын тоңдурулушуна жооп берерин билдирген. Анын айтымында, Москва дагы Россияда сакталып турган Батыш мамлекеттеринин акчасын кайтарбай кое алат.
https://sputnik.kg/20251002/yevropanyn-ukrainadagy-chatakty-kuchotuu-maksaty-1096911740.html
батыш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/03/1096916631_172:0:2903:2048_1920x0_80_0_0_5e1f4395db9d05918bcfcec4a61a6b3a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, батыш, евробиримдик, украина, актив, каражат, акча, жардам, насыя
дүйнөдө, россия, батыш, евробиримдик, украина, актив, каражат, акча, жардам, насыя
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. "Чоң жетиликтин" өлкөлөрү 2025-жылы Украинаны Россиянын тоңдурулган активинен түшкөн кирешенин эсебинен 25,5 миллион долларга каржылаган. Бул тууралуу
РИА Новости Украинанын Финансы министрлиги менен Еврокомиссиянын маалыматына таянып жазды.
Былтыр G7 мамлекеттери Киевге россиялык активдин кирешесинен 50 миллиард долларлык насыя берүүнү колдогон. 1-октябрга карата бул схема менен Украинага 26,5 миллиард доллар бөлүнгөнү айтылды.
Биринчи болуп Киевге АКШ 1 миллиард өлчөмүндө каражат берген, андан бери акча бөлүнгөнү тууралуу маалымат болгон эмес.
Схеманын калган катышуучулары каражатты быйылтан тарта бөлө баштады. Баарынан көп — 15,8 миллиард долларды Европа биримдиги жөнөткөн. Канада — 3,4 миллиард, Япония — 3,3 миллиард, Британия 3 миллиард доллар бөлгөн.
Насыялык схема менен каржылоо Украинанын бюджетин колдоо үчүн Батыш бөлгөн акчанын төрттөн үч бөлүгүн түзөт. Мындан тышкары, ЕБ (7,33 миллард), Япония (191 миллион), ЭВФ (912 миллион) жана Дүйнөлүк банк (74 миллион) кошумча акча берген.
Россиянын тоңдурулган активдери
Атайын аскердик операция башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Россиянын Борбордук банкына санкция киргизип, өздөрүндө сакталган резервди тоңдуруп салышкан. Каражаттын так көлөмү белгисиз. 2022-жылдын башына карата Россиянын Борбордук банкы 630,6 миллиард доллардын жарымы резервдик валютада кармалып келгенин маалымадаган.
Активдин негизги бөлүгү Бельгиянын дүйнөдөгү эң ири Euroclear эсептик-клиринг системасынын эсебинде сакталуу. Жарым жылдын жыйынтыгы менен ал жакта 228 миллиард доллар бар экени белгилүү болгон.
Буга жооп иретинде Москва кастарын тиккен өлкөлөрдүн инвесторлоруна Россиядан активдерин чыгарууга тыюу салган. Алардан түшкөн киреше "С" тибиндеги атайын эсепте сакталып турат, каражат өкмөттүк комиссиянын чечими менен гана чыгарылат.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен сентябрда Киевге россиялык тоңдурулган активдердин эсебинен жаңы насыя берүүнү сунуштаган. Анын айтымында, Украина бул каражатты Россия репарация төлөгөндөн кийин кайтарып бермекчи. Анткен менен бул боюнча Евробиримдикте бир пикир жок.
РФ ТИМи россиялык активдердин тоңдурулушун уурулук деп атап, ЕБ жеке тараптардын эле эмес, Россиянын мамлекеттик активине да көз артып жатканын белгилеген.
Тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва каражаттын тоңдурулушуна жооп берерин билдирген. Анын айтымында, Москва дагы Россияда сакталып турган Батыш мамлекеттеринин акчасын кайтарбай кое алат.