https://sputnik.kg/20250925/1096739263.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мугалим жетишсиздиги көйгөйү Кыргызстанга гана эмес, коңшу өлкөлөр үчүн дагы актуалдуу. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаев билдирди. Анын... 25.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-25T08:59+0600
2025-09-25T08:59+0600
2025-09-25T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/19/1096739097_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c14580a275aefb672077b6b9dbfb0abc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мугалим жетишсиздиги көйгөйү Кыргызстанга гана эмес, коңшу өлкөлөр үчүн дагы актуалдуу. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаев билдирди. Анын айтымында, ички жана тышкы миграциянын жогору болгондугунан улам кадрлардын жетишсиздиги Бишкекте өзгөчө курч сезилип, өзгөчө табигый так илимдер - физика, химия жана биология боюнча мугалимдер жетишсиз болууда. Министр маселени чечүү жолдорунун бири педагогикалык ЖОЖдордун жогорку курстарынын студенттерин тартуу экенин айтып, мындан тышкары Кыргызстан Россия менен кызматташып, бул өлкөдөн 140ка жакын педагогду тартууга даярданып жатканын билдирди. "Дүйнөлүк практикага ылайык, 3-4-курстун студенттери бир эле учурда окуусун улантып, адистиги боюнча иштей алышат. Жакында эле Бишкек шаарынын мэриясы 5 педагогикалык ЖОЖ менен келишимге кол койду, анын алкагында студенттер мектептерде штаттык негизде иштей алышат", - деди.Ошондой эле ал Бишкек мэриясынын демилгеси менен кадрларды максаттуу даярдоо системасы башталарын кошумчалады.
Камчыбек Ташиев жети балалуу жалгыз бой эне Гүлнур Саламатовага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, жолдошунун ичкенинен улам ажырашып кеткен келин балдары менен кризистик борбордо жашап келген. Ал колундагы 10 айлык баласы менен ишке орношууга, батир ижаралоого мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып Камчыбек Ташиевге кайрылган."Генерал-полковник анын үй-бүлөлүк абалын эске алып, колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир белекке берди", — деп айтылат маалыматта. Үйлүү болгон келин УКМК төрагасына ыраазычылык билдирген.
10 жылдан ашык эл аралык издөөгө алынып, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелген жаран Грузиядан кармалып, өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматта шектүүнү экстрадициялоо эл аралык келишимдердин негизинде жана Грузиянын ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташуунун алкагында ишке ашканы белгиленген. "Шектүү 10 жылдан ашык эл аралык издөөдө жүргөн. Ал оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, анын ичинде далилдерди бурмалоого жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталууда", — деп айтылган маалыматта. Шектүүнү алып келүүдө Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иштешкен.
Россия президенти Украинада тынчтык орнотуу жолдорун издөөгө ачык. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды. Ал Россиянын Украинадагы кырдаал боюнча позициясын америка тарапка тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушканда жеткирерин белгиледи. Билдирүүнүн негизги учурлары: Москва Вашингтон менен кызматташууну жакшыртууга ачык; Россия менен АКШнын алакасын жөнгө салуу процесси ойлогондой тез жүрбөй жатат; Украина аймактарды кайтара алмак деген кеп суу кечпейт, фронттогу динамика баарына далил; Украинадагы абал 2022-жылдагыдан кыйла татаал, Киевдин позициясы ушу тапта бир топ начарлады.
Мугалим жетишсиздиги көйгөйү Кыргызстанга гана эмес, коңшу өлкөлөр үчүн дагы актуалдуу. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаев билдирди. Анын айтымында, ички жана тышкы миграциянын жогору болгондугунан улам кадрлардын жетишсиздиги Бишкекте өзгөчө курч сезилип, өзгөчө табигый так илимдер - физика, химия жана биология боюнча мугалимдер жетишсиз болууда. Министр маселени чечүү жолдорунун бири педагогикалык ЖОЖдордун жогорку курстарынын студенттерин тартуу экенин айтып, мындан тышкары Кыргызстан Россия менен кызматташып, бул өлкөдөн 140ка жакын педагогду тартууга даярданып жатканын билдирди. "Дүйнөлүк практикага ылайык, 3-4-курстун студенттери бир эле учурда окуусун улантып, адистиги боюнча иштей алышат. Жакында эле Бишкек шаарынын мэриясы 5 педагогикалык ЖОЖ менен келишимге кол койду, анын алкагында студенттер мектептерде штаттык негизде иштей алышат", - деди.Ошондой эле ал Бишкек мэриясынын демилгеси менен кадрларды максаттуу даярдоо системасы башталарын кошумчалады.Камчыбек Ташиев жети балалуу жалгыз бой эне Гүлнур Саламатовага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, жолдошунун ичкенинен улам ажырашып кеткен келин балдары менен кризистик борбордо жашап келген. Ал колундагы 10 айлык баласы менен ишке орношууга, батир ижаралоого мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып Камчыбек Ташиевге кайрылган."Генерал-полковник анын үй-бүлөлүк абалын эске алып, колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир белекке берди", — деп айтылат маалыматта. Үйлүү болгон келин УКМК төрагасына ыраазычылык билдирген.10 жылдан ашык эл аралык издөөгө алынып, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелген жаран Грузиядан кармалып, өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматта шектүүнү экстрадициялоо эл аралык келишимдердин негизинде жана Грузиянын ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташуунун алкагында ишке ашканы белгиленген. "Шектүү 10 жылдан ашык эл аралык издөөдө жүргөн. Ал оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, анын ичинде далилдерди бурмалоого жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталууда", — деп айтылган маалыматта. Шектүүнү алып келүүдө Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иштешкен. Россия президенти Украинада тынчтык орнотуу жолдорун издөөгө ачык. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды. Ал Россиянын Украинадагы кырдаал боюнча позициясын америка тарапка тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушканда жеткирерин белгиледи. Билдирүүнүн негизги учурлары: Москва Вашингтон менен кызматташууну жакшыртууга ачык; Россия менен АКШнын алакасын жөнгө салуу процесси ойлогондой тез жүрбөй жатат; Украина аймактарды кайтара алмак деген кеп суу кечпейт, фронттогу динамика баарына далил; Украинадагы абал 2022-жылдагыдан кыйла татаал, Киевдин позициясы ушу тапта бир топ начарлады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/19/1096739097_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ba3cda39bfd10ad8e2b23616beaf371e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио