https://sputnik.kg/20250903/1096293764.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты... 03.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-03T19:00+0600
2025-09-03T19:00+0600
2025-09-03T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/03/1096293598_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_16acac7488fbc71e3224eb3596befc06.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Билдирүүгө караганда, Дүйнөлүк банк "Регионалдык экономикалык өнүгүү" долбоорунун алкагында реконструкция иштерине жалпы 12 миллион доллар бөлгөн."Учурда долбоордун илимий концепциясын жана долбоордук-сметалык документтерин даярдоо иштери акыркы баскычка жетти. Анын негизинде Сулайман-Тоонун бир катар тарыхый жана маданий жайлары жаңыланат", — деп айтылат маалыматта.Бул долбоор эл аралык макамга ээ болгондуктан 2020-жылы Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификациядан өткөрүлүп, 2021-жылдан тарта активдүү ишке ашырылып келе жатат.Сулайман-Тоо – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген өзгөчө коруктагы аймак болгондуктан реконструкция иштеринде тарыхый жана маданий мурастарды сактап калууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир архитектуралык жана курулуштук чечим эл аралык эксперттердин катышуусу жана макулдугу менен кабыл алынып жатканы кабарланды.
Бардык славян университеттери аналитикалык ишмердүүлүккө жакшы көңүл буруп, активдүү катышып, иш-чараларды уюштурушат. Бул тууралуу Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин россиялык-улуттук университеттер боюнча атайын өкүлү Николай Кудрявцев билдирди. Ал Sputnik маалымат борборундагы "Евразиялык интеллектуалдык технологиялар аналитика тармагында" аттуу видео көпүрөдө сүйлөдү. Кудрявцевдин айтымында, Кыргызстанда россиялыктардын катышуусунда төрт жогорку окуу жайы иштейт.КРСУнун экономика факультетинин деканынын милдетин аткаруучу, "Ысык-Көл – Чоң Евразия" эл аралык жаштар аналитикалык клубунун директору Айнура Кочербаева Евразиялык аналитикалык форум жана Эл аралык жаштар аналитикалык конгресси жөн гана талкуу аянтчалары эмес, практикага багытталган билим берүү моделинин маанилүү бөлүгү болуп калганын белгиледи.Евразиялык аналитикалык форум 9-12-сентябрда Бишкек шаарында өтөт.
Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Марс Исаев УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралууу атайын кызматтан кабарлашты. Маалыматка караганда, 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын биринчи вице-мэри И.М.А. 55 гектардан ашык айыл чарба жерин өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу боюнча токтомдорго кол койгон. Анын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктик "К.Т." ЖЧКсынын пайдасына менчикти тастыктаган документ берген. Ош шаардык сотунун чечими менен Исаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда мындан башка да менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо иштери уланып жатканы кошумчаланды.
Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Билдирүүгө караганда, Дүйнөлүк банк "Регионалдык экономикалык өнүгүү" долбоорунун алкагында реконструкция иштерине жалпы 12 миллион доллар бөлгөн."Учурда долбоордун илимий концепциясын жана долбоордук-сметалык документтерин даярдоо иштери акыркы баскычка жетти. Анын негизинде Сулайман-Тоонун бир катар тарыхый жана маданий жайлары жаңыланат", — деп айтылат маалыматта.Бул долбоор эл аралык макамга ээ болгондуктан 2020-жылы Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификациядан өткөрүлүп, 2021-жылдан тарта активдүү ишке ашырылып келе жатат.Сулайман-Тоо – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген өзгөчө коруктагы аймак болгондуктан реконструкция иштеринде тарыхый жана маданий мурастарды сактап калууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир архитектуралык жана курулуштук чечим эл аралык эксперттердин катышуусу жана макулдугу менен кабыл алынып жатканы кабарланды.Бардык славян университеттери аналитикалык ишмердүүлүккө жакшы көңүл буруп, активдүү катышып, иш-чараларды уюштурушат. Бул тууралуу Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин россиялык-улуттук университеттер боюнча атайын өкүлү Николай Кудрявцев билдирди. Ал Sputnik маалымат борборундагы "Евразиялык интеллектуалдык технологиялар аналитика тармагында" аттуу видео көпүрөдө сүйлөдү. Кудрявцевдин айтымында, Кыргызстанда россиялыктардын катышуусунда төрт жогорку окуу жайы иштейт.КРСУнун экономика факультетинин деканынын милдетин аткаруучу, "Ысык-Көл – Чоң Евразия" эл аралык жаштар аналитикалык клубунун директору Айнура Кочербаева Евразиялык аналитикалык форум жана Эл аралык жаштар аналитикалык конгресси жөн гана талкуу аянтчалары эмес, практикага багытталган билим берүү моделинин маанилүү бөлүгү болуп калганын белгиледи.Евразиялык аналитикалык форум 9-12-сентябрда Бишкек шаарында өтөт.Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Марс Исаев УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралууу атайын кызматтан кабарлашты. Маалыматка караганда, 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын биринчи вице-мэри И.М.А. 55 гектардан ашык айыл чарба жерин өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу боюнча токтомдорго кол койгон. Анын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктик "К.Т." ЖЧКсынын пайдасына менчикти тастыктаган документ берген. Ош шаардык сотунун чечими менен Исаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда мындан башка да менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо иштери уланып жатканы кошумчаланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/03/1096293598_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8ab01e8ec21f0abc75653263af77c590.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:00 03.09.2025 (Жаңыртылды: 19:16 03.09.2025) Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Билдирүүгө караганда, Дүйнөлүк банк "Регионалдык экономикалык өнүгүү" долбоорунун алкагында реконструкция иштерине жалпы 12 миллион доллар бөлгөн."Учурда долбоордун илимий концепциясын жана долбоордук-сметалык документтерин даярдоо иштери акыркы баскычка жетти. Анын негизинде Сулайман-Тоонун бир катар тарыхый жана маданий жайлары жаңыланат", — деп айтылат маалыматта.Бул долбоор эл аралык макамга ээ болгондуктан 2020-жылы Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификациядан өткөрүлүп, 2021-жылдан тарта активдүү ишке ашырылып келе жатат.Сулайман-Тоо – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген өзгөчө коруктагы аймак болгондуктан реконструкция иштеринде тарыхый жана маданий мурастарды сактап калууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир архитектуралык жана курулуштук чечим эл аралык эксперттердин катышуусу жана макулдугу менен кабыл алынып жатканы кабарланды.