https://sputnik.kg/20250903/1096281579.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Эртең, 4-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 16-жыйыны... 03.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-03T15:00+0600
2025-09-03T15:00+0600
2025-09-03T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/03/1096281409_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0760325a9d3b272889b0e651de7da357.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Эртең, 4-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 16-жыйыны өтөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Координациялык кеңештин аянтчасына Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын өзгөзө кырдаалдар боюнча тиешелүү министрликтеринин башчылары, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков катышат. Жыйынды Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев алып барат. Күн тартибинде өзгөчө кырдаалдар жаатында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, 2026-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планы жана ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө куткаруучу бөлүмдөрдүн аракетке даярдыгын жогорулатуу каралмакчы. Жолугушуунун жыйынтыгында протоколдорго кол коюлары кошумчаланды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жайыт жерге коммерциялык объектилерди куруп алган деген шек менен "Кара-Булак" эко-резорт эс алуу жайынын ээси кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Э.Ш.Ж аттуу жаран Аламүдүн районунун Арашан айылындагы 6,1 гектар болгон жайыт жерди мыйзамсыз ээлеп алган. Ал жакка 15 конок үй, банкеттик залдары бар мончолор, ресторан, эки кабаттуу административдик имарат, банкеттик зал, кабиналар, беседкалар жана башка чарбалык курулуштар салынган. Андан тышкары, учурда үч кабаттуу имарат курулуп жаткан."Аталган объектилер архитектура жана экология органдарынан эч кандай долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтери алынбастан курулган. Жер тилкеси трансформацияланган эмес жана кадастрлык органдарда каттоого алынбаганы аныкталды. Бул аракет жер жана шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерин одоно бузуу болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө. Мындан улам 1-сентябрь күнү аталган эс алуу жайынын ээси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ошондой эле башка шериктерин жана мыйзамсыз ишке тиешеси болгон кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө уланып жатканы кошумчаланды.
Россия жана Түндүк Кореянын лидерлери Владимир Путин менен Ким Чен Ын Кытайда жолукту. РИА Новости диалог жылуу маанайда өткөнүн, РФ лидери эки тараптуу алака өзгөчө экендигинин белгилегенин жазды. "Биздин мамлекеттер нацизм, фашизм жана милитаризмге каршы күрөшкө бирге катышты. Сиздердин Куралдуу күчтөр жана аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсү тарткан жоготууну эч качан унутпайбыз. Россия элинин атынан бул азыркы неонацизмге каршы биргелешкен күрөшкө кошкон салымыңыздар үчүн сиздерге ыраазылык билдиргим келет", — деген Путин.Россия президенти түндүк кореялык жоокерлердин Курскини бошотуу операциясына катышкандыгын эске салды. Ал Ким Чен Ынга Түндүк Кореянын жалпы элине жылуу сөзүн, ыраазылыгын айтып коюуну өтүнгөн. Путин кесиптеши менен көзмө-көз сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү жаралгандыгына канааттанганын айткан. Ким Чен Ын россиялыктарды "боордош эл" деп атап, Россия көмөктөшүүнү сураса сөзсүз жардам кыларын, Корей армиясынын Курскини бошотуудагы иштерин Путиндин жогору баалаганына да ырахматын айткан.Ал Москва — Пхеньян алакасы 2024-жылдын июнунда кол коюлган мамлекет аралык келишимден кийин ар кыл багытта өнүгө баштагандыгын белгилеген.
Эртең, 4-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 16-жыйыны өтөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Координациялык кеңештин аянтчасына Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын өзгөзө кырдаалдар боюнча тиешелүү министрликтеринин башчылары, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков катышат. Жыйынды Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев алып барат. Күн тартибинде өзгөчө кырдаалдар жаатында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, 2026-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планы жана ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө куткаруучу бөлүмдөрдүн аракетке даярдыгын жогорулатуу каралмакчы. Жолугушуунун жыйынтыгында протоколдорго кол коюлары кошумчаланды.Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жайыт жерге коммерциялык объектилерди куруп алган деген шек менен "Кара-Булак" эко-резорт эс алуу жайынын ээси кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Э.Ш.Ж аттуу жаран Аламүдүн районунун Арашан айылындагы 6,1 гектар болгон жайыт жерди мыйзамсыз ээлеп алган. Ал жакка 15 конок үй, банкеттик залдары бар мончолор, ресторан, эки кабаттуу административдик имарат, банкеттик зал, кабиналар, беседкалар жана башка чарбалык курулуштар салынган. Андан тышкары, учурда үч кабаттуу имарат курулуп жаткан."Аталган объектилер архитектура жана экология органдарынан эч кандай долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтери алынбастан курулган. Жер тилкеси трансформацияланган эмес жана кадастрлык органдарда каттоого алынбаганы аныкталды. Бул аракет жер жана шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерин одоно бузуу болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө. Мындан улам 1-сентябрь күнү аталган эс алуу жайынын ээси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ошондой эле башка шериктерин жана мыйзамсыз ишке тиешеси болгон кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө уланып жатканы кошумчаланды.Россия жана Түндүк Кореянын лидерлери Владимир Путин менен Ким Чен Ын Кытайда жолукту. РИА Новости диалог жылуу маанайда өткөнүн, РФ лидери эки тараптуу алака өзгөчө экендигинин белгилегенин жазды. "Биздин мамлекеттер нацизм, фашизм жана милитаризмге каршы күрөшкө бирге катышты. Сиздердин Куралдуу күчтөр жана аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсү тарткан жоготууну эч качан унутпайбыз. Россия элинин атынан бул азыркы неонацизмге каршы биргелешкен күрөшкө кошкон салымыңыздар үчүн сиздерге ыраазылык билдиргим келет", — деген Путин.Россия президенти түндүк кореялык жоокерлердин Курскини бошотуу операциясына катышкандыгын эске салды. Ал Ким Чен Ынга Түндүк Кореянын жалпы элине жылуу сөзүн, ыраазылыгын айтып коюуну өтүнгөн. Путин кесиптеши менен көзмө-көз сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү жаралгандыгына канааттанганын айткан. Ким Чен Ын россиялыктарды "боордош эл" деп атап, Россия көмөктөшүүнү сураса сөзсүз жардам кыларын, Корей армиясынын Курскини бошотуудагы иштерин Путиндин жогору баалаганына да ырахматын айткан.Ал Москва — Пхеньян алакасы 2024-жылдын июнунда кол коюлган мамлекет аралык келишимден кийин ар кыл багытта өнүгө баштагандыгын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/03/1096281409_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_50ac5ac7f2a17eba9bef1ef0ad31afd1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио