00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
15:57
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Буллинг в школах КР: 40% детей в опросе подтвердили наличие насилия в школах
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: “Биримдик кербени” маданий долбоору кандай ишке ашат?
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Тысячи квартир по стране: итоги года и планы ГИК на 2026-й
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Британия премьери: Лондон Москвага санкциялардын жаңы топтомун камдады

© Sputnik / Алекс МакнотонЛондондогу Вестминстер сарайынын фонунда Британиянын желеги. Архив
Лондондогу Вестминстер сарайынын фонунда Британиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Лондон Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү утурлай Москвага болгон кысымды күчөтүү үчүн Европа менен биргеликте Россияга каршы жаңы санкциялар топтомун даярдады. Бул тууралуу Улуу Британиянын премьери Кир Стармер билдиргенен РИА Новости жазды.
"Россияга болгон басымды, айрыкча экономикалык кысымды күчөтүп, жаңы санкцияларды киргизүүгө, зарыл болсо андан да кеңейтилген чараларды колдонууга даярбыз. Улуу Британия катаал санкциялар топтомун даярдап жатат", — деген Стармер.
Бул билдирүү РФ менен АКШ саммитинин алдында Европа жана АКШ лидерлеринин телефон сүйлөшүүсүнөн кийин жасалган.
Премьер-министр ошондой эле ок атышуу токтотулса "каалоочулар коалициясы" Украинага өз контингентин жайгаштыруу планын ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Немец канцлери Фридрих Мерц кечээ, шаршембиде, Аляскадагы сүйлөшүүлөрдүн алдында Украина көйгөйү боюнча Батыш карманган позицияны макулдашуу максатында онлайн-жолугушуу уюштурган. Ага катышуу үчүн Зеленский Берлинге барды. Адегенде Европа лидерлеринин видеоконференциясы болуп, ага Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, НАТОнун баш катчысы Марк Рютте катышты.
Андан соң Трамп, Европа лидерлери жана Зеленский катышкан онлайн-сүйлөшүү болду. Мындан тышкары, Киевге аскердик жана каржылык колдоо көрсөтүүнү координациялоо менен алектенген "каалоочулардын коалициясы" деп аталган онлайн-жыйын пландаштырылган.
РФ ТИМинин Маалымат жана басма сөз департаментинин директорунун орун басары Алексей Фадеев Европа менен Киевдин Украина боюнча жолугушуусу саясий жактан жана иш жүзүндө эч кандай мааниси жок аракет экенин билдирди. Европалыктар Вашингтон менен Москванын Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракетин колдойбуз дегени менен түпкүрүндө каршы чыгууда. Москванын пикиринде, Украинадагы жаңжалдын күчөшү айрым Европа мамлекеттеринин согушту каржылоого короткон каражатын актаган жалгыз мүмкүнчүлүк болуп саналат. Алар ушинтип эл алдында актангысы келет.
Өткөн ишембиде Кремль жана Ак үй Путин менен Трамптын жолугушуусун 15-августта Аляскада өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканын жарыялашкан. Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, тараптар Украинадагы абалды жөнгө салуунун узак мөөнөттүү жолдорун талкуулаганга көңүл бурушат.
АКШ президентинин чабарманы Стивен Уиткофф РФ лидери менен жолуккан учурунда Путин, Трамп жана Зеленскийдин үч тараптуу жолугушуусу тууралуу маселени да козгогон, бирок Москва сунушту жоопсуз калтырган эле.
Путин Зеленский менен жолугушу ыктымалдыгын айткан. Бирок ал үчүн тиешелүү шарттар түзүлүшү керектигин, ал эми сөз болгон шарт-жагдай жакында боло койбостугун белгилеген. Ал эми Киев бийлигинин башчысы аймактар боюнча маселеде артка чегинбестигин билдирген болчу.
Вашингтондогу Капитолийдин алдында АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2025
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Россияга каршы санкцияларды жеңилдетти. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0