00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Генплан Бишкека: что поддерживают строители и что их тревожит
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык документ боло алабы?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Красные и зелёные книги уходят? Юрист о том, что значит кадастровый план
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Алтын менен камсыздалган улуттук стейблкоин — артыкчылыктары жана келечеги
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Санарип кодексине кол койгонун маалымат кызматы кабарлады. Документ санарип мейкиндикте адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндигин коргоо, өлкөнүн санарип экономикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу укуктук шарт түзүү, ошондой эле өлкөнүн инвестицияга жагымдуулугун жакшыртуу максатында Жогорку Кеңеш тарабынан 18-июнда кабыл алынган. Кодексте төмөнкүлөр каралган: санарип чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун негиздери; мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу жоболор; субъектилердин өз ара мамиле кылуу тартиби; укуктук мамилелердин субъектилери жана объектилери тууралуу жоболор; укуктук мамилелердин пайда болушунун, өзгөрүшүнүн, токтотулушунун негиздери; телекоммуникациялык тейлөөлөр, санариптик технологиялык тутумдар тууралуу жоболор; жасалма интеллект тутумдары тууралуу жоболор ж.б. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Буга чейин өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги мындай кодекс КМШ айдыңында алгачкы болуп иштелип чыкканын билдирген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процессин жөнөкөйлөштүрүп онлайн-форматка өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Демилге ашыкча бюрократияны жоюу, жарандардын убактысын үнөмдөө максатын көздөйт. Касымалиев учурда күбөлүктү алмаштырууга кеминде төрт күн убакыт кетип жатканын, XXI кылымда мындайга жол берилбеши керектигин белгилеген. "Биз процессти толугу менен онлайн-форматка өткөрүшүбүз керек. Бардыгы "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлүшү зарыл. Жаңы реформа айдоочулук күбөлүктү алмаштырууну үйдөн чыкпастан 5-10 мүнөттүн ичинде бүтүрүүгө мүмкүндүк берет", — деген министрлер кабинетинин төрагасы. Белгилей кетсек, 2024-жылы 124 520 айдоочулук күбөлүк берилген болсо, анын 54 481и алмаштырылган. 2025-жылдын алты айында 85 816 күбөлүк берилип, анын 47 253 учуру алмаштырууга туура келген.
Быйыл республика боюнча дан эгиндерин жыйноо иштерине 1935 комбайндын ичинен 1618и тартылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпы даярдык 84 пайызды түзөт. Өнөктүк дээрлик бардык аймактарда жүрүп жатат. Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында комбайндарга болгон муктаждый жогору болгондуктан министрлик комбайндарды аймактарга бирдей бөлүштүрдү. Учурда Чүй облусуна Ысык-Көл жана Нарындан 100гө жакын комбайн тартылып, өнөктүк аяктоо баскычында турат. Өлкөнүн түштүк аймагында 400дөн ашык комбайн иштеп жатат, алардын 100гө жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарында тартылган. Жалпысынан бир комбайнга 260,1 гектар жумуш туура келүүдө.
Бийлик автоунаалардын катализаторун сыртка чыгарууга салынган тыюуну узартууну сунуш кылууда Чектөө 2021-жылы киргизилип, ар жарым жыл сайын узартылып келет. Мындай чара абанын булганышы менен күрөшүү үчүн көрүлөт. Катализаторлор зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн керек, бирок анда баалуу металлдар камтылгандыктан чечип алып, сатып жибергендер көп.
Жаңылыктар түрмөгү
0