ЧОЛПОН-АТА, 1-авг. — Sputnik. "Рух ордо" маданий борборунда "Рух санат" аттуу дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалы башталды. Бул туурасында ошол жерде жүргөн кабарчыбыз билдирди. Бул ири иш-чарага 37 өлкөдөн 130дан ашык музыкант, изилдөөчү, эксперт, продюсерлер катышууда. Алар өз элинин музыкалык жана маданий каада-салттарын, руханий мурастарын дүйнө коомчулугуна тартуулашат. Фестиваль 1-августтан тарта 4-августка чейин уланат. Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулуп, мындан ары эки жылда бир өтүп турмакчы. "Рух санаттын" байге фонду 3 миллион сом. Алты орунга берилип, алар топтордун арасында 1,2,3-орун, солисттер арасында да ушундай орундар болорун айтышты. Фестиваль сынак, конгресс, маркет деген үч бөлүмдөн турат да, анда тиешелүү иш-чаралар болот.
Уюштуруучулар байге фонду 3 миллион сом экендигин жана алты орунга берилерин айтышты.
ЧОЛПОН-АТА, 1-авг. — Sputnik. "Рух ордо" маданий борборунда "Рух санат" аттуу дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалы башталды. Бул туурасында ошол жерде жүргөн кабарчыбыз билдирди.
Бул ири иш-чарага 37 өлкөдөн 130дан ашык музыкант, изилдөөчү, эксперт, продюсерлер катышууда. Алар өз элинин музыкалык жана маданий каада-салттарын, руханий мурастарын дүйнө коомчулугуна тартуулашат.
"Рух санаттын" байге фонду 3 миллион сом. Алты орунга берилип, алар топтордун арасында 1,2,3-орун, солисттер арасында да ушундай орундар болорун айтышты.
"Рух санаттын" байге фонду 3 миллион сом. Алты орунга берилип, алар топтордун арасында 1,2,3-орун, солисттер арасында да ушундай орундар болорун айтышты.
"Фестивалдын Кыргызстанда өтүшү жөн жерден эмес. Бул жерде муундан-муунга өтүп келген "Манас" эпосу, элдик ырлар, кол өнөрчүлүк сыяктуу салттар кылдат сакталган. Көчмөн жашоо философиясынан калыптанган бул маданий өзөк фестивалдын негизин түзүп, Ысык-Көлдү салттуу искусствонун эл аралык борборуна айлантат", — деп белгилешти уюштуруучулар.
Фестиваль 1-августтан тарта 4-августка чейин уланат. Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулуп, мындан ары эки жылда бир өтүп турмакчы.
"Рух санаттын" байге фонду 3 миллион сом. Алты орунга берилип, алар топтордун арасында 1,2,3-орун, солисттер арасында да ушундай орундар болорун айтышты.
Фестиваль сынак, конгресс, маркет деген үч бөлүмдөн турат да, анда тиешелүү иш-чаралар болот.