https://sputnik.kg/20250611/kaliforniyanyn-gubernatoru-amerikalyktarga-kayryldy-1094555080.html
"Сөзүнө кирип кетпегиле". Калифорния губернатору америкалыктарга кайрылды
"Сөзүнө кирип кетпегиле". Калифорния губернатору америкалыктарга кайрылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Калифорния губернатору Гэвин Ньюсом Лос-Анжелестеги толкундоолордун фонунда АКШ президенти Дональд Трампты бийлигинен кыянаттык... 11.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-11T10:05+0600
2025-06-11T10:05+0600
2025-06-11T10:05+0600
дүйнөдө
акш
калифорния
лос-анжелес
техас
нааразычылык
митинг
полиция
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0b/1094554242_0:321:3071:2048_1920x0_80_0_0_0646b63cc06d510ba6ae4e87066053e7.jpg
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Калифорния губернатору Гэвин Ньюсом Лос-Анжелестеги толкундоолордун фонунда АКШ президенти Дональд Трампты бийлигинен кыянаттык менен пайдаланды деп күнөөлөп, элди ага каршы турууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Штат башчысынын айтымында, Калифорния Трамптын мындай кадамында биринчи аймак болуп калышы мүмкүн, бирок муну менен баары бүтүп калбайт. "Эми башка штаттарга өтөт. Андан кийинкиси — демократия. Көз алдыбызда демократияга кол салуу болуп жатат. Биз түйшөлгөн учур келди", — деп кошумчалады ал. Кечээ Гэвин Ньюсом "Лос-Анжелести куралдандырууну тез арада токтотуу" үчүн Трамптын администрациясын сотко бергенин жарыялады. Штат башчысы мындай кадамга аталган шаарга беш миң аскерди, анын ичинен Улуттук гвардия менен деңиз аскерлерин киргизүү боюнча Ак үйдүн буйругунан кийин барган. Калифорниядагы толкундоолор мыйзамсыз мигранттарга каршы рейдден кийин чыгып кеткен. Нааразылык жана кагылышуу Калифорнияга федералдык каржылоо кыскартылышы мүмкүн деген кабардан кийин өрт алган. Полиция көздөн жаш агызуучу газ менен кулак тундурган гранаталарды колдонгон. Шаарга Улуттук гвардиянын аскерлери жөнөтүлгөн. Бул президент абалды жөнгө салуу үчүн аталган жоокерлердин күчүн штаттын макулдугусуз пайдаланган акыркы 10 жылдан берки биринчи окуя экени айтылууда. Трамп губернатордун кадамдарын сынга алды. Лос-Анжелестеги нааразылыкка чыккандар баррикадаларды куруп, талап-тоноо иштерин да баштап жиберди. Митингчилер Техастын борбору Остинге да чогулуп, полиция аларды кулк тундурган граната жана көздөн жаш агызуучу газды колдонуп, кууп таратты. Лос-Анжелестеги мыйзамсыз мигранттарга карата жүргүзүлгөн рейдден кийин 7-июнда башаламандык жаралган. Тагыраагы, АКШнын Иммиграция жана бажы полициясынын (ICE) Лос-Анжелестин борборунда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди табуу боюнча иш-чаралары нааразылыкка чыккандар менен кагылышууга алып келген. Окуя улам өнүгүп отуруп, азыркы кырдаалга жеткен. Лос-Анжелестин мэри Карен Басс шаардын бир катар райондоруна коменданттык саат киргизилгенин жарыялады.
https://sputnik.kg/20250610/los-anzheleste-politsiya-mitingchilerdi-tandap-karmoodo-1094525140.html
акш
калифорния
лос-анжелес
техас
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0b/1094554242_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_7ac809c9322c1d5665a4ef29de620162.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, калифорния, лос-анжелес, техас, нааразычылык, митинг, полиция
дүйнөдө, акш, калифорния, лос-анжелес, техас, нааразычылык, митинг, полиция
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Калифорния губернатору Гэвин Ньюсом Лос-Анжелестеги толкундоолордун фонунда АКШ президенти Дональд Трампты бийлигинен кыянаттык менен пайдаланды деп күнөөлөп, элди ага каршы турууга чакырды. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Баарынан мурда Дональд Трамп силердин үн катпай, азыркы окуяларга унчукпай катышып турушуңарды каалап турат. Анын сөзүнө кирип кетпегиле", — деген ал.
Штат башчысынын айтымында, Калифорния Трамптын мындай кадамында биринчи аймак болуп калышы мүмкүн, бирок муну менен баары бүтүп калбайт.
"Эми башка штаттарга өтөт. Андан кийинкиси — демократия. Көз алдыбызда демократияга кол салуу болуп жатат. Биз түйшөлгөн учур келди", — деп кошумчалады ал.
Кечээ Гэвин Ньюсом "Лос-Анжелести куралдандырууну тез арада токтотуу" үчүн Трамптын администрациясын сотко бергенин жарыялады.
Штат башчысы мындай кадамга аталган шаарга беш миң аскерди, анын ичинен Улуттук гвардия менен деңиз аскерлерин киргизүү боюнча Ак үйдүн буйругунан кийин барган. Калифорниядагы толкундоолор мыйзамсыз мигранттарга каршы рейдден кийин чыгып кеткен.
Нааразылык жана кагылышуу Калифорнияга федералдык каржылоо кыскартылышы мүмкүн деген кабардан кийин өрт алган. Полиция көздөн жаш агызуучу газ менен кулак тундурган гранаталарды колдонгон.
Шаарга Улуттук гвардиянын аскерлери жөнөтүлгөн. Бул президент абалды жөнгө салуу үчүн аталган жоокерлердин күчүн штаттын макулдугусуз пайдаланган акыркы 10 жылдан берки биринчи окуя экени айтылууда.
Трамп губернатордун кадамдарын сынга алды. Лос-Анжелестеги нааразылыкка чыккандар баррикадаларды куруп, талап-тоноо иштерин да баштап жиберди.
Митингчилер Техастын борбору Остинге да чогулуп, полиция аларды кулк тундурган граната жана көздөн жаш агызуучу газды колдонуп, кууп таратты.
Лос-Анжелестеги мыйзамсыз мигранттарга карата жүргүзүлгөн рейдден кийин 7-июнда башаламандык жаралган. Тагыраагы, АКШнын Иммиграция жана бажы полициясынын (ICE) Лос-Анжелестин борборунда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди табуу боюнча иш-чаралары нааразылыкка чыккандар менен кагылышууга алып келген. Окуя улам өнүгүп отуруп, азыркы кырдаалга жеткен.
Лос-Анжелестин мэри Карен Басс шаардын бир катар райондоруна коменданттык саат киргизилгенин жарыялады.