00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
ЕАЭБде жумушсуздукту жоюу боюнча Кыргызстан алдыда – Элди ишти менен камсыздоо үчүн кандай долбоорлор даярдалды?
09:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ко Дню России: что даёт Кыргызстану стратегическое партнёрство с Москвой
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Республикада 391 оорукананын өрт коопсуздугу текшерилди — быйыл өртжылдагыдан көп болуп жатабы?
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как решить проблему смога: что мешает чистому воздуху в Кыргызстане?
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Россиянын академиясынан билим алган кыргыз аткаминерлери. Мэрлер эмнени окуп келишти?
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кан донорлору — баатырлар! Кан тапшыруу маданияты жандана баштадыбы?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Сигареты убивают и экономику: как повысить налоги ради здоровья
16:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Милиция кызматкеринен атайын даярдык менен кошо адамгерчилик да талап кылынат - Жүрөк жылыткан иши менен коомго таанылган Жакшылык Нурланбеков менен маек
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Навигация, нефть, рынок: чем живет ЕАЭС спустя 10 лет — беседа с министром ЕЭК
18:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Өлкө экономикасын өстүрүүдө илимдин иши кандай жүрүүдө?
19:06
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кан донорлору — баатырлар! Кан тапшыруу маданияты жандана баштадыбы?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында салына турган тоо-лыжа курортундагы жерлер аукцион аркылуу сатыла баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, аталган курорт мындан ары "Ала-Тоо резорт" деп аталып, 2028-жылы толук ишке берилет. Өлкө башчы курорттогу отель, ресторан жана башка объектилер салынуучу жерлерди аукцион аркылуу сатып, андан түшкөн каражат менен курулуштун 2-3-фазалары бүткөрүлөрүн белгиледи. Ал эми 1-фазасы мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулмакчы. "Жыргалаң участогундагы биринчи асма жол кийинки жылдын июлунда бүтөт. Демек, 2026-жылдын декабрында биринчи фазасы аяктап, лыжа трассалары ишке берилет. 2027-жылы экинчи фазасы жыйынтыкталып, 2028-жылы үчүнчү фазасы бүтөт да, үч тоонун трассалары биригип, толук кандуу иштей баштайт. Жалпы "Ала-Тоо резорт" трассасынын узундугу 250 чакырымды түзөт", — деп жазган Жапаров. Президенттин айтымында, жерди сатып алгандар үчүн документтерди мамлекет даярдап берет, ишкерлер эки жылдын ичинде курулушту бүткөрүшү керек. Жапаров алгачкы аукцион июндун башында болорун айтып, инвесторлорду катышууга чакырган.
Бишкекте 1-2-класска катталган балдардын айрымдары мектептен чыгарылышы мүмкүн. Шаардык мэрия балдар тобу менен катталган батирлер аныкталганын белгиледи. "20дан ашуун бала катталган батирлер табылган. Эми бул балдар мектептен чыгарылып, өзүлөрү жашаган аймактагы мектепке жөнөтүлөт. Ал эми батирлердин ээлерине коммуналдык кызматтар төлөмдөрдү катталган кишинин саны боюнча эсептеп беришет. Аныкталган маалыматтын баары укук коргоо органдарына берилди", — деп айтылат маалыматта. Мэрия шаардыктарды мындай шылуундук схемадан алыс болууга чакырууда.
Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ал жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталган. "Бул адам 2005-жылдан бери аталган системада иштеп, жумушка орношууда Ички иштер министрлигинин генерал-майор Эргеш Алиев атындагы академиясын бүтүргөндүгү тууралуу дипломун берген, бирок ал 2003-жылы 5-курста окуу акысын төлөбөгөндүгү үчүн окуудан чыгарылган", — деп жазылат маалыматта.
Россия менен Украинанын Стамбулда болот деп жаткан жолугушуусу кечээ бейшемби күнү өтпөй калды. РИА Новости өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен 16-май күнү Россия, Украина жана Түркия, андан соң Украина, Түркия жана АКШнын сүйлөшүүсү өтөрүн кабарлады. Азырынча жолугушуу Бишкек убактысы боюнча саат 13.00дө башталары күтүлүп жатат. 15-майга белгиленген сүйлөшүүлөргө россиялык делегацияны Россиянын президентинин жардамчысы Владимир Мединский баштап келди. Ал эми Украинадан Владимир Зеленский башында турган топ алгач Анкарага келип, Киев режиминин жетекчиси Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолуккандан кийин гана делегациясынын курамын бекитти.
Жаңылыктар түрмөгү
0