00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
54 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров: дүйнө климаттын өзгөрүшүнө туш болууда

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев пресс-служба президента КРПрезидент Садыр Жапаров "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай" эл аралык конференцияда
Президент Садыр Жапаров Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай эл аралык конференцияда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Дүйнө климаттын өзгөрүшүнө, экстремалдык аба ырайынын шарттарына, табигый кырсыктарга, экосистемалардын деградациясына, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна кептелди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай" аталышындагы эл аралык конференцияда билдирди.
Анын айтымында, тоолуу өлкөлөр уникалдуу ресурстарга ээ болгону менен жогоруда айтылган процесстердин баарынын таасирине дуушар болушат.
"Биздин конференция Азия, Европа, Америка, Африка жана Австралия өлкөлөрүн бириктирүүгө багытталган. Алар бири-биринен алыс болгонуна карабастан мөңгүлөрдүн эриши, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу, Альп жана Анд тоолорундагы, Килиманджаро менен Гималайдагы, Памир-Алай мененТянь-Шань, Кавказ менен Алтай жана башка тоо тутумдарындагы тоо экосистемаларынын деградациясы сыяктуу көйгөйлөргө туш болушууда. Буга ыкчам чаралар, макулдашылган аракеттер жана эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу талап кылынат", — деди Жапаров.
Ал 2000-жылдан бери Кыргызстан БУУнун алкагында ырааттуу кадамдарды жасап, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү глобалдык күн тартибин акырындык менен кеңейтүүгө жетишип, тоо маселелерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча жигердүү иштерди аткарып келе жатканын эске салды.
"Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2023-2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыялаган. Биз бардык өнөктөштөрүбүзгө колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деди президент.
Ал тоо күн тартибин глобалдык деңгээлде илгерилетүү үчүн күч-аракетти бириктирүү боюнча сунуштарды берди:
тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана климаттык кризиске туруктуулукту жогорулатуу үчүн эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен айыл чарбасында, жашыл экономикада жана энергиянын кайра жаралуучу булактарында инновацияларды ишке ашыруу;
тоолуу аймактардагы долбоорлорду, анын ичинде климатты каржылоо механизмдери аркылуу туруктуу каржылоону камсыз кылуу. Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү;
дүйнө өлкөлөрүнүн тышкы карызын "жашыл" демилгелерге алмаштыруу боюнча биздин демилгелерибизди колдоону сунуштайм. Германия менен Түркия тарапка бул демилгеге практикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз;
тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу райондорго тийгизген таасири боюнча эл аралык изилдөөлөрдү, анын ичинде Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык комиссия аркылуу кеңейтүү зарыл;
БУУнун алдында "БУУ-Тоолор" координациялоо механизмин түзүү;
өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдөн турган тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүү;
"Тоо жаштары, аялдар жана климат" эл аралык платформасын түзүүгө чакырабыз.
Белгилей кетсек, Бишкек+25 саммити 2027-жылга пландалып, 2002-жылы борбор калаада БУУнун эгидасы астында өткөн биринчи Глобалдык тоо конференциясынын 25 жылдыгына карата уюштурулган.
Жалал-Абад облусундагы тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2025
Кыргызстанда абанын температурасы жалпы планетага караганда ылдам жогорулоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0