00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
18:56
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Алыкулдун тагдырындагы табышмактарды ачкан Мундузбек Тентимишевдин маеги
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Время учиться или время играть? Дискуссия о раннем обучении в КР
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө аллергия менен ооруган балдар көбөйүүдө — симптомдору жана туура дарылоо жолдору
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Социалдык келишимдин өлчөмү 150 миң сомго көтөрүлдү. Токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, бул каражат быйыл 13,3 миң жакыр үй-бүлөгө берилет. "Социалдык келишим" — президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашып жаткан жакырчылыкты жоюуга багытталган долбоор. Анын алкагында 2022-жылдан бери 35,2 миң түтүнгө 100 миң сомдон берилип, алар чакан иш ачкан. Каражат кайтарымсыз берилет. Эми бул акча 150 миң сом өлчөмүндө бериле баштайт. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Зоя Вяткинага Россия президенти Владимир Путиндин атынан медаль тапшырылды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Дипломаттар Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата ардагерге барып, Россия жетекчисинин атынан ага Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы юбилейлик медалын тапшырышты. "Сүйүктүү ардагерлерибизди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайбыз жана аларга бекем ден соолук, бакубатчылык, узун өмүр каалайбыз. Мекенге болгон сүйүүңүз, эрдигиңиз, баатырдыгыңызга ыраазычылык билдиребиз", — деп жазылган маалыматта. Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь мамлекеттик университетинин ректору Андрей Корол менен жолукту. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, жолугушууда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда биргелешкен окуу программаларын уюштуруу, студенттерди жана окутуучуларды алмашуу, илимий изилдөөлөрдү, эл аралык конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүнүн келечеги талкууланды. Эрбол Султанбаев мындан тышкары Беларусь мамлекеттик университетинин жетекчилиги бул маселелер боюнча, анын ичинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, ошондой эле Кыргызстандын башка алдыңкы университеттери менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиргенин кошумчалады. Москва менен Пекин эл аралык Бириккен Улуттар Уюму, БРИКС жана Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу бир топ аянтчаларда ийгиликтүү иштеп келе жатат. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин Кытайдын ТИМ башчысы Ван Ини кабыл алганда айтканын РИА Новости жазды. Мамлекет башчы кечээ Россияга расмий сапар менен келген Кытай министри менен Кремлде жолуккан. "Бизде эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы тууралуу сүйлөшүүгө, эл аралык аянтчалардагы кызматташууларды талкуулоого мүмкүнчүлүк болот. Алардын арасынан ийгиликтүү кызматташып жаткан Бириккен Улуттар Уюмун, БУУнун Коопсуздук кеңешин, Шанхай кызматташтык уюмун, БРИКС жана бир катарларын өзгөчө бөлүп белгилейбиз", — деген президент. Путин Кытай лидери Си Цзиньпинди майда расмий сапар менен келерин күтүп, бул иш-чарага карата олуттуу программа даярдалып жатканын да айткан. Си Цзиньпин Россияда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого катышмакчы.
Жазылуу
Социалдык келишимдин өлчөмү 150 миң сомго көтөрүлдү. Токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, бул каражат быйыл 13,3 миң жакыр үй-бүлөгө берилет. "Социалдык келишим" — президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашып жаткан жакырчылыкты жоюуга багытталган долбоор. Анын алкагында 2022-жылдан бери 35,2 миң түтүнгө 100 миң сомдон берилип, алар чакан иш ачкан. Каражат кайтарымсыз берилет. Эми бул акча 150 миң сом өлчөмүндө бериле баштайт.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Зоя Вяткинага Россия президенти Владимир Путиндин атынан медаль тапшырылды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Дипломаттар Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата ардагерге барып, Россия жетекчисинин атынан ага Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы юбилейлик медалын тапшырышты. "Сүйүктүү ардагерлерибизди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайбыз жана аларга бекем ден соолук, бакубатчылык, узун өмүр каалайбыз. Мекенге болгон сүйүүңүз, эрдигиңиз, баатырдыгыңызга ыраазычылык билдиребиз", — деп жазылган маалыматта.
Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь мамлекеттик университетинин ректору Андрей Корол менен жолукту. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, жолугушууда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда биргелешкен окуу программаларын уюштуруу, студенттерди жана окутуучуларды алмашуу, илимий изилдөөлөрдү, эл аралык конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүнүн келечеги талкууланды. Эрбол Султанбаев мындан тышкары Беларусь мамлекеттик университетинин жетекчилиги бул маселелер боюнча, анын ичинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, ошондой эле Кыргызстандын башка алдыңкы университеттери менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиргенин кошумчалады.
Москва менен Пекин эл аралык Бириккен Улуттар Уюму, БРИКС жана Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу бир топ аянтчаларда ийгиликтүү иштеп келе жатат. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин Кытайдын ТИМ башчысы Ван Ини кабыл алганда айтканын РИА Новости жазды. Мамлекет башчы кечээ Россияга расмий сапар менен келген Кытай министри менен Кремлде жолуккан. "Бизде эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы тууралуу сүйлөшүүгө, эл аралык аянтчалардагы кызматташууларды талкуулоого мүмкүнчүлүк болот. Алардын арасынан ийгиликтүү кызматташып жаткан Бириккен Улуттар Уюмун, БУУнун Коопсуздук кеңешин, Шанхай кызматташтык уюмун, БРИКС жана бир катарларын өзгөчө бөлүп белгилейбиз", — деген президент. Путин Кытай лидери Си Цзиньпинди майда расмий сапар менен келерин күтүп, бул иш-чарага карата олуттуу программа даярдалып жатканын да айткан. Си Цзиньпин Россияда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого катышмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0