https://sputnik.kg/20250214/1092064981.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2024-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 685 миллиард сомдон ашып, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу... 14.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-14T13:00+0600
2025-02-14T13:00+0600
2025-02-14T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0e/1092064849_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6e8c843b52da2d73e1784d23f0c2a333.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2024-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 685 миллиард сомдон ашып, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19%га көбөйдү. Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын кирешесинин көлөмү 2024-жылдын январь-сентябрь айларында республика боюнча жалпысынан 653,6 миллиард сомду түздү жана тиешелүү мезгилге салыштырмалуу жылдын көрсөткүчтөрү 13%га өстү.Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2024-жылдын январь-сентябрь айларында жалпы республика боюнча айына 11 193 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19% көбөйдү.
Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов Бишкектеги жаңы конуштарга көп кабаттуу үйлөрдү курууга мораторий киргизүүнү сунуштады.Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөр козу карындай пайда болуп, шаардын көркүн бузуп жатат."Жаңы конуштарга көп кабатуу үй курууга мораторий киргизүү керек. Анткени азыр 4-5 үйдү сатып алышып, көп кабаттуу үй курушууда. Бул коңшуларына да кыйынчылыктарды жаратууда", — деди Атажанов.Ал эми курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдетин аткаруучу Нурдан Орунтаев борбор калаанын башкы планы даярдалып жатканын белгилеп, ага туура келбеген жерге үй курууга уруксат берилбей турганын билдирди.
24-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. 1-апрелге чейин жергиликтүү уюмдар; Кыргызстанда туруктуу мекеме түзүп иш алып барган чет өлкөлүк уюмдар; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларация тапшырууга милдеттү.1-майга чейин жеке ишкерлер; патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иштеген жеке жактар; чет өлкөдө эл аралык уюмда, дипломатиялык жана консулдук мекемеде иштеген КР жарандары; салык салынуучу киреше алган жана киреше салыгы боюнча милдеттенмеси бар жеке жактар тапшырышы керек.Жеке жактар декларация тапшыруудан бошотулгандыктан мугалимдер, дарыгерлер, окумуштуулар, чыгармачыл инсандар, жеке жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын кызматкерлери, пенсионерлер, студенттер жана башка категориядагы жарандар аны тапшырбайт. Бирок каалоочулар ыктыярдуу негизде декларация тапшырса болору кошумчаланды.
1-марттан баштап Бишкек — Кербен багыты боюнча авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти.Маалыматка ылайык, каттам "Асман" авиакомпаниясынын учактары менен жүргүзүлөт. Ошондой эле рейстер ар жуманын ишембисинде болору кошумчаланды.
Украинанын НАТОго мүчө болушу тынчтыкты орнотуу үчүн коюлган шарт болбогондугун альянстын башкы катчысы Марк Рютте айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.Анын айтымында, кеп Украинанын коопсуздук кепилдигинин зарылдыгы туурасында жүргөн.Россиянын Мамлекеттик Думасынан Рюттенин Украинанын мүчөлүгү боюнча билдирүүсүнө комментарий беришти. Мамдумага Севастополдон депутат болуп келген Дмитрий Белик Рюттенин Киевге НАТО мүчөлүгү боюнча эч ким убада бербегени туурасында айтканы Украинаны жаакка чапкандай болду деп сүрөттөгөн.
2024-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 685 миллиард сомдон ашып, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19%га көбөйдү. Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын кирешесинин көлөмү 2024-жылдын январь-сентябрь айларында республика боюнча жалпысынан 653,6 миллиард сомду түздү жана тиешелүү мезгилге салыштырмалуу жылдын көрсөткүчтөрү 13%га өстү.Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2024-жылдын январь-сентябрь айларында жалпы республика боюнча айына 11 193 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19% көбөйдү.Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов Бишкектеги жаңы конуштарга көп кабаттуу үйлөрдү курууга мораторий киргизүүнү сунуштады.Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөр козу карындай пайда болуп, шаардын көркүн бузуп жатат."Жаңы конуштарга көп кабатуу үй курууга мораторий киргизүү керек. Анткени азыр 4-5 үйдү сатып алышып, көп кабаттуу үй курушууда. Бул коңшуларына да кыйынчылыктарды жаратууда", — деди Атажанов.Ал эми курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдетин аткаруучу Нурдан Орунтаев борбор калаанын башкы планы даярдалып жатканын белгилеп, ага туура келбеген жерге үй курууга уруксат берилбей турганын билдирди.24-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. 1-апрелге чейин жергиликтүү уюмдар; Кыргызстанда туруктуу мекеме түзүп иш алып барган чет өлкөлүк уюмдар; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларация тапшырууга милдеттү.1-майга чейин жеке ишкерлер; патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иштеген жеке жактар; чет өлкөдө эл аралык уюмда, дипломатиялык жана консулдук мекемеде иштеген КР жарандары; салык салынуучу киреше алган жана киреше салыгы боюнча милдеттенмеси бар жеке жактар тапшырышы керек.Жеке жактар декларация тапшыруудан бошотулгандыктан мугалимдер, дарыгерлер, окумуштуулар, чыгармачыл инсандар, жеке жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын кызматкерлери, пенсионерлер, студенттер жана башка категориядагы жарандар аны тапшырбайт. Бирок каалоочулар ыктыярдуу негизде декларация тапшырса болору кошумчаланды.1-марттан баштап Бишкек — Кербен багыты боюнча авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти.Маалыматка ылайык, каттам "Асман" авиакомпаниясынын учактары менен жүргүзүлөт. Ошондой эле рейстер ар жуманын ишембисинде болору кошумчаланды.Украинанын НАТОго мүчө болушу тынчтыкты орнотуу үчүн коюлган шарт болбогондугун альянстын башкы катчысы Марк Рютте айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.Анын айтымында, кеп Украинанын коопсуздук кепилдигинин зарылдыгы туурасында жүргөн.Россиянын Мамлекеттик Думасынан Рюттенин Украинанын мүчөлүгү боюнча билдирүүсүнө комментарий беришти. Мамдумага Севастополдон депутат болуп келген Дмитрий Белик Рюттенин Киевге НАТО мүчөлүгү боюнча эч ким убада бербегени туурасында айтканы Украинаны жаакка чапкандай болду деп сүрөттөгөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0e/1092064849_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_65377b02f6fe3eef637fac75ade0c04b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио