https://sputnik.kg/20250116/ukrainaga-2022-zhyldagy-chekterin-kaytaruu-ideyasy-zharamsyz-deshti-1091448635.html
АКШда Украинага 2022-жылдагы чектерин кайтаруу идеясы жарамсыз экенин айтышууда
АКШда Украинага 2022-жылдагы чектерин кайтаруу идеясы жарамсыз экенин айтышууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы кызматына Дональд Трамп сунуштап жаткан Марко Рубио Украинанын атайын операцияга чейинки чектеринин... 16.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-16T12:05+0600
2025-01-16T12:05+0600
2025-01-16T12:06+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
акш
украина
атайын операция
сенат
чек ара
https://sputnik.kg/img/07e9/01/10/1091445940_0:69:3201:1870_1920x0_80_0_0_c0de8ae573d8e35226b5cda3b9fe8cb6.jpg
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы кызматына Дональд Трамп сунуштап жаткан Марко Рубио Украинанын атайын операцияга чейинки чектеринин өлкөгө кайтарылышы күмөн деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости жазды.Сенатор аны менен катар эле Россияга салынган санкцияларды жумшартуу маселеси Украина чатагын соңуна чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы болушу мүмкүн деген пикирин билдирди."АКШ Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну такуулоого катышканда, эгер шарттар туура келсе, санкциялар жана аларды жеңилдетүү бул процесстин бир бөлүгү болушу мүмкүн", — деген ал.Россия Украинадагы атайын аскердик операциясын 2022-жылы 24-февралда баштаган. РФ президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киев режиминин кордугуна кабылган элди коргоо" экенин билдирген болчу. Ал атайын операция аргасыз жасалган кадам экенин, Россиянын башка аргасы калбаганын, коопсуздук жаатындагы жаралган тобокелдиктер башкача жооп берүүгө жол калтырбаганын айткан.Путин Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылганын, бирок алданып, кысымга учураганын, ал арада альянс Москанын каршылыгына карабай кеңейип, Россиянын чегине жакындап жатканын белгилеген.
https://sputnik.kg/20250113/rossiyany-ukrainanyn-murunku-ajmaktarynan-surup-chygaruu-mumkun-ehmes-1091374069.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/10/1091445940_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_1c2b87f06bd8a68dae3568389a19d6ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, украина, атайын операция, сенат, чек ара
дүйнөдө, россия, акш, украина, атайын операция, сенат, чек ара
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы кызматына Дональд Трамп сунуштап жаткан Марко Рубио Украинанын атайын операцияга чейинки чектеринин өлкөгө кайтарылышы күмөн деп эсептейт. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Украина россиялык күчтөрдү 2022-жылдын февралындагы позицияларына толук сүрүп чыга албайт. Бул чатактын азыркы масштабы жана улам тереңдеши менен байланыштуу", — деген Рубио Сенатта сүйлөп жатып.
Сенатор аны менен катар эле Россияга салынган санкцияларды жумшартуу маселеси Украина чатагын соңуна чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы болушу мүмкүн деген пикирин билдирди.
"АКШ Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну такуулоого катышканда, эгер шарттар туура келсе, санкциялар жана аларды жеңилдетүү бул процесстин бир бөлүгү болушу мүмкүн", — деген ал.
Россия Украинадагы атайын аскердик операциясын 2022-жылы 24-февралда баштаган. РФ президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киев режиминин кордугуна кабылган элди коргоо" экенин билдирген болчу. Ал атайын операция аргасыз жасалган кадам экенин, Россиянын башка аргасы калбаганын, коопсуздук жаатындагы жаралган тобокелдиктер башкача жооп берүүгө жол калтырбаганын айткан.
Путин Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылганын, бирок алданып, кысымга учураганын, ал арада альянс Москанын каршылыгына карабай кеңейип, Россиянын чегине жакындап жатканын белгилеген.