https://sputnik.kg/20250113/rossiyany-ukrainanyn-murunku-ajmaktarynan-surup-chygaruu-mumkun-ehmes-1091374069.html
Трамп Россияны Украинанын мурунку жерлеринен сүрүп чыгаруу мүмкүн эмес деп эсептейт
Трамп Россияны Украинанын мурунку жерлеринен сүрүп чыгаруу мүмкүн эмес деп эсептейт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп буга чейин Украинага таандык болуп келген аймактардан, анын ичинде Крымдан Россияны... 13.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-13T09:37+0600
2025-01-13T09:37+0600
2025-01-13T10:48+0600
дүйнөдө
россия
акш
украина
атайын операция
дональд трамп
территория
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0d/1091376701_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_4591fb1fba5adb15408cc568e16f3613.jpg
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп буга чейин Украинага таандык болуп келген аймактардан, анын ичинде Крымдан Россияны сүрүп чыгаруу мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц ABC телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.Анын айтымында, ок атууну токтотуу жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө карай кадам болмок.Жаңы шайланган президенттин кеңешчиси Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусуна даярдык көрүлүп жатканын кабарлап, лидерлер "жакынкы күндөрү же жакынкы апталарда" сүйлөшүп калышы мүмкүн экенин айткан.Эскерте кетсек, Крым 2014-жылы Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өткөн референдумдун жыйынтыгы менен Россиянын курамына кирген. Анда Крымдагы шайлоочулардын 96,77 пайызы, Севастополдун 95,6 пайызы Россияга кошулуу ниетин билдирген эле. Ал эми Украина Крымды убактылуу оккупацияланган аймак деп эсептеп келет, Киевди бул маселе боюнча Батыш мамлекеттери колдойт. Россия жетекчилиги Крымдын жашоочулары добуш берүү демократиялык жол менен, эл аралык укук нормаларына жана БУУнун Уставына ылайык өткөнүн бир нече ирет эскерткен. РФ лидери Владимир Путиндин айтымында, Крым маселеси "толугу менен жабылган".2022-жылдын октябрында референдумдун жыйынтыгы менен Донецк, Луганск республикалары, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустары Россиянын курамына кирген.
https://sputnik.kg/20250112/rossiya-ukraina-aksh-donald-tramp-atajyn-operaciya-1091365311.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0d/1091376701_217:0:2948:2048_1920x0_80_0_0_8e2cdf9d0fb41b711bf9187d5ecf8731.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, украина, атайын операция, дональд трамп, территория
дүйнөдө, россия, акш, украина, атайын операция, дональд трамп, территория
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп буга чейин Украинага таандык болуп келген аймактардан, анын ичинде Крымдан Россияны сүрүп чыгаруу мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц ABC телеканалына маек куруп жатып билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Украин жеринен, анын ичинде Крым да бар, россиялыктарды чыгаруу мүмкүн эмес. Трамп бул реалдуулукту моюндады, эми бүт дүйнө жүзү муну түшүнө баштаганы маанилүү деп ойлойм", — деген Уолц.
Анын айтымында, ок атууну токтотуу жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө карай кадам болмок.
Жаңы шайланган президенттин кеңешчиси Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусуна даярдык көрүлүп жатканын кабарлап, лидерлер "жакынкы күндөрү же жакынкы апталарда" сүйлөшүп калышы мүмкүн экенин айткан.
Эскерте кетсек, Крым 2014-жылы Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өткөн референдумдун жыйынтыгы менен Россиянын курамына кирген. Анда Крымдагы шайлоочулардын 96,77 пайызы, Севастополдун 95,6 пайызы Россияга кошулуу ниетин билдирген эле. Ал эми Украина Крымды убактылуу оккупацияланган аймак деп эсептеп келет, Киевди бул маселе боюнча Батыш мамлекеттери колдойт. Россия жетекчилиги Крымдын жашоочулары добуш берүү демократиялык жол менен, эл аралык укук нормаларына жана БУУнун Уставына ылайык өткөнүн бир нече ирет эскерткен. РФ лидери Владимир Путиндин айтымында, Крым маселеси "толугу менен жабылган".
2022-жылдын октябрында референдумдун жыйынтыгы менен Донецк, Луганск республикалары, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустары Россиянын курамына кирген.