https://sputnik.kg/20241202/1090551311.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде жүк ташууда электрондук коштомо колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирдиБайден кылмыш жообуна тартылган уулу Хантерге ырайым кылды"Айкөл Манас"... 02.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-02T13:00+0600
2024-12-02T13:00+0600
2024-12-02T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/02/1090551179_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c1092471bce0c4491964bb26d68343d8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде жүк ташууда электрондук коштомо колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирдиБайден кылмыш жообуна тартылган уулу Хантерге ырайым кылды"Айкөл Манас" коллекциялык алтын монетасы сатыкка чыгарылдыАлдыда кененирээк"Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаалар таңкы 8:30дан баштап кое берилүүдө. Кечээ Бишкек — Ош жолунда кар жаап, жол тайгак болгонунан улам аталган постто убактылуу чектөө киргизилген. ӨКМден "Арал" постунда киргизилген чектөө дагы алынганын кошумчалашты.
Улуттук банк "Айкөл Манас" алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу башкы банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган монета Улуттук банктын кассаларында 123 400 сомдон иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле <a href="http://www.numizmat.nbkr.kg" target="_blank">http://www.numizmat.nbkr.kg</a> веб-сайты аркылуу сатылат."Монетанын алдыңкы бетинде Ала-Тоонун фонунда соот кийген, Аккуланы минген Манас баатырдын образы чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө: "Айкөл Манас жазуусу, ал эми оң жагында металлдын сапаты жана монетанын салмагы түшүрүлгөн. Төмөн жагында анын номиналы жана сомдун графикалык белгиси көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики" деген жазуу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл – "2024" жазуусу түшүрүлгөн", — деп жазылат маалыматта. Ар бир монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылганы кошумчаланды.
ЕАЭБде жүк ташууда электрондук коштомо колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорго 29-ноябрдагы коллегиянын жыйынында старт берилген. Максаты — ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда электрондук документ алмашууну иш жүзүндө сыноо. Бул үчүн санарип кол тамга жана "ишенимдүү үчүнчү тарап" механизмдери колдонулат. ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, долбоор транспорттук документтерди текшерүү жана иштетүү процесстерин ылдамдатууга, ошондой эле транспорттук-логистикалык чыгымдарды азайтууга жардам берет. Маселен, кагаз коштомо менен иштөөгө 20 мүнөттөн ашык убакыт кетсе, электрондук түрүн түзүү жана жөнөтүү үчүн бир мүнөттөй керектелет. Ошондой эле электрондук коштомонун наркы 1,6 евро, ал эми кагаз түрүндөгүсү 6,23 евро турат. Пилоттук долбоордун жыйынтыгы ЕАЭБде санарип транспорттук коридорлорду түзүүдө колдонулат.
АКШ президенти Жо Байден уулу Хантерге ырайым кылып, мындай чечимге акыйкатсыздыкка каршылыгынан улам келгенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Президенттигимдин биринчи күнүнөн тартып Юстиция министрлигинин чечимдерди кабыл алуусуна кийлигишпейм деп айткам, балама жасалган адилетсиз мамилени көрүп туруп да сөзүмө турдум", — деген өлкө башчысы. Президент Хантердикиндей иштер адатта карызынан кутулуу же айып төлөө сыяктуу жеңил-желпи жаза менен аяктай турганын айткан. Байден уулу "саясий кысым үчүн бутага алынып" калганын белгиледи. "Беш жарым жыл бою жасалган чабуулга жана куугунтукка карабай Хантер ачууга алдырган жок. Хантерди сындыруу аракети — мени сындыруу аракети. Бул качандыр бир кезде токтойт деп айтууга да болбойт", — деген Байден. Ырайым берүү тууралуу чечимди президент көпкө ойлонуп ушул дем алыш күндөрү кабыл алганын белгиледи.
ЕАЭБде жүк ташууда электрондук коштомо колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирдиБайден кылмыш жообуна тартылган уулу Хантерге ырайым кылды"Айкөл Манас" коллекциялык алтын монетасы сатыкка чыгарылдыАлдыда кененирээк"Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаалар таңкы 8:30дан баштап кое берилүүдө. Кечээ Бишкек — Ош жолунда кар жаап, жол тайгак болгонунан улам аталган постто убактылуу чектөө киргизилген. ӨКМден "Арал" постунда киргизилген чектөө дагы алынганын кошумчалашты.Улуттук банк "Айкөл Манас" алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу башкы банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган монета Улуттук банктын кассаларында 123 400 сомдон иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат."Монетанын алдыңкы бетинде Ала-Тоонун фонунда соот кийген, Аккуланы минген Манас баатырдын образы чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө: "Айкөл Манас жазуусу, ал эми оң жагында металлдын сапаты жана монетанын салмагы түшүрүлгөн. Төмөн жагында анын номиналы жана сомдун графикалык белгиси көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики" деген жазуу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл – "2024" жазуусу түшүрүлгөн", — деп жазылат маалыматта. Ар бир монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылганы кошумчаланды.ЕАЭБде жүк ташууда электрондук коштомо колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорго 29-ноябрдагы коллегиянын жыйынында старт берилген. Максаты — ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда электрондук документ алмашууну иш жүзүндө сыноо. Бул үчүн санарип кол тамга жана "ишенимдүү үчүнчү тарап" механизмдери колдонулат. ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, долбоор транспорттук документтерди текшерүү жана иштетүү процесстерин ылдамдатууга, ошондой эле транспорттук-логистикалык чыгымдарды азайтууга жардам берет. Маселен, кагаз коштомо менен иштөөгө 20 мүнөттөн ашык убакыт кетсе, электрондук түрүн түзүү жана жөнөтүү үчүн бир мүнөттөй керектелет. Ошондой эле электрондук коштомонун наркы 1,6 евро, ал эми кагаз түрүндөгүсү 6,23 евро турат. Пилоттук долбоордун жыйынтыгы ЕАЭБде санарип транспорттук коридорлорду түзүүдө колдонулат.АКШ президенти Жо Байден уулу Хантерге ырайым кылып, мындай чечимге акыйкатсыздыкка каршылыгынан улам келгенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Президенттигимдин биринчи күнүнөн тартып Юстиция министрлигинин чечимдерди кабыл алуусуна кийлигишпейм деп айткам, балама жасалган адилетсиз мамилени көрүп туруп да сөзүмө турдум", — деген өлкө башчысы. Президент Хантердикиндей иштер адатта карызынан кутулуу же айып төлөө сыяктуу жеңил-желпи жаза менен аяктай турганын айткан. Байден уулу "саясий кысым үчүн бутага алынып" калганын белгиледи. "Беш жарым жыл бою жасалган чабуулга жана куугунтукка карабай Хантер ачууга алдырган жок. Хантерди сындыруу аракети — мени сындыруу аракети. Бул качандыр бир кезде токтойт деп айтууга да болбойт", — деген Байден. Ырайым берүү тууралуу чечимди президент көпкө ойлонуп ушул дем алыш күндөрү кабыл алганын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/02/1090551179_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_35a3576bcdcf267c03dd16d22a74ffe8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
ЕАЭБде жүк ташууда электрондук коштомо колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирдиБайден кылмыш жообуна тартылган уулу Хантерге ырайым кылды"Айкөл Манас" коллекциялык алтын монетасы сатыкка чыгарылдыАлдыда кененирээк"Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаалар таңкы 8:30дан баштап кое берилүүдө. Кечээ Бишкек — Ош жолунда кар жаап, жол тайгак болгонунан улам аталган постто убактылуу чектөө киргизилген. ӨКМден "Арал" постунда киргизилген чектөө дагы алынганын кошумчалашты.
Улуттук банк "Айкөл Манас" алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу башкы банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган монета Улуттук банктын кассаларында 123 400 сомдон иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат."Монетанын алдыңкы бетинде Ала-Тоонун фонунда соот кийген, Аккуланы минген Манас баатырдын образы чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө: "Айкөл Манас жазуусу, ал эми оң жагында металлдын сапаты жана монетанын салмагы түшүрүлгөн. Төмөн жагында анын номиналы жана сомдун графикалык белгиси көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики" деген жазуу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл – "2024" жазуусу түшүрүлгөн", — деп жазылат маалыматта. Ар бир монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылганы кошумчаланды.