Тышкы иштер министрлигинин түптөлүшү. Сүрөт түрмөк
Тышкы иштер министрлигинин түптөлүшү. Сүрөт түрмөк
Sputnik Кыргызстан
Тышкы саясий ведомствонун пайдубалы мындан 80 жыл мурда советтик Кыргызстанда түптөлгөн. Ошондон тарта өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги акырындык менен дүйнөлүк... 25.10.2024, Sputnik Кыргызстан
Sputnik агенттигинин колумнисти Алмаз Батилов кыргызстандык дипломаттардын жеке архивинен алардын ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөттөрдү сунуштайт.Тема боюнча:
Тышкы саясий ведомствонун пайдубалы мындан 80 жыл мурда советтик Кыргызстанда түптөлгөн. Ошондон тарта өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги акырындык менен дүйнөлүк геосаясатка кадам таштап, 1991-жылдан бери эгемен Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын жүргүзүүдө.
Sputnik агенттигинин колумнисти Алмаз Батилов кыргызстандык дипломаттардын жеке архивинен алардын ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөттөрдү сунуштайт.
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын Афганстандагы өкүлү, кыргызстандык дипломат Сабырдин Турсунов жергиликтүү (оң жактан 1-катарда төртүнчү) тургундардын арасында. Кабул, 1964-жыл
Советтер Союзунун Малидеги (Батыш Африка) элчилигинин кызматкери Касымбай Намазбеков жубайы Эдиса Исаевна менен салтанаттуу кеченин конокторун тосуп алууда. Бамако шаары. 1982-жыл, 12-май
Советтер Союзунун толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Кеңеш Кулматовдун Шри-Ланканын президенти Джуниус Ричард Джаявардене менен маектешип жаткан маалы. Коломбо, 1988-жыл
Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын катчысы Кеңеш Кулматов, Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри Сакин Бегматова (оң жактан биринчи) Тажикстандан келген конокторду тосуп алууда. Фрунзе, 1976-жыл