00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
17:29
1 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Максимальный репост
Искусственный интеллект в журналистике: сможет ли ИИ заменить человека? Мнение эксперта
16:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Индустриалдык сырьенун экономикадагы орду кандай?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Росатом» в Кыргызстане: новые проекты и будущее АЭС. Интервью с главой представительства в КР
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Кактан гүл жасап кардарлардын жүрөгүнөн орун тапкан ишкер айым
19:07
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как правильно уволить сотрудника — советы юриста
20:06
46 мин
Ачык кеп
Бишкектин башкы планын түзүү иши кайсы этапта? — урбанизация, жаңы метро, парктар
23:07
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Лавров: Байдендин өзөктүк курал сүйлөшүүлөрү боюнча билдирүүсү — алдамчылык

© AP Photo / Ebrahim NorooziАКШ президенти Жозеф Байден
АКШ президенти Жозеф Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2024
Жазылуу
Өзөктүк триаданын бекемдөө жана өнүктүрүүгө Америка өкмөтү оңбогондой акча сарптап жатканы боюнча АКШ президенти үн каткан эмес.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байдендин өзөктүк куралды алдын ала айтылган шарттарсыз эле кыскартуу боюнча диалогго Вашингтондун даяр экендигин айтканы — митайымдык жана алдамчылык. Бул туурасында РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды.
"Мунун баары — митайымдык. Өзөктүк куралга алдын ала айтылган шарттарсыз көзөмөл кылууга, стратегиялык туруктуулук боюнча сүйлөшүүгө чакырык салынганы боюнча айткандары калп. "Алдын ала коюлган шарттарсыз" дегени эмнеси? Бул — америкалыктар өздөрүнүн доктриналык документтеринде бизди душман деп жарыялоого, алардын максаты согушта Россияга "стратегиялык жеңилүү" ыйгаруу экенин расмий жар салууга укуктуу болгону", — деген министр.
Байдендин сөзүнө караганда, Россия АКШнын шарттарын кабыл алып, кепке келип, өзөктүк курал боюнча сүйлөшүп башташы керек. Муну менен катар эле Вашингтондон Москвага карата учурда жүргүзүп жаткан саясатынан баш тартууну талап кылбаш керек.
Министр америкалыктар бул нерсени Түндүк Кореяга да сунуштап жаткандыгын белгиледи. Лавров куралданууга көзөмөл жасоо боюнча сүйлөшүүлөр согуштан баш тартуу багытында жана эки тараптын өз ара урматташуусунун негизинде өтүшү керектигин айтты.
"Сага эч кандай шарттарсыз эле сүйлөшүүнү сунуштап, бирок максаты сени согуш талаасында жок кылуу экенин айтса, бул акылга сыя турган нерсеби? Мен "жок" дээр элем", — деген Лавров.
Министр Украина окуясы башталганга чейин Россия Штаттарга жогорудагыдай сунуш киргизгендигин айтты. Ал өзөктүк "бештик" стратегиялык диалог жүргүзүп, АКШ Түндүк Кореядан өзүнүн куралдарын чектөө боюнча сүйлөшүүлөргө кириши керектигин айтканын эске салды.
"Түшүнүктүү себептерден улам Кытай буга макул болгон жок, анткени анын мүмкүнчүлүктөрү азырынча Американын да, биздин да деңгээлде эмес. Андан тышкары, биз менен Кытай эч кандай аскердик союзда турбайбыз, НАТО мүчөлөрү байланып турган милдеттемелерге биз байланган эмеспиз", — деп белгиледи министр.
Ал альянс үч ири державанын (АКШ, Франция, Улуу Британия) союзу экенин белгиледи.
"АКШнын жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрдөгү максаты – өзүн-өзү жарнамалоо жана коомдук пикирди калыптандыруу. Россия менен АКШнын ортосунда куралды чектөө идеясын алдыга сүрөө. Бул жерде Париж менен Лондондун кору каралбайт жана стратегиялык туруктуулукка түздөн-түз байланыштуу болгон өзөктүк эмес куралдар маселесине тийбейт, бул тармакта НАТО бизден кыйла жогору турат", — деп түшүндүрдү Лавров.
Ал диалогду бардык факторлорду эске алып жүргүзүү зарылдыгын, бир тараптуу артыкчылыкка жетүү максатындагы "кооздоп айтылган ураан" колдонуунун кереги жоктугун айтты.
Буга чейин Байден дүйнө өзөктүк арсеналды жок кылууга толук умтулушу зарылдыгын, АКШ Россия, Кытай жана Түндүк Корея менен бул жаатта сүйлөшүүлөргө даярдыгын жар салган эле. Бирок өзөктүк триаданы бекемдөө жана өнүктүрүүгө Америка өкмөтү оңбогондой акча сарптап жатканы тууралуу үн каткан эмес.
ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков Вашингтондун билдирүүсүнө комментарий берип жатып, бул стратегиялык туруктуулук жана кепке келүүгө кызыкдар болгон дүйнөдөгү көпчүлүктүн башын айлантуу деп атаган.
Франциянын улуттук желеги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Франция Россия менен куралдануу жарышына даярдыкты баштаганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0