https://sputnik.kg/20240616/vengr-ilimpozunun-kyrgyz-zhardamchysy-1086137532.html
Венгр илимпозуна жардам берген кыргыздын урпактары изделүүдө. Таберик сүрөт
Венгр илимпозуна жардам берген кыргыздын урпактары изделүүдө. Таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек тарыхый сүрөттөрдү таап, анын таржымалын баяндайт. 16.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-16T19:03+0600
2024-06-16T19:03+0600
2024-06-17T11:38+0600
кыргызстан
венгрия
окумуштуулар
таберик сүрөт
манас
изилдөө
https://sputnik.kg/img/07e8/06/10/1086137657_0:0:1259:708_1920x0_80_0_0_9b432610b682fc096ae63585f390040b.jpg
© Фото / Из архива Каракольского педагогического колледжа им. И. БийбосуноваВенгриялык чыгыш таануучу Дьёрдь Алмаши (сол жакта) гимназиянын окуучулары Шишанская, Куценко жана орус-тузем мектебинин жетекчиси Аким Куценко менен түшкөн сүрөтү 1906-жылы Пржевальск (Каракол) шаарында тартылган.Азыр бул имарат Ильяс Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин мурдагы директору Саламат Молдосанов мындан төрт жыл мурун жогорудагы сүрөттүн тарыхын айтып берген эле. Анын айтымында, атактуу мажар окумуштуусу, этнограф жана зоогеограф Дьёрдь Алмаши 1900-1906 жылдары Иле дарыясын, Көл кылаасынын күнгөйүн жана Тянь-Шандын табиятын изилдеген.Ал ушу тапта колледж менен Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги Турган Бердикенин урпактарын издеп жатканын кошумчалады.Тема боюнча:
венгрия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Алмаз Батилов
https://sputnik.kg/img/103775/51/1037755107_495:176:1631:1313_100x100_80_0_0_6d37951a1bcf8d565551fa13daabd17f.jpg
Алмаз Батилов
https://sputnik.kg/img/103775/51/1037755107_495:176:1631:1313_100x100_80_0_0_6d37951a1bcf8d565551fa13daabd17f.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/10/1086137657_84:0:1175:818_1920x0_80_0_0_74dd3e132f168e2f9493776fbfec4ddc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Алмаз Батилов
https://sputnik.kg/img/103775/51/1037755107_495:176:1631:1313_100x100_80_0_0_6d37951a1bcf8d565551fa13daabd17f.jpg
кыргызстан, венгрия, окумуштуулар, таберик сүрөт, манас, изилдөө, инфографика
кыргызстан, венгрия, окумуштуулар, таберик сүрөт, манас, изилдөө, инфографика
Венгр илимпозуна жардам берген кыргыздын урпактары изделүүдө. Таберик сүрөт
19:03 16.06.2024 (Жаңыртылды: 11:38 17.06.2024) Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек тарыхый сүрөттөрдү таап, анын таржымалын баяндайт.
© Фото / Из архива Каракольского педагогического колледжа им. И. Бийбосунова
Венгриялык чыгыш таануучу Дьёрдь Алмаши (сол жакта) гимназиянын окуучулары Шишанская, Куценко жана орус-тузем мектебинин жетекчиси Аким Куценко менен түшкөн сүрөтү 1906-жылы Пржевальск (Каракол) шаарында тартылган.
Азыр бул имарат Ильяс Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин мурдагы директору Саламат Молдосанов мындан төрт жыл мурун жогорудагы сүрөттүн тарыхын айтып берген эле. Анын айтымында, атактуу мажар окумуштуусу, этнограф жана зоогеограф Дьёрдь Алмаши 1900-1906 жылдары Иле дарыясын, Көл кылаасынын күнгөйүн жана Тянь-Шандын табиятын изилдеген.
"Илимпоз кыргыз менен казактардын жашоо-турмушу, музыкалык аспаптары, салты, кийими жана эмгек куралдары жөнүндө этнографиялык маалымат чогулткан. Мындан сырткары, "Манас" эпосунун үзүндүсүн жазып алат. Алмаши Караколдогу орус-тузем мектебинин жетекчиси Аким Куценко менен жылдызы келишип, достошот. 1906-жылы Дьёрдь Кыргызстанга экинчи жолу келип, сүрөттө тартылган имаратта жашаган экен. Ал учурда бул орус-тузем мектеби эле. Бүгүнкү күндө Ильяс Бийбосунов атындагы педагогикалык колледж жайгашкан. Алмашиге "Манас" эпосун изилдөөгө жогорудагы мектептин окуучусу, уруусу бугу Турган Бердике жардам берген. Дьёрдь Венгрияга Бердикени чогуу ала кетет. 1906-жылы Алмаши Будапештте венгр тилинде "Азиянын борборуна саякатым" деген китебин чыгарган. Бердик Турган окумуштууга "Манас" эпосунун үзүндүсүн немец тилине которууга көмөк көрсөтөт. Ошентип 1911-жылы Европада алгачкы жолу "Манас" эпосу немец тилинде чыгарылат. Тилекке каршы, Тургандын кийинки тагдыры белгисиз. 2022-жылы 25-июнда Караколго Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикери Шандор Лежак келип, атайы бизге баш багып Алмашинин мемориалдык тактасын ачкан эле. Ал Дьёрддун жеке архивинде сакталып калган Бердикенин сүрөтүн ала келген", — деген Молдосанов.
Ал ушу тапта колледж менен Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги Турган Бердикенин урпактарын издеп жатканын кошумчалады.