00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
On air
12:57
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:05
39 мин
17:56
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
On air
18:55
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
On air
19:11
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Кыргызстан мөмө-жемиш өндүрүүдө дүйнөдө лидерлердин катарына кантип кошулат?
23:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Колу чолок архитектор, эки баштык апийим. Караколдогу дунган мечитинин тарыхы

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек тарыхый сүрөттөрдү таап, анын таржымалын баяндайт.
© Sputnik /М. Барабанов
Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы кытай архитектурасы боюнча салынган дунган мечитинин сүрөтү 1969-жылы тартылган.
Диний жайдын курулушу тууралуу жергиликтүү тургундар ар түрдүү уламыштарды айтышат. Каракол калаасынын тарыхын бала кезинен изилдеген маркум журналист Равил Вахитов 2020-жылы мечиттин тарыхын архивде табылган маалыматка таянып айтып берген.

"2003-жылы Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивден дунган мечитинин салынышы боюнча документ тапкам. 1862-1883-жылдары борбордук Кытайдын Шеньси жана Ганьсу аймактарында дунган козголоңчулары бийликте турган Цин династиясына каршы согушуп, бирок максатына жетпей калат. 1877-жылы жеңилүүгө дуушар болгон он миң дунган Кыргызстан менен Казакстанга качат. Ганьсу чөлкөмүнөн миңге жакын качкын Бедел ашуусун ашып, Караколго келишет. Аларга падышалык администрация Жети-Өгүз аймагында Марииновка (азыркы Ырдык) айылын негиздөөгө уруксат берет. Бир аз бөлүгү Караколдо отурукташат. Бара-бара бутка туруп, 1907-жылы Ибрагим ажы мечит куруу боюнча демилге көтөрөт. Имаратты дунган стилинде салдырыш үчүн Кытайдан 40 жаштагы архитектор Чжоу-Сыны чакырышат. Ал өзү менен кошо дагы 20 уста ала келет. Кызыгы, Чжоу-Сынын оң колу жок экен. Тактайларга мечитке керектелчү деталдарды чийип берип, андан соң усталар Чжоу-Сынын чиймеси боюнча жыгачтан жасашыптыр. Курулуш үч жылга созулган. Деталдар даяр болгондо мечит үч айдын ичинде тургузулат. Бир да мык колдонулган эмес. 1910-жылы 10-майда салтанаттуу ачылган. Чжоу-Сы усталары менен азыркы Ырдык кыштагында да дунган стилинде мечит салган. Эки мечит салынып бүткөндөн кийин ага падышалык Россиянын акчасы менен акы төлөп берүү сунушталат. Бирок ал сунуштан баш тартып, эки куржун толо апийим менен төлөп бергиле деп өтүнөт. Ошол учурда Кытайда апийимдин баасы абдан жогору экен. Натыйжада ага эки куржун толо апийим берилет. Бирок чек арага жакындап калганда каракчылар кол салып, Чжоу-Сы менен усталарды өлтүрүп, апийимин алып кетишкен. Архивде ушундай маалымат сакталып калган", — деп айтып берген Вахитов.

Ал эми Марииновка (азыркы Ырдык) айылындагы мечит 1916-жылы Үркүн учурунда өрттөнүп кеткен. 1990-жылдары бул кыштакта дунган стилинде кайрадан диний жай салынган.
Тема боюнча:
Кербен жолдун боюндагы шаар. Караколдун архивдик сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0