Айтыңыздар маарек болсун! Садыр Жапаров элди куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Бишкектеги Имам Сарахси атындагы мечитте айт-намазга катышты
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Имам Сарахси атындагы мечитте айт-намазга катышты
 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2024
Жазылуу
Президент ар бир кыргызстандыктын орозодо тилеген тилектери кабыл болушун каалап, элге, мамлекетке ак кызмат кылууга чакырган.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.
"Ислам дининин негизги беш түркүгүнүн бири берекелүү Орозо айы ийгиликтүү аяктап, Айт майрамы кирип келди. Баарыңыздарды Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм", — деген өлкө башчы.
Ал ыймандын бир шагы катары эсептелген орозодо жан дүйнөбүздү тазалап, жаратканга болгон ишенимибизди дагы кыйла бекемдеп, напсибизди тыюу менен бирге ден соолугубузга да кам көрдүк деп белгилеген.
"Муну менен кошо орозодо мээримдүүлүк, боорукерлик сезимдер артып, кайрымдуу иштер арбыйт. Мындан улам бул улуу айда жалпы элибиздин ынтымагы дагы бир ирет чыңдалганына толук ишенем.
Мамлекетибиздин алган багыты дагы эл-журттун жан дүйнөсүн тазартып, жаратмандыкка үндөө, азыркы ааламдашуу агымынан артта калбай, ошол эле маалда дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуяларга олуттуу, салмактуу, сабырдуу мамиле кылуу болуп саналат. Элибиз эзелтеден эле исламдын баалуу көрөңгөлөрүн өзүнүн түптүү каада-салттары менен айкалыштыра жашап келген. Демек, өлкөбүздөгү ар бир кыргыз жараны ар күнкү аракети менен алдыга умтулуп, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошот деген үмүтүм чоң", — деп айтылат куттуктоо сөзүндө.
Президент ар бир кыргызстандыктын орозодо тилеген тилектери кабыл болушун каалап, элге, мамлекетке ак кызмат кылууга чакырган.
"Буга бизде каалоо да, ишеним да, эрк да бар. Ар бирибиз журт биримдигин чыңдоого, сүйүктүү өлкөбүздүн жаркын келечегине үлүшүбүздү кошууга умтулалы", — деген өлкө башчы ар бир үйдө кут-береке, ырыскы көбөйүп, жакшы ой-мүдөөлөрдүн аткарылышына тилектештигин белгилеген.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2024
Кыргызстан үчүн баарыбыз жоопкерчиликти сезе билели. Жапаровдун кайрылуусу
Жаңылыктар түрмөгү
0