1-апрелден тарта Кыргызстанда поезддерге электрондук билет сатыла баштайт

© Фото / пресс-служба "Кыргыз темир жолу"Бишкекте поездин жанында турган жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт
Бишкекте поездин жанында турган жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта GoBus тиркемеси аркылуу Кыргызстан ичиндеги жүргүнчү поезддерге электрондук билеттер сатыла баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Билеттер Бишкек-2 — Кайыңды жана Бишкек-1 — Токмок поезддерине сатылат.
Тиркемеден тышкары, билеттерди Бишкек-2 бекетинин кассасынан алса болот. Акчасын накталай төлөм менен же бардык электрондук капчыктар аркылуу төлөө мүмкүн.
Талас аэропорту курулуп бүттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2024
"Талас" аэропорту курулуп бүттү. Учактар качан каттай баштайт?
Жаңылыктар түрмөгү
0