Кыргыз кереметин жаратуучулардын бири Мурат Алиев. Эскерүү маеги

© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз кереметин жаратуучулардын бири Мурат Алиев
Кыргыз кереметин жаратуучулардын бири Мурат Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Жазылуу
Белгилүү кинооператор Мурат Алиевдин тарткан фильмдери шедеврге айланган. Ал Россия, Азербайжан, Казакстан өлкөлөрүнө чакыруу менен барып, ондогон мыкты көркөм кинокартиналарды камерага түшүргөн. Кинооператор катары өз кесибинен ырахат алып иштеген инсан болгон.
Sputnik Кыргызстандын редакциясында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү кинооператор Мурат Алиевди эскерүү үчүн бир туугандары Кубат Абдылдаев, Назбек Абдылдаев жана шакирти Жандос Жолдошев болду.
Мурат Алиев 1948-жылы 10-декабрда Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң Марлес Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев, Нуртай Борбиевдин жардамчысы болуп иштеген. Кийин Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунда билим алган. ЖОЖду 1979-жылы аяктагандан кийин "Кыргызфильмде" кинооператор болуп иштеген. 80-90-жылдары ата мекендик режиссерлор менен бир нече толук метраждуу көркөм, ондогон кыска метраждуу даректүү тасмаларды тарткан.
Даңк орденинин ээси 2020-жылы 17-июлда узакка созулган оорудан улам 72 жашында көз жумган.
© Sputnik / Асел АкматТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү кинооператор Мурат Алиевдин бир туугандары Кубат Абдылдаев, Назбек Абдылдаев жана шакирти Жандос Жолдошев
Братья  лауреата Токтогульской государственной премии, известного кинематографиста Мурата Алиева Кубат Абдылдаев, Назбек Абдылдаев и его ученик Жандос Жолдошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү кинооператор Мурат Алиевдин бир туугандары Кубат Абдылдаев, Назбек Абдылдаев жана шакирти Жандос Жолдошев
— Нарында туулуп-өскөн Мурат Алиевдин бала чагы, ата теги тууралуу айтсаңыз?
Кубат Абдылдаев: — Биз Нарын шаарына Ак-Булуң айылынан көчүп барыптырбыз. Бирок баарыбыз эле Нарында төрөлүп-өскөнбүз. Байкем Валерий Чкалов атындагы орус мектепти аяктаган. Тынымсейит уруусунанбыз. Атабыз өнөрлүү, уста, май боёктор менен укмуш сүрөттөрдү тарткан сүрөтчү, фотограф, ал гана эмес, автобазада иштеп автоэлектрик да эле. Чыгармачылыкка жакын болгондуктан ыр китептери да бар болчу. Азыр үйдө бирөөсү эле калды. Үч уулу атабыздын өнөрлөрүн бөлүшүп алгандайбыз. Мурат байкем атамдын сүрөтчүлүгүн энчилеген. Экөөнүн тарткан сүрөттөрү сакталуу. Мен устачылыкты жакшы көрөм. Фотоаппарат менен да көп жүрүп калдым. Ал эми инибиз Назбек техникага жакын. Чоң атабыз Аалы Ак-Булуң айылында жашап, оокаттуу болгондуктан кыштоого чыкканда малын Жети-Өгүзгө чейин жайчу экен. Чоң энебизди ата-энеси экинчи нике кылып кудалап берет. Ошол кезде чоң энем чоң атамдын байбичесинин кыздары менен тең болгон. Бирок таятабыз "кудалап койдум эле" деп Үркүн маалында кызын чоң атамдын колуна тапшырып кетет. Чоң атамдар Үркүн убагында Артушка чейин тентип барып келишкен. Келгенден кийин чоң энем 20га толуп, чоң атам менен баш кошкон экен. Кийин чоң атам кулакка тартылып кетип, атабыз чоң энемдин курсагында калыптыр. Төрт жылдан кийин чоң атамдын күмбөзүнө бир кылым болот. Каза болгондо топуракка эчкинин майы менен жүнүн аралаштырып күмбөзүн өзбек усталарга салдырышкан. Ал эми чоң-чоң аталарыбыз Осмон оозунда сөзү бар, жакшылар менен бирге эл аралап жүргөн адам болгон. Көз тийип каза колгон дешет.
© Sputnik / Александр ФедоровНазбек Абдылдаев: — Агам киносуз жашай алчу эмес. Үйгө келгенде "камераны кармабай бир эле жума чыдайм" деп калчу
Известный кинооператор Мурат Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Назбек Абдылдаев: — Агам киносуз жашай алчу эмес. Үйгө келгенде "камераны кармабай бир эле жума чыдайм" деп калчу
— Агаңыз кичине кезиңиздерде көтөрүп багып, башка балдардан коргоп, болушуп да калса керек. Кайсы учурлары эсиңизде?
Назбек Абдылдаев: — Кичинемде байкем ГИКте окуп калып, жылына бир эле жолу каникулга келгенде көрчүмүн. Ошол учурду аябай күтөр элем. Мен 5-6-класста окуп жатканда Нарынга кино тартуучу топ менен келип, Замир Эралиевдин биринчи долбоору катары "Кош бол, Гүлсары" фильми тартылган. Чоң энем экөөбүз да тасмага түшүп калдык. Бирок өкүнүчтүүсү, ал фильм элге жакшы тарабай калды. Ошондон кийин мен оператор болууну самадым. Мурат байкемден ары жак, бери жагын сурап аябай даярдандым. Байкем "Союзда кино тартуучуларды окуткан жалгыз гана институт бар. Ага өтүү кыйын" деп койчу. "Жок, өтөм" деп көшөрүп отуруп, жайында кино тартуучу топ менен экспедицияларга кетчүмүн. "Фудзиямадагы кадыр түн" фильмин тартып жатканда катышып калдым. Ошентип жүрүп 10-классымда атабыз өтүп кетти. Анан байкем "бир үйдө бирөөбүз эле тентийли. Экөөбүз тең темселеп кетсек болбойт" деп койду. Анткени оператордун жумушу ушундай экен да. Такай тоо-ташты аралап үйгө токтошпойт. Ошону менен Союз чачыраган учур болуп, кыялым ишке ашпай калды. Бирок байкемди ээрчип жүрүп, көп залкар инсандарды көрдүм. Болот Шамшиев экөө жакшы иштешти. Союз тарагандан кийин "Салам-Алик" аттуу фирма ачып, бирок 1990-жылдардын башына туш келип, кино тарта алышкан жок. Бул киши киносуз жашай алчу эмес. Ошол мезгилдерде психологиялык жактан абдан кыйналып кетти. Кийин казактардын чакыруусу менен кино тартып алаксыды. Үйгө келгенде "камераны кармабай бир эле жума чыдайм" деп калчу.
© Sputnik / Александр ФедоровКубат Абдылдаев: — Ишин абдан сүйчү. "Мен кино тартуудан чарчабайм, эс алам. Эми карасаңар, эс алганым үчүн да мамлекет айлык төлөп берет" деп ырахат алчу
Известный кинооператор Мурат Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Кубат Абдылдаев: — Ишин абдан сүйчү. "Мен кино тартуудан чарчабайм, эс алам. Эми карасаңар, эс алганым үчүн да мамлекет айлык төлөп берет" деп ырахат алчу
— ГИКке кантип тапшырып калган?
К.А.: — Ортобузда жаш айырмачылыгыбыз бир топ болгондуктан аны толук айта албайбыз. Сүйүндүк деген агабыз бар. Ал кишинин фотоаппаратын көтөрүп, кызыгып ээрчип жүрүп, ГИК тууралуу уккан экен. Кийин "Уркуя" фильмин тартып жатканда ассистент болот. Союздагы жалгыз кинематографисттер институтуна эки жолу тапшырып өтө албай, үчүнчүсүндө гана жолу болгон. Кинооператор болом деп армияга барбай качып жүрүп, эңсеген кесибине жеткен. Ишин абдан сүйчү. "Мен кино тартуудан чарчабайм, эс алам. Эми карасаңар, эс алганым үчүн да мамлекет айлык төлөп берет" деп ырахат алчу.
— Жандос мырза, сиз Мурат Алиевдин шакирти катары кандай өнөрлөрүн, асыл сапаттарын үйрөнө алдыңыз? Деги эле алгач жолугушкан күнүңүздү айтып берсеңиз.
Жандос Жолдошев: — 2013-жылы жогорку окуу жайын аяктап, "Кыргызфильм" киностудиясы оператордун ассистенти кызматына чакырып, барып калдым. "Чолпон-Ата — Алмата", "Курманжан датка", "Кыргыз-казак бир тууган" деген үч кино тартылып жатыптыр. "Кыргыз-казак бир тууган" тасмасында Сапар Койчумановдун кол алдында иштеп калдым. Ага чейин эле агайларыбыз Мурат Алиевдин кесипкөйлүгүн айтып кызыктырып коюшкан. "Курманжан датка" фильминин бет ачарында гана ал кишини көрдүм. Жапалдаш бойлуу, каткырып күлгөн, тамашакөй адам экен. Кийин жакшы таанышып, сүйлөшүп, мени "иним" деп калды. Анткени экөөбүз тең тынымсейит уруусунан экенбиз. Техникага абдан басым жасап, мыкты өздөштүрүүнү талап кылчу. Өзү дайыма үйрөнүүнүн үстүндө жүрчү. Казактын белгилүү кино ишмерлери чогулганда "Казакстанда үч мыкты оператор бар, үчөө тең кыргыз" (Мурат Алиев, Хасан Кыдыралиев жана Сапар Койчуманов — Жолдошев) деп калышчу. Сапар ага экөө замандаш болгону үчүн аябай тамашалашар эле.
© Фото / предоставлено "Айтышфильм"Жандос Жолдошев: — Жапалдаш бойлуу, каткырып күлгөн, тамашакөй адам экен. Кийин жакшы таанышып, сүйлөшүп, мени "иним" деп калды. Анткени экөөбүз тең Тынымсейит уруусунан экенбиз
Известный кинооператор Мурат Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Жандос Жолдошев: — Жапалдаш бойлуу, каткырып күлгөн, тамашакөй адам экен. Кийин жакшы таанышып, сүйлөшүп, мени "иним" деп калды. Анткени экөөбүз тең Тынымсейит уруусунан экенбиз
— Мындай адамдар дос-тууган катышына көп учурда убакыт таппай калчу эле...
К.А.: — Тууган арасында жамандык-жакшылыктарга ыңгайына карап келип турчу. Жеңебиз агабызды дайым колдоп, дем берип, жанында жүрдү.
— Жубайы демекчи, үйдө кандай ата, кандай жар болду?
К.А.: — Экөө бири-бирин түшүнгөн, толуктап турган жубайлардан болгон. Кайсы өлкөгө барса да жубайын ээрчитип алчу. Агабыздын кабак бүркөгөнүн көргөн жокпуз. Бүркөсө да бат эле жазылып кетчү. Өзү абдан көп окуган адам эле. Тарыхты жакшы билчү. Союз тарагандан кийинки кыйынчылыктарга карабай балдарынын баарын окутуп үлгүрдү. Уулу Англияда илим жактоодо, бир кызы сүрөт тартып, акын болуп жүрөт. Кичүү кызы да жеке ишкер болгону менен чыгармачылыкка жакын. Кээде жеңем агама "сен басып жүргөн энциклопедиясың го, балдарыңа билгендериңди айтып берсеңчи" десе, "кызыккан киши өзү сурайт" деп койчу.
Н.К.: — Байкем сурабаган кишиге эч нерсе айтып берчү эмес. "Кызыкпаган адамга айтып кереги жок" деп койчу. Атабыз да ушундай киши болгон.
К.А.: — Мурат байкемди чоң энебиз чоңойтуптур. Өзү да тамашалап "баккан кишиге окшошуп калат экенсиң" деп күлчү. Кийин карасак, чын эле барган сайын чоң энемдин көчүрмөсү болду.
© Фото / предоставлено "Айтышфильм"Назбек Абдылдаев: — Байкем сурабаган кишиге эч нерсе айтып берчү эмес. "Кызыкпаган адамга айтып кереги жок" деп койчу. Атабыз да ушундай киши болгон
Известный кинооператор Мурат Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Назбек Абдылдаев: — Байкем сурабаган кишиге эч нерсе айтып берчү эмес. "Кызыкпаган адамга айтып кереги жок" деп койчу. Атабыз да ушундай киши болгон
— Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык баштаган бир топ наамдарды алды. Бул киши ошондой учурларда кубанычы менен бөлүштүбү же маани берчү эмес беле?
Н.А.: — Байкем абдан жөнөкөй болчу. Сыйлыкка маани берчү эмес. "60 жылдык мааракеңди өткөрбөйсүңбү" деген досторуна, "ой, анын мага эмне кереги бар. Эл көзүнө той берип, кошумча чогулткандан көрө жубайымды алып жер көрүп келгеним жакшы эмеспи" деп койчу. Жеңемди Роза деп такыр атынан айткан жок, дайыма "Алтына" деп чакырар эле. Анан да байкем ашты абдан сонун басчу.
К.А.: — Байкашымча, операторлордун эмгеги көп бааланбай калат экен. "Курманжан датка" тасмасын башкалар көтөрүп чыккандан кийин гана биздин жетекчилер байкашты. Агабыз Казакстанда да көп эмгек жасады. Биздин өлкө тажырыйбасын, дараметин толук пайдалана алган жок. Сыйлыктарын да кеч берди.
Ж.Ж.: — Бир ирет Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө чакырып, "Курманжан датка" тасмасынын патриоттук маңызы үчүн Мурат Алиевге Ар-Намыс орденин тапшырышкан. Агабыз сыртка чыгып алып тааныштарына телефон чалып, "ай, сенин намысың барбы? Мен мына 60тан өтүп намыстуу болдум" деп тамашалап күлдүргөн эле. Кыргызстанда кино тартканда Мурат Алиев, Хасан Кыдыралиев, Сапар Койчумановдор аз акчага маани бербей иштешчү. Чынында сырттан аларга андан беш эсе көп каражат төлөп беришчү да. Биз таң калып сурасак "алгач сценарийине маани берем. Экинчиден, өлкөңдүн финансылык жагдайын да карашың керек. Мен кыйынмын деп көкүрөктү кере берген туура эмес. Элге да кызмат кылуу зарыл" дечү.
— Ушундай залкар адамдан айрылып калганыбыз өкүнүчтүү...
К.А.: — Ооба, агабыз төрүбүздүн көркү, үйүбүздүн аксакалы болордо өтүп кетти. Байкебиздин бизге болгон мамилесине, эли үчүн жасаган эмгегине ыраазыбыз. Күтүлбөгөн жерден кеткени ичибизде өкүнүч болуп калды.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Жашоого тойбой кетти... Өнөрдүн даткасы Азиз Мурадилаевди эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0