Жашоого тойбой кетти... Өнөрдүн даткасы Азиз Мурадилаевди эскерүү

© Фото / предоставлено Азизом МурадиллаевымКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаев. Архив
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Жазылуу
Азиз Мурадилаев театр сахнасынан тышкары тасма талаасында да кайталангыс образдарды жараткан. Алардын эң негизгиси Садык Шер-Нияз тарткан "Курманжан датка" фильминдеги Алымбек датканын образы болгон. Эли ага "Өнөрдүн даткасы" деген наам ыйгарды.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаевдин жубайы, режиссёрдун жардамчысы Элвира Жумалиева болду. Биз белгилүү таланттын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маектештик.
© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаевдин жубайы, режиссёрдун жардамчысы Элвира Жумалиева
Режиссер Эльвира Жумалиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаевдин жубайы, режиссёрдун жардамчысы Элвира Жумалиева
— Азиз Мурадилаевдин түпкү жери Аксы экенин билебиз. Алгач бала чагы тууралуу айтып берсеңиз?
— Маекке апабыз (Азиз Мурадилаевдин апасы — ред.) да келмек, бирок ден соолугуна байланыштуу келе албай калды. Ал киши бул суроого кенен жооп бермек эле. Негизи Азиз абдан шок бала болгон дешет. Мектепти бүтүрүп эле Кыргыз драма театрынын алдындагы училищеде экөөбүз чогуу окуп калдык. Окууну бүтө электе баш кошуп, 1997-жылы Москвадагы Михаил Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тандоо жүрүп, Азиз өтүп кетти. Ал кезде кош бойлуу элем. 1997-жылы 25-августта Москвага окууга кетти, эртеси, 26-августта, тун уулубуз төрөлдү. Уулун толук 10 айдан кийин көрдү. Азыр Аксыда кайнатамдын эгизи жашайт. Анын улуу баласы Улукбек Бишкекте турат. Бир жумада бир келип кабар алып, бизди бардык жагынан колдоп, жардамдашууга аракет кылат. Кайнатамдын башка да бир туугандары бар. Баары менен жакшыбыз, катышабыз. Тайларыбыз да моралдык жактан колдоо көрсөтүп турушат.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЭлвира Жумалиева: — Эки таланттын ортосунан абдан өнөрлүү бала төрөлөт экен. Азиз жалгыз уул болгондон кийин кудайым андан эч нерсени аябаптыр. Сулуулук, адамкерчилик, талант... Бардык жагынан келишкен, кудай сүйгөн пенде эле. Бир гана өмүрүн кыска берип коюптур
Интервью с киноактером Азизом Мурадиллаевым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Элвира Жумалиева: — Эки таланттын ортосунан абдан өнөрлүү бала төрөлөт экен. Азиз жалгыз уул болгондон кийин кудайым андан эч нерсени аябаптыр. Сулуулук, адамкерчилик, талант... Бардык жагынан келишкен, кудай сүйгөн пенде эле. Бир гана өмүрүн кыска берип коюптур
— Жолдошуңуз ата кесибин аркалаганын айтканы бар…
— Апасы (Анара Сыдыгалиева — ред.) Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, өтө таланттуу актриса, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Атасы (Үсөн Мурадилаев — ред.) да өтө таланттуу актёр болгон. Өкүнүчтүүсү — мамлекет тарабынан эч кандай наам берилген эмес. Атабыз да 42 жашында инсульттан каза болуп калган. Ал кезде Азиз Москвада окууда эле. Улуу балам экиге чыгайын деп калган. Небересин көрүп калды.
Эки таланттын ортосунан абдан өнөрлүү бала төрөлөт экен. Азиз жалгыз уул болгондон кийин кудайым андан эч нерсени аябаптыр. Сулуулук, адамкерчилик, талант... Бардык жагынан келишкен, кудай сүйгөн пенде эле. Бир гана өмүрүн кыска берип коюптур.
© Фото / "Айтыш" фильмЭлвира Жумалиева: — Азиз бардык жагынан чебер болчу. Сахнадагы ролдорун эл талдайт болушу керек, мен үчүн укмуштай талант. Мага анын бардык кылган иши жага берчү
Актер Азиз Мурадилаев и актриса Элина Абай кызы во время съемки фильма Курманжан Датка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Элвира Жумалиева: — Азиз бардык жагынан чебер болчу. Сахнадагы ролдорун эл талдайт болушу керек, мен үчүн укмуштай талант. Мага анын бардык кылган иши жага берчү
— Азиз Мурадилаев ар бир ролду ишендире ойной алчу. Терс каарманды аткарганда таанып турсак да жек көрүп кетчүбүз…
— Ар бир артист пьесаны алганда өзү жазып алышы керек. Азиз эч качан жазчу эмес, жазып берчүмүн. Чоң ролдорду мен карап турчумун, ал жаттачу. Жогоруда айткандай, Азиз бардык жагынан чебер болчу. Сахнадагы ролдорун эл талдайт болушу керек, мен үчүн укмуштай талант. Мага анын бардык кылган иши жага берчү. Азиз өлгөнү театрдан бир да спектакль көргөн жокмун. Бир жылдан ашты, кино да көрө элекмин. Себебин да билбейм.
— Айрым актёрлор ролдун үстүнөн иштеп жатканда аны менен жашап, реалдуу жашоодон четтеп кетерин айтышкан. Ошондой учурун байкадыңыз беле?
— Жок, ал театрдагы жумушун ошол жакта калтырчу. Үйгө балдарына ата, апасына уул, мага жолдош болуп келчү. Жумуш менен үйдү аралаштырчу эмес.
— Актёрлуктан тышкары кандай өнөрлөрү бар эле?
— Сүрөттү укмуш тартчу, тамакты кыйын жасачу. Өтө уста болбосо да ойлонуп бир нерсени майын чыгара жасап койчу. "Мен актёр болбой калсам сүрөтчү, ашпозчу болмокмун" дегени бар.
© Фото / Кыргызский национальный драматический театр имени Т. АбдумомуноваЭлвира Жумалиева: — Кесибин чанганын көрбөдүм. Өзү ооруп калгандан кийин гана кээде акча-тыйындан кыйналганда "башка кесиптин ээси болсом, мүмкүн…" деп калчу эле. Жумушунан ырахат алып иштечү
Актер Азиз Мурадилаев во время спектакля в Кыргызском национальном драматическом театре имени Т. Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Элвира Жумалиева: — Кесибин чанганын көрбөдүм. Өзү ооруп калгандан кийин гана кээде акча-тыйындан кыйналганда "башка кесиптин ээси болсом, мүмкүн…" деп калчу эле. Жумушунан ырахат алып иштечү
— Актёрлор үчүн да материалдык жактан кыйын кезеңдер көп эле болду. Ушул кесипти тандаганына өкүнгөн учурлары болдубу?
— Театрга апасынын курсагында жүргөндө эле келди да. Ошол себептен кесибин чанганын көрбөдүм. Өзү ооруп калгандан кийин гана кээде акча-тыйындан кыйналганда "башка кесиптин ээси болсом, мүмкүн…" деп калчу эле. Жумушунан ырахат алып иштечү.
— Көп жыл жашаган жубайлар бири-бирине окшошо баштайт дешет. Сиз жолдошуңуздан эмнени алып калдыңыз?
— Мен үйдө кичүү кыз болгондуктан ата-энем аябай эркелетип, жумуш жасатпай чоңойтушуптур. Турмушка чыкканда тамакты даамдуу жасай алчу эмесмин. Азиз мага тамакты жакшы жасаганды үйрөттү. Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Адамдарды баалай баштадым. Же убакыттын өтүшү менен келген өзгөрүүбү, билбейм.
© Фото / из личного архива Эльвиры Жумалиевой Элвира Жумалиева: — Үйдө абдан жумшак болчу. "Менин балдарымды урушпа" деп урушсам жаман көрчү. Балдарын адамкерчиликке, ыймандуу болууга үйрөттү
Народный артист КР, актер театра и кино Азиз Мурадилаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Элвира Жумалиева: — Үйдө абдан жумшак болчу. "Менин балдарымды урушпа" деп урушсам жаман көрчү. Балдарын адамкерчиликке, ыймандуу болууга үйрөттү
— Экөөңүздөр эрте баш кошуптурсуздар, мамилеңиздер кандайча башталды эле?
— Мамилебиз деле оюн сымал башталды окшойт. Алгач окууга түшкөндөн кийин кыз-жигит болуп жүрдүк. Ал 18 жашында үйлөндү. Мен 19 жашымда турмушка чыктым. Азизден бир жаш улуу болчумун. 19 жашында балалуу болду. Азиз "үйлөнөм" десе атасы "атасынын оозун урайын, өлүмдөн башкасынын баары эрте болгону жакшы" дегени бар. Азиз да ушул сөздү көп айтчу.
Кийин уулубуз да "ата, сиз жакшы болсоңуз эле үйлөнөм" деп сөз берген. Эми минтип Азиз каза болуп калды. Эстелигин коюп, ашынан кийин кудай буюрса "үйлөнөм" деп жатат.
Үйдө абдан жумшак болчу. "Менин балдарымды урушпа" деп, урушсам жаман көрчү. Балдарын адамкерчиликке, ыймандуу болууга үйрөттү. Азыр эки уулубуз тең кимге кандай мамиле жасоону билет. Ошонун баарын атасы тарбиялап кетти. Улуу балам врач. Башында ал да артист болууну каалаган. Бирок мен болбой койдум. Азыр ординатурада окуп, иштеп да жатат, жакшы кесип тандады деп ойлойм. Кичинем 9-класста окуйт. Ал азыр кесип тандай элек. Бирок экөө тең таланттуу. Улуусу театрга көп барды.
— Уулдарыңыздын ысымдары да өзгөчө...
— Улуу баламдын аты Саади болушу керек экен. Бирок апабыз Шаа коюп коёт. Экинчиси төрөлгөндө Азиз "атам ушул атты койгусу келген" деп Саади койду. Шаа — бул апабыздын уруусу экен. Пушкиндин котормолорун окусам, падышаны мурун Шаа дептир. Ал эми Саади — перстердин акыны. Балдарымды карап отуруп, атасына окшотом. Өзгөчө улуусунун сүйлөгөнү, какшыктаганы окшош. Шаа " атам тирүү кезинде "папа, мен сизди жакшы көрөм" деп айта албай калбадымбы" дейт. Балдарына мурас катары жакшы тарбия калтырды.
© SputnikЭлвира Жумалиева: — Мен үчүн убакыт өтпөгөндөй сезилди. Каза болгонун билип турам, түшүнөм. Бирок ана-мына кирип келчүдөй болуп эле эшикти карап, күтө берем
Актер Азиз Мурадиллаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Элвира Жумалиева: — Мен үчүн убакыт өтпөгөндөй сезилди. Каза болгонун билип турам, түшүнөм. Бирок ана-мына кирип келчүдөй болуп эле эшикти карап, күтө берем
— Жолдошуңуздун каза болгонуна бир жыл болду. Кимдир бирөөлөр үчүн бул көз ачып-жумгуча өткөн мезгил, кээ бирлерге күн өтпөгөндөй сезилет...
— Мен үчүн убакыт өтпөгөндөй сезилди. Каза болгонун билип турам, түшүнөм. Бирок ана-мына кирип келчүдөй болуп эле эшикти карап, күтө берем. Издей берем. Азиз жөнүндө айтсам балдарым ыйлайт. Аларды сооротом. Ошол себептен атасы жөнүндө сөз козгоп жүрөктөрүн ооруткум келбейт. Жумушка барсам сахнадагы ролдору, баскан-турганы көз алдыма тартылат. Жалгыз баланы жоготуу эне үчүн аябай эле кыйын. Апабыз да өзүн таштап жибергендей сезилет. Жакшы эле колдоп жатабыз. Ал деле бизге көргөзбөй ыйлайт. Иши кылса ушинтип эле бири-бирибизди аяп, көңүлүбүздү карап жүрөбүз. Атасы каза болгондон кийин эки балам бир күндө эле чоңоюп кетишти. Көрсө, атасына эркелеп жүрүшчү экен. Шаа бардык жоопкерчиликти өзүнө алган. Жаш болсо да чоң кишидей ойлонот. Андан кеңеш сурап иш кылып калдык. Мурда үйдө акыркы сөздү Азиз айтчу. Азыр Шаа үйдүн кожоюну. Азиз аябай жумшак болчу. Шаа айтканынан кайтпайт.
— Азиз Мурадилаев каза болгондо коомчулук аны "өнөрдүн даткасы" деп элинин жүрөгүнөн түнөк тапканын көрдүк. Тирүү кезинде муну сезе алдыңызбы?
— Кайда барсак эл сыйлап, чуркап келип сүрөткө түшүп турчу. Каза болгондон кийин деле элдин баары жакшы көрүп, сыйлап калганын байкадым. Садык Шерге чоң ыраазычылык билдирем. "Курманжан датка" фильминдеги Алымбек датканын ролу менен Азиз элге абдан таанылды. Мындан тышкары, "Карагыз" фильминде да жакшы ойногон. Спектаклдеринде ар кандай өңүттөгү образдарды мыкты ачып берген. Баарында жакшы ойноду. Кинолордо да бир типтүү актёр болгон жок. Мыкты ролдору калды. Театрдагы акыркысы "Төлгө" спектаклиндеги Ысмайылдын ролу болуп калды. Ошол мезгилде да ооруп жаткан, бирок аягына чыгарды.
— Жолдошуңуз маектеринде "жубайым кыйын" дечү...
— Мени атымдан айтпай дайыма "Элиёт, Футу" деп эркелетчү. Романтиканы аябай жакшы көрчү. 8-мартта, Жаңы жылда ресторанга чакырып, шамдарды жагып койчу. Азыр ошолорун эстеп алып сагынам. Туулган күндөрүбүздө баарыбызды кафеге алып барчу. Шашып жашагандай сезилет. Мени бүт достору менен тааныштырыптыр. Өзү сезгенби, билбейм. Жашоого тойбой кетти.
© Фото / из личного архива Эльвиры Жумалиевой Элвира Жумалиева: — Мен ага "кичине олуттуураак болбойсуңбу" деп көп айтчумун. "Кудайым ушундай жаратса эмне кылайын, жасалма боло албайм" дечү
Народный артист КР, актер театра и кино Азиз Мурадилаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Элвира Жумалиева: — Мен ага "кичине олуттуураак болбойсуңбу" деп көп айтчумун. "Кудайым ушундай жаратса эмне кылайын, жасалма боло албайм" дечү
— Өзү бала кыял, абдан жумшак адамдай сезилчү. Кээде бири-бириңиздерге сын айтып калган учурлар болдубу?
— Мен ага "кичине олуттуураак болбойсуңбу" деп көп айтчумун. "Кудайым ушундай жаратса эмне кылайын, жасалма боло албайм" дечү. Аял-күйөөсү болгондон кийин эч ким жокто кемчиликтерибизди айтышчубуз. Кээде бизде деле таарынышуу болчу. Бирок мен сүйлөбөй койчумун. Тамакка да балдардан чакыртып унчукпай жүрө берсем, анан күлүп "сен күнөөлүү болсоң да мен кечирим сурайм" дечү. Такыр көңүл бурбай коёр элем. Азыр ошолорду эстеп алып, "ии, эмнеге ошенттим экен" дейм.
Жаш кезде кызганычтар болчу. Кийин балдар чоңойгондо кызганбай деле калат экенсиң. Кийин, тескерисинче, ал мени кызганып калган (күлүп).
— Белгилүү инсандын жубайы болуу жоопкерчилиги дагы да өссө керек...
— Ооба, абдан жоопкерчилик артат. "Азиздин аялы минтип жүрөт, антип сүйлөп койду" деп айтат деп эле тартына бересиң. Өзүмдү чектей берем.
Азиздин акыркы күнү эле көз алдыма тартыла берет. "Элиёт, менден сурачуңдун баарын сурап алчы" деп кайра-кайра айта берди. "Эмнени сурайм, сурачу деле эч нерсем жок" деп урушуп коём. Эң биринчи эле "мамамды таштаба" деди. "Ай, өзүң жакшы болосуң" деп анда да урушуп коём. "Шаага керээзимди айттым, Саадини жакшы карагыла, каалаганын алып бергиле" деди. Азыр "ошондо укпай неге уруштум экен" деп өкүнүп коём. Учу-кыйырсыз ойго чөмүлүп, депрессиядан чыга албай жатам.
© Фото / Кыргызский национальный драматический театр имени Т АбдумомуноваЭлвира Жумалиева: — "Мүмкүн минтсем кандай болмок" деген ар кандай суроолор менен бир жыл жашадым. Азиз өлгөндөн кийин эки ай соолуп жаттым. Эч нерсе кылганым жок. Акыры "сен эмне Кудайдан да бийиксиңби, антип акаарат кылбагын" деген сөз уккандан кийин өзүмдү колго алууга аракет жасадым
Актер театра и кино, заслуженный артист КР Азиз Мурадилаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Элвира Жумалиева: — "Мүмкүн минтсем кандай болмок" деген ар кандай суроолор менен бир жыл жашадым. Азиз өлгөндөн кийин эки ай соолуп жаттым. Эч нерсе кылганым жок. Акыры "сен эмне Кудайдан да бийиксиңби, антип акаарат кылбагын" деген сөз уккандан кийин өзүмдү колго алууга аракет жасадым
— Апасы да маегинде мүмкүн эртерээк донор табылып калса болор беле деген миң түрдүү ойлор келе берерин айтыптыр...
— 2022-жылы июлдун аягында ооруканага жаткан. Врач келип "мүмкүн боорун алмаштырарсыңар" дегенде эле Азиз ошол күнү оруканадан чыгып кетти. Үйгө келгенде Ассолго чалып абалды айтсам, "бир нерсени баштабай жөн тур" деп Азиз урушуп койду. Элден жардам сурагандан намыстанды. "Үйдү саталы" десек балдарын ойлоп, ага да болбоду.
"Мүмкүн минтсем кандай болмок" деген ар кандай суроолор менен бир жыл жашадым. Азиз өлгөндөн кийин эки ай соолуп жаттым. Эч нерсе кылганым жок. Тамак жасай албайм же үй жыйнай албайм. Акыры "сен эмне Кудайдан да бийиксиңби, антип акаарат кылбагын" деген сөз уккандан кийин өзүмдү колго алууга аракет жасадым. Бирок азыр деле ойлоно берем.
Акын Жолон Мамытов менен Кыргыз эл акыны, III даражадагы Манас орденинин ээси Меңди Мамазаирова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2024
Меңди Мамазаированын уулу: апам эми да мыкты чыгармаларды жаратарына ишенем
Жаңылыктар түрмөгү
0