https://sputnik.kg/20240214/salmak-koshuu-sebep-dieta-1082669897.html
Бир түндө салмак кошуунун 9 себеби айтылды
Бир түндө салмак кошуунун 9 себеби айтылды
Sputnik Кыргызстан
Бир күндө салмак кошууга стресс, уйку, суунун жетишсиздиги себеп болот. 14.02.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-02-14T08:34+0600
2024-02-14T08:34+0600
2024-02-19T11:25+0600
диета
ден соолук
спорт
салмак
россия
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0d/1082678084_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_8563c23ff05ee3ac9e0fc8cb25a570cf.jpg
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бир түн ичинде бир аз салмак кошуу кадыресе көрүнүш экенин "Доктор Питер" басылмасы фитнес-машыктыруучу Джесс Сатхардга таянып жазды.Адистин айтымында, бул диетадан же машыгудан майнап чыкпай калды дегенди түшүндүрбөйт. Сатхард бир түндө салмак кошуунун негизги тогуз себебин санап берди.Интенсивдүү машыгуу. Узакка чуркоо же активдүү машыгуудан кийин организм стресске кабылат. Бирок бул кадыресе көрүнүш. Булчуңдар түн ичинде кайрадан калыбына келе баштагандыктан салмак кошулушу мүмкүн.Уйку. Адам уйкуга канышы керек, болбосо организмде суу кармалып, адам эртең менен шишип калат.Суунун жетишсиздиги. Суусаган учурда бөйрөк сууну өзүнө кармап калууга аракет кылат. Мындан улам салмак кошулушу мүмкүн.Тамак-ашта клетчатканын жетишсиздиги. Бул азык ичегинин иштешине жардам берет. Ал жетишпеген учурда ич катып, салмак кошулат.Кеч тамактануу. Кечкисин тамак ичип эле уйкуга кирүү туура эмес. Мындан ашказан кыйналып, уйку бузулат. Салмакка да терс таасирин тийгизет.Аялдардын этек кири. Бул учурда гормондор өзгөрүп, аял 2-3 килограммга чейин салмак кошушу мүмкүн. Адистин айтымында, бул дагы табигый көрүнүш, процесс бүткөн соң салмак ордуна келет.Алкоголь. Спирт ичимдигин ичкенде организм сууга чаңкап калат, мындан улам шишик пайда болот.Айрымдар катуу стресстен арыктаса, кээ бир адамдар семириши мүмкүн.
https://sputnik.kg/20240213/tish-stomatolog-karylyk-1082647691.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0d/1082678084_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_6e8b83518eda3afdfd78fcea395b52bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
диета, ден соолук, спорт, салмак, россия
диета, ден соолук, спорт, салмак, россия
Бир түндө салмак кошуунун 9 себеби айтылды
08:34 14.02.2024 (Жаңыртылды: 11:25 19.02.2024) Бир күндө салмак кошууга стресс, уйку, суунун жетишсиздиги себеп болот.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бир түн ичинде бир аз салмак кошуу кадыресе көрүнүш экенин "
Доктор Питер" басылмасы фитнес-машыктыруучу Джесс Сатхардга таянып жазды.
Адистин айтымында, бул диетадан же машыгудан майнап чыкпай калды дегенди түшүндүрбөйт. Сатхард бир түндө салмак кошуунун негизги тогуз себебин санап берди.
Интенсивдүү машыгуу. Узакка чуркоо же активдүү машыгуудан кийин организм стресске кабылат. Бирок бул кадыресе көрүнүш. Булчуңдар түн ичинде кайрадан калыбына келе баштагандыктан салмак кошулушу мүмкүн.
Уйку. Адам уйкуга канышы керек, болбосо организмде суу кармалып, адам эртең менен шишип калат.
Суунун жетишсиздиги. Суусаган учурда бөйрөк сууну өзүнө кармап калууга аракет кылат. Мындан улам салмак кошулушу мүмкүн.
Тамак-ашта клетчатканын жетишсиздиги. Бул азык ичегинин иштешине жардам берет. Ал жетишпеген учурда ич катып, салмак кошулат.
Кеч тамактануу. Кечкисин тамак ичип эле уйкуга кирүү туура эмес. Мындан ашказан кыйналып, уйку бузулат. Салмакка да терс таасирин тийгизет.
Аялдардын этек кири. Бул учурда гормондор өзгөрүп, аял 2-3 килограммга чейин салмак кошушу мүмкүн. Адистин айтымында, бул дагы табигый көрүнүш, процесс бүткөн соң салмак ордуна келет.
Алкоголь. Спирт ичимдигин ичкенде организм сууга чаңкап калат, мындан улам шишик пайда болот.
Айрымдар катуу стресстен арыктаса, кээ бир адамдар семириши мүмкүн.