Дем алышта Бишкекте айыл чарба жарманкелери уюштурулат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖарманкеде сатылып жаткан айыл чарба азык-түлүктөрү. Архиыв
Жарманкеде сатылып жаткан айыл чарба азык-түлүктөрү. Архиыв  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
Иш-чаранын максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге айыл чарба продукцияларын сатууга шарт түзүү.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында 27-28-январь күндөрү кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, жарманке саат 08:00дөн 18:00гө чейин болот.
Иш-чаранын максаты – ата мекендик өндүрүүчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге айыл чарба продукцияларын сатууга шарт түзүп, шаар тургундарына азык-түлүктөрдү дүң баада жеткирүү.
"Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат. Катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчүлөр 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып толук маалымат алса болот", — дешти министрликтен.
Жарманкенин дареги: Биринчи май району, Киев — Раззаков көчөлөрүнүн кесилиши.
Төө буурчак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2024
Айыл чарба министрлиги быйыл картошка менен төө буурчакты азыраак эгүүгө үндөдү
Жаңылыктар түрмөгү
0