75 жашка толмок. Айтылуу тасмаларды тарткан оператор Мурат Алиевдин сүрөттөрү
75 жашка толмок. Айтылуу тасмаларды тарткан оператор Мурат Алиевдин сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Белгилүү кинооператор Мурат Алиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын сүрөттө калган ирмемдерин... 30.12.2023, Sputnik Кыргызстан
Мурат Алиев 1948-жылы 10-декабрда Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң Марлес Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев, Нуртай Борбиевдин жардамчысы болуп иштеген. Кийин Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунда билим алат. ЖОЖду 1979-жылы аяктап келип "Кыргызфильмде" кинооператор болуп, 80-90-жылдары ата мекендик режиссерлор менен иштешип бир нече толук метраждуу көркөм, ондогон кыска метраждуу даректүү тасма тарткан.КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер 2000-жылдардан тарта Россия, Азербайжан, Казакстанга чакыруу менен барып, ондон ашык мыкты көркөм кинокартиналарды камерага түшүргөн. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты акыркы жылдары кинорежиссер Садык Шер Нияздын "Курманжан датка", Артык Сүйүндүковдүн "Шамбала", Руслан Акундун "Көк бөрү", Ермек Турсуновдун "Жат" тасмасынын оператору болгон. Даңк орденинин ээси 2020-жылы 17-июлда узакка созулган оорудан улам 72 жашында көз жумган.Тема боюнча:
Белгилүү кинооператор Мурат Алиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Мурат Алиев 1948-жылы 10-декабрда Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң Марлес Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев, Нуртай Борбиевдин жардамчысы болуп иштеген. Кийин Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунда билим алат. ЖОЖду 1979-жылы аяктап келип "Кыргызфильмде" кинооператор болуп, 80-90-жылдары ата мекендик режиссерлор менен иштешип бир нече толук метраждуу көркөм, ондогон кыска метраждуу даректүү тасма тарткан.
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер 2000-жылдардан тарта Россия, Азербайжан, Казакстанга чакыруу менен барып, ондон ашык мыкты көркөм кинокартиналарды камерага түшүргөн. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты акыркы жылдары кинорежиссер Садык Шер Нияздын "Курманжан датка", Артык Сүйүндүковдүн "Шамбала", Руслан Акундун "Көк бөрү", Ермек Турсуновдун "Жат" тасмасынын оператору болгон. Даңк орденинин ээси 2020-жылы 17-июлда узакка созулган оорудан улам 72 жашында көз жумган.
Ооруканага жатып калган Мелис Убукеевди көргөнү барган сүрөтчү Нурдамир Коңгурбаев, режиссер Болот Шамшиев, оператор Мурат Алиев. Воронцовка айылы, 1980-жыл.
Кызуу иштеген жаш кинематографисттер. Шамшиевдин "Эл арасында" тасмасында Манас Мусаев биринчи, Мурат Алиев экинчи оператордун милдетин аткарган. 1978-жыл
Мурат Алиевдин операторлук жөндөмүн казакстандык кинорежиссерлор жогору баалап, аны иштешүүгө көп чакырып турган. Коңшу республикада ал ондон ашык көркөм тасма тарткан.
"Курманжан датка" кинофильмин жаратууда операторлук милдетти Мурат Алиев аткарган. Ал иши үчүн 2017-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.