42 жашында өлкө башына келген. Турдакун Усубалиевди эскерген сүрөт баян

Жазылуу
Бүгүн республиканы 25 жыл башкарган Турдакун Усубалиевдин туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин сүрөттө калган ирмемдерин чогултту.
Турдакун Усубалиев Кочкор районунун Кочкор кыштагында жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыгып, 1941-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун аяктаган. Эмгек жолун Кочкордогу орто мектептен баштап, кийин партиянын Кочкор райкомунда, Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин аппаратында иштеген. Согуш жылдары аны мамлекет фронтко жөнөтпөй койгондо Компартиянын Борбордук комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу болуп, андан соң он жыл бою Москвада жооптуу кызматтарды аркалаган.
1961-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалганга чейин "Советтик Кыргызстан" гезитинин жооптуу редактору, Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы, Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.
Усубалиев республиканы 1985-жылга чейин башкарып, 25 жыл өлкөнүн башында туруп Москвадагы Хрущёв, Брежнев, Черненко, Андропов, Горбачев менен иштешкен. Ал жылдары Кыргыз ССРинде көптөгөн завод-фабрика, ГЭС, аэропорттор ишке кирип, бир топ маданий жайлар иштей баштаган.
КР Баатыры пенсияга чыккандан кийин Жогорку Кеңешке эки жолу депутат болуп, 2015-жылы 6-сентябрда кайтыш болгон.
© Sputnik / Александр Федоров

Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетин чейрек кылым жетектеген Усубалиев

Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетин чейрек кылым жетектеген Усубалиев - Sputnik Кыргызстан
1/16

Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетин чейрек кылым жетектеген Усубалиев

© Фото / Общественный фонд имени Турдакуна Усубалиева

Турдакун Усубалиев элеттик кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан

Турдакун Усубалиев элеттик кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан - Sputnik Кыргызстан
2/16

Турдакун Усубалиев элеттик кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан

© Sputnik / Александр Федоров

Мамлекеттик ишмер Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн

Мамлекеттик ишмер Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн - Sputnik Кыргызстан
3/16

Мамлекеттик ишмер Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн

© Sputnik / Александр Федоров

1958-61-жылдары Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп калааны башкарган

1958-61-жылдары Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп калааны башкарган - Sputnik Кыргызстан
4/16

1958-61-жылдары Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп калааны башкарган

© Sputnik / Александр Федоров

Мамлекеттик ишмер 42 жашында республика башчылыгына келген

Мамлекеттик ишмер 42 жашында республика башчылыгына келген - Sputnik Кыргызстан
5/16

Мамлекеттик ишмер 42 жашында республика башчылыгына келген

© Фото / Общественный фонд имени Турдакуна Усубалиева

Биринчи катчы Кубадан келип Кыргызстанда билим алган студенттер менен. Ал жылдары өлкөдө чет элдиктер көп окуган

Биринчи катчы Кубадан келип Кыргызстанда билим алган студенттер менен. Ал жылдары өлкөдө чет элдиктер көп окуган - Sputnik Кыргызстан
6/16

Биринчи катчы Кубадан келип Кыргызстанда билим алган студенттер менен. Ал жылдары өлкөдө чет элдиктер көп окуган

© Фото / Общественный фонд имени Турдакуна Усубалиева

Никита Хрущёвго кымыз берген Усубалиев. Фрунзе шаары, 1964-жыл

Никита Хрущёвго кымыз берген Усубалиев. Фрунзе шаары, 1964-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/16

Никита Хрущёвго кымыз берген Усубалиев. Фрунзе шаары, 1964-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Ал республиканы башкарган жылдары экономикалык көрсөткүчтөр бир топ жогорулаган. Сүрөттө ал борбор калаадагы ишканалардын биринде

Ал республиканы башкарган жылдары экономикалык көрсөткүчтөр бир топ жогорулаган. Сүрөттө ал борбор калаадагы ишканалардын биринде - Sputnik Кыргызстан
8/16

Ал республиканы башкарган жылдары экономикалык көрсөткүчтөр бир топ жогорулаган. Сүрөттө ал борбор калаадагы ишканалардын биринде

© Sputnik / Александр Федоров

Косыгинди тосуп алган кыргыз жетекчилери. Азыркы "Манас" эл аралык аэропорту курулуп бүтүп, жаңы ишке кирген учур

Косыгинди тосуп алган кыргыз жетекчилери. Азыркы "Манас" эл аралык аэропорту курулуп бүтүп, жаңы ишке кирген учур - Sputnik Кыргызстан
9/16

Косыгинди тосуп алган кыргыз жетекчилери. Азыркы "Манас" эл аралык аэропорту курулуп бүтүп, жаңы ишке кирген учур

© Sputnik / Александр Федоров

Эл аралаган журт башчысы

Эл аралаган журт башчысы - Sputnik Кыргызстан
10/16

Эл аралаган журт башчысы

© Фото / Общественный фонд имени Турдакуна Усубалиева

КР Баатырынын жакындары мамлекеттик ишмер көп иштегендиктен үйдө чанда эс алганын айтышат. Сүрөттө Усубалиев небереси менен

КР Баатырынын жакындары мамлекеттик ишмер көп иштегендиктен үйдө чанда эс алганын айтышат. Сүрөттө Усубалиев небереси менен - Sputnik Кыргызстан
11/16

КР Баатырынын жакындары мамлекеттик ишмер көп иштегендиктен үйдө чанда эс алганын айтышат. Сүрөттө Усубалиев небереси менен

© Предоставлено Центральным Госархивом КР

Анын тушунда филармония, Тарых музейи, "Ала-Тоо" аянты, "Жеңиш" аянты, борбордогу жер өтмөктөрү курулган

Анын тушунда филармония, Тарых музейи, "Ала-Тоо" аянты, "Жеңиш" аянты, борбордогу жер өтмөктөрү курулган - Sputnik Кыргызстан
12/16

Анын тушунда филармония, Тарых музейи, "Ала-Тоо" аянты, "Жеңиш" аянты, борбордогу жер өтмөктөрү курулган

© Sputnik / Александр Федоров

Мамлекеттик ишмер "легендарлуу" парламенттин депутаты да болгон

Мамлекеттик ишмер "легендарлуу" парламенттин депутаты да болгон - Sputnik Кыргызстан
13/16

Мамлекеттик ишмер "легендарлуу" парламенттин депутаты да болгон

© Фото / Общественный фонд имени Турдакуна Усубалиева

Усубалиев Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган

Усубалиев Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган - Sputnik Кыргызстан
14/16

Усубалиев Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган

© Фото / Общественный фонд имени Турдакуна Усубалиева

Усубалиев байбичеси менен эки уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө ал уулу, небереси жана чөбөрөлөрү менен

Усубалиев байбичеси менен эки уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө ал уулу, небереси жана чөбөрөлөрү менен - Sputnik Кыргызстан
15/16

Усубалиев байбичеси менен эки уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө ал уулу, небереси жана чөбөрөлөрү менен

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Мамлекеттик жана коомдук ишмер узакка созулган оорудан улам 96 жашында кайтыш болгон

Мамлекеттик жана коомдук ишмер узакка созулган оорудан улам 96 жашында кайтыш болгон - Sputnik Кыргызстан
16/16

Мамлекеттик жана коомдук ишмер узакка созулган оорудан улам 96 жашында кайтыш болгон

Тема боюнча:
Геннадий Базаров 30 жашында тарткан. "Көчөдөгү" кызыктуу сүрөттөр
Кыргыздын карлыгач актрисасы... Бакен Кыдыкееванын сейрек сүрөттөрү
Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү
Москвада 65 жыл мурун даңазаланган кыргыз маданияты. Декададагы сейрек сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0