Миңдеген адамдын дартына даба тапкан Миталип Мамытов. Нейрохирургдун сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн атактуу нейрохирург, КРдин Баатыры Миталип Мамытовдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 84 жаштагы профессордун сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Миталип Мамытов 1939-жылы 16-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында жарык дүйнөгө келип, бир жашында согушка кеткен атасынан айрылып, апасынын колунда өскөн. Мектепти аяктаган соң Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайды, борбор калаадагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык менен бүтүргөн. Дарыгер оорукананын бөлүм башчысы, кафедра жетекчиси болуп эмгектенип 33 жашында Ленинградда кандидаттыгын, 48 жашында Киевде докторлугун жактаган. КРдин эмгек сиңирген дарыгери 60 жылдык эмгек жолунда 15 миңден ашык адамдын мээсине операция жасаганга үлгүргөн.
Мамытов 280ден ашык илимий иштин, 8 ойлоп табуунун, 22 рационалдык сунуштун автору. 84 жаштагы профессор азыр да бейтаптарды кабыл алып, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын неврология жана нейрохирургия бөлүмүн жетектеп келет.
© Фото / из семейного архива Мамытовых

Билимге суусаган Миталип эки ЖОЖду кызыл диплом менен аяктаган

Билимге суусаган Миталип эки ЖОЖду кызыл диплом менен аяктаган - Sputnik Кыргызстан
1/15

Билимге суусаган Миталип эки ЖОЖду кызыл диплом менен аяктаган

© Фото / из семейного архива Мамытовых

Студенттик жылдар. Нейрохирург келинчеги менен

Студенттик жылдар. Нейрохирург келинчеги менен - Sputnik Кыргызстан
2/15

Студенттик жылдар. Нейрохирург келинчеги менен

© Фото / из семейного архива Мамытовых

Мамытов Кыргызстанда адамдын мээсине операция жасаган саналуу профессорлордун бири

Мамытов Кыргызстанда адамдын мээсине операция жасаган саналуу профессорлордун бири - Sputnik Кыргызстан
3/15

Мамытов Кыргызстанда адамдын мээсине операция жасаган саналуу профессорлордун бири

© Фото / из семейного архива Мамытовых

Ал илимий даражаларын Россия менен Украинада коргогон

Ал илимий даражаларын Россия менен Украинада коргогон - Sputnik Кыргызстан
4/15

Ал илимий даражаларын Россия менен Украинада коргогон

© Фото / из семейного архива Мамытовых

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги эл аралык иш-чарада чет элдик кесиптештери менен

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги эл аралык иш-чарада чет элдик кесиптештери менен - Sputnik Кыргызстан
5/15

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги эл аралык иш-чарада чет элдик кесиптештери менен

© Фото / из семейного архива Мамытовых

КРдин Баатырлары Миталип Мамытов менен космонавт Салижан Шарипов

КРдин Баатырлары Миталип Мамытов менен космонавт Салижан Шарипов - Sputnik Кыргызстан
6/15

КРдин Баатырлары Миталип Мамытов менен космонавт Салижан Шарипов

© Фото / из семейного архива Мамытовых

Кезинде нейрохирург бир күндө жети операцияга чейин жасачу

Кезинде нейрохирург бир күндө жети операцияга чейин жасачу - Sputnik Кыргызстан
7/15

Кезинде нейрохирург бир күндө жети операцияга чейин жасачу

© Фото / из семейного архива Мамытовых

Миталип Мамытов жубайы менен курсташ, кесиптеш болгон. Экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Алар да ата-энесинин жолу менен кеткен

Миталип Мамытов жубайы менен курсташ, кесиптеш болгон. Экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Алар да ата-энесинин жолу менен кеткен - Sputnik Кыргызстан
8/15

Миталип Мамытов жубайы менен курсташ, кесиптеш болгон. Экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Алар да ата-энесинин жолу менен кеткен

© Фото / из семейного архива Мамытовых

III даражадагы Манас орденинин кавалери бир топ илимдин кандидаты, докторлорун өстүрдү

III даражадагы Манас орденинин кавалери бир топ илимдин кандидаты, докторлорун өстүрдү - Sputnik Кыргызстан
9/15

III даражадагы Манас орденинин кавалери бир топ илимдин кандидаты, докторлорун өстүрдү

© Фото / из семейного архива Мамытовых

Замандаштар. Нейрохирургду колтуктаган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов

Замандаштар. Нейрохирургду колтуктаган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
10/15

Замандаштар. Нейрохирургду колтуктаган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КР

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери 15 миңден ашык операция жасаган. 84 жаштагы нейрохирург азыркыга чейин бейтаптарды кабыл алат

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери 15 миңден ашык операция жасаган. 84 жаштагы нейрохирург азыркыга чейин бейтаптарды кабыл алат - Sputnik Кыргызстан
11/15

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери 15 миңден ашык операция жасаган. 84 жаштагы нейрохирург азыркыга чейин бейтаптарды кабыл алат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер 2011-жылы "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине татып, КР Баатыры болгон

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер 2011-жылы "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине татып, КР Баатыры болгон - Sputnik Кыргызстан
12/15

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер 2011-жылы "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине татып, КР Баатыры болгон

© Sputnik / Эмиль Садыров

Улуттук госпиталда эмгектенген залкар инсан Кыргызстандын нейрохирургдар ассоциациясынын президенти

Улуттук госпиталда эмгектенген залкар инсан Кыргызстандын нейрохирургдар ассоциациясынын президенти - Sputnik Кыргызстан
13/15

Улуттук госпиталда эмгектенген залкар инсан Кыргызстандын нейрохирургдар ассоциациясынын президенти

© Фото / из семейного архива Мамытовых

Академик көп жылдан бери Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неврология жана нейрохирургия бөлүмүн жетектеп, жаш адистерди тарбиялап келет

Академик көп жылдан бери Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неврология жана нейрохирургия бөлүмүн жетектеп, жаш адистерди тарбиялап келет - Sputnik Кыргызстан
14/15

Академик көп жылдан бери Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неврология жана нейрохирургия бөлүмүн жетектеп, жаш адистерди тарбиялап келет

© Sputnik / Эмиль СадыровНейрохирург, Герой КР, академик НАН КР Миталип Мамытов является членом Президиума Ассоциации нейрохирургов Узбекистана, Казахстана, России, Белоруссии, Украины, Турции и Америки.
Нейрохирург, Герой КР, академик НАН КР Миталип Мамытов - Sputnik Кыргызстан
15/15
Нейрохирург, Герой КР, академик НАН КР Миталип Мамытов является членом Президиума Ассоциации нейрохирургов Узбекистана, Казахстана, России, Белоруссии, Украины, Турции и Америки.
Тема боюнча:
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
42 жашында өлкө башына келген. Турдакун Усубалиевди эскерген сүрөт баян
Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0