Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү

Жазылуу
Быйыл КР эл артисти, белгилүү балерина Рейна Чокоеванын 85 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Рейна Чокоева 1938-жылы 13-июлда Жалал-Абад облусундагы Үч-Терек айылында жарык дүйнөгө келип, үч жашында ата-энеси менен борбор калаага келген. Кичинекей чүрпө согуш жылдарында Ленинграддан көчүп келген хореограф мугалимден сабак алып бий дүйнөсүнө аралашкан. Тогуз жашында сиңдиси экөө сынактан өтүп кетип, Ленинград шаарына билим алганы кетет. Өспүрүм кыз жакындарынан алыс, мекенин сагынып тогуз жыл окуган. 1956-жылы жогорку окуу жайды аяктап келип, Опера жана балет театрына кабыл алынган.
III даражадагы Манас орденинин кавалери сахнада 25 жыл болуп, улуттук балетти дүйнөгө тааныткан. Ал эми 1981-жылы "Жизелди" бийлеп балеттен биротоло кеткен. Кийин Бишкектеги хореографиялык мектепти көп жыл жетектеп, бир топ жаштарды тарбиялаган. 85 жаштагы Рейна Чокоева азыр ардактуу эс алууда.
© Sputnik / Александр Федоров

Ленинград хореографиялык окуу жайынын студенти болуп жүргөн жылдар

Ленинград хореографиялык окуу жайынын студенти болуп жүргөн жылдар - Sputnik Кыргызстан
1/14

Ленинград хореографиялык окуу жайынын студенти болуп жүргөн жылдар

© Sputnik / Александр Федоров

"Ак куу көлү" балетинде бийлеген студент кыз. Ленинград шаары, 1955-жыл

"Ак куу көлү" балетинде бийлеген студент кыз. Ленинград шаары, 1955-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/14

"Ак куу көлү" балетинде бийлеген студент кыз. Ленинград шаары, 1955-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Опера жана балет театрындагы репетиция. Бүбүсара Бейшеналиеванын артында турган Рейна Чокоева

Опера жана балет театрындагы репетиция. Бүбүсара Бейшеналиеванын артында турган Рейна Чокоева - Sputnik Кыргызстан
3/14

Опера жана балет театрындагы репетиция. Бүбүсара Бейшеналиеванын артында турган Рейна Чокоева

© Sputnik / Александр Федоров

Балерина "Чолпон" тасмасында. 1959-жыл

Балерина "Чолпон" тасмасында. 1959-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/14

Балерина "Чолпон" тасмасында. 1959-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Театрдын сахнасында даярдык көргөн Уран Сарбагышев менен Рейна Чокоева

Театрдын сахнасында даярдык көргөн Уран Сарбагышев менен Рейна Чокоева - Sputnik Кыргызстан
5/14

Театрдын сахнасында даярдык көргөн Уран Сарбагышев менен Рейна Чокоева

© Фото / из личного архива Рейны Чокоевой

Кыргыз ССРинин эл артисттери, белгилүү балерина Рейна Чокоева менен залкар дирижёр Калый Молдобасанов. Фрунзе шаары, 1975-жыл

Кыргыз ССРинин эл артисттери, белгилүү балерина Рейна Чокоева менен залкар дирижёр Калый Молдобасанов. Фрунзе шаары, 1975-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/14

Кыргыз ССРинин эл артисттери, белгилүү балерина Рейна Чокоева менен залкар дирижёр Калый Молдобасанов. Фрунзе шаары, 1975-жыл

© Фото / из личного архива Рейны Чокоевой

Канадага гастролдоп барган кыргыз маданиятынын өкүлдөрү. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, андан кийин балерина Рейна Чокоева, ырчы Ирина Деркембаева, Самара Токтакунова.

Канадага гастролдоп барган кыргыз маданиятынын өкүлдөрү. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, андан кийин балерина Рейна Чокоева, ырчы Ирина Деркембаева, Самара Токтакунова. - Sputnik Кыргызстан
7/14

Канадага гастролдоп барган кыргыз маданиятынын өкүлдөрү. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, андан кийин балерина Рейна Чокоева, ырчы Ирина Деркембаева, Самара Токтакунова.

© Фото / из личного архива Рейны Чокоевой

Индиялык кесиптештери менен маектешкен Рейна Чокоева

Индиялык кесиптештери менен маектешкен Рейна Чокоева - Sputnik Кыргызстан
8/14

Индиялык кесиптештери менен маектешкен Рейна Чокоева

© Sputnik / Александр Федоров

Чыгармачыл жубайлар: СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен Рейна Чокоева узак убакыт бирге түтүн булаткан. Сүрөттө уулу Мирад үчөө

Чыгармачыл жубайлар: СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен Рейна Чокоева узак убакыт бирге түтүн булаткан. Сүрөттө уулу Мирад үчөө - Sputnik Кыргызстан
9/14

Чыгармачыл жубайлар: СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен Рейна Чокоева узак убакыт бирге түтүн булаткан. Сүрөттө уулу Мирад үчөө

© Sputnik / Александр Федоров

Рейна Чокоева кыргыз балет өнөрүн далайга чейин таанытып, өмүрүн балетке арнаган

Рейна Чокоева кыргыз балет өнөрүн далайга чейин таанытып, өмүрүн балетке арнаган - Sputnik Кыргызстан
10/14

Рейна Чокоева кыргыз балет өнөрүн далайга чейин таанытып, өмүрүн балетке арнаган

© Sputnik / Александр Федоров

Балерина сахнадан кеткенден кийин мугалимдик менен алектенип, Бишкекте хореографиялык мектепти жетектеген

Балерина сахнадан кеткенден кийин мугалимдик менен алектенип, Бишкекте хореографиялык мектепти жетектеген - Sputnik Кыргызстан
11/14

Балерина сахнадан кеткенден кийин мугалимдик менен алектенип, Бишкекте хореографиялык мектепти жетектеген

© Фото / из личного архива Рейны Чокоевой

Кыргыз балет өнөрүнүн чолпон жылдыздары Рейна Чокоева жана Айсулуу Токомбаева замандаштары менен

Кыргыз балет өнөрүнүн чолпон жылдыздары Рейна Чокоева жана Айсулуу Токомбаева замандаштары менен - Sputnik Кыргызстан
12/14

Кыргыз балет өнөрүнүн чолпон жылдыздары Рейна Чокоева жана Айсулуу Токомбаева замандаштары менен

© Sputnik / Александр Федоров

III даражадагы Манас орденинин кавалери Рейна Чокоева легендарлуу министр Күлүйпа Кондучалова менен

III даражадагы Манас орденинин кавалери Рейна Чокоева легендарлуу министр Күлүйпа Кондучалова менен - Sputnik Кыргызстан
13/14

III даражадагы Манас орденинин кавалери Рейна Чокоева легендарлуу министр Күлүйпа Кондучалова менен

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР

85 жаштагы таланттуу инсандын юбилейи быйыл жогорку деңгээлде белгиленүүдө

85 жаштагы таланттуу инсандын юбилейи быйыл жогорку деңгээлде белгиленүүдө - Sputnik Кыргызстан
14/14

85 жаштагы таланттуу инсандын юбилейи быйыл жогорку деңгээлде белгиленүүдө

Тема боюнча:
Москвада 65 жыл мурун даңазаланган кыргыз маданияты. Декададагы сейрек сүрөттөр
Кыргыздын карлыгач актрисасы... Бакен Кыдыкееванын сейрек сүрөттөрү
Сахнадагы 50 жыл. Таланттуу актриса Назира Мамбетованын сүрөттөрү
Айтматов чыгармачылыгын жогору баалаган. Саламат Садыкованын сүрөттөрү
Окуусун таштап театрга качкан Жамал Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0