19 жаштагы балдар инсульт болууда. Кыргызстанда майыптык кантип аныкталат?

© Sputnik / Евгений БиятовМайыптыгы бар кыз. Иллюстративдик сүрөт
Майыптыгы бар кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Жазылуу
Кыргызстанда майыптыгы бар 205 миң адам жашайт. Анын 39 миңи балдар. Майыптыкты аныктоо критерийлери ар өлкөдө айырмаланышы мүмкүн. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны жылдан жылга өсүүдө.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун директору Жаңыл Акбаева жана Бишкек шаардык медициналык-социалдык экспертизалык комиссиянын врач-эксперти Айнагүл Мамбетова болду.
© Sputnik / Асылбек БактыбековРеспубликалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун директору Жаңыл Акбаева
Директор Республиканского центра медико-социальной экспертизы Жаныл Акбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун директору Жаңыл Акбаева
— Кыргызстанда абал кандай? Ушул тармактын көйгөйлүү маселесине токтолсоңуздар?
Жаңыл Акбаева: — Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык жактан коргоо, колдоо боюнча иштер жүрүшү керек. Өлкөдө жылдан-жылга майыптык алгандардын саны өсүүдө. Учурда 205 миңден ашык адамдын майыптыгы бар, анын 39 миңин балдар түзөт. Ал эми жылына 60 миңге жакын адам майыптуулук категорияларын алуу үчүн каттоодон өтөт. Мунун көп фактору бар. Ошондуктан медициналык-социалдык экспертиза боюнча токтом даярдалып, көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы жолдору каралууда. Ага соттолгондор да камтылды. Мындан тышкары, оорулардын жаңы түрлөрү да киргизилип жатат. Майыптыкты аныктоо эрежелери өзгөрүп, эл аралык классификациянын негизинде каттоодон өтөт.
Айнагүл Мамбетова: — Бишкекте майыптык категорияларын алгандар көп. Мунун себеби ички миграцияга да байланыштуу. Анткени көбү айылдардан ири шаарларга келип, Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун бөлүмдөрүнө кайрылат. Кээ бир кардарлар борбордо ооруканада жатып дарылангандыктан, бул жактан кароого туура келет. Жалпылап алганда статистика өсүү үстүндө. Учурда Бишкекте майыптыкты аныктоо боюнча үч комиссия иштеп, көз, психиатриялык оорулар, туберкулёз боюнча атайын топтор иш алып барууда.
© Sputnik / Асылбек БактыбековБишкек шаардык медициналык-социалдык экспертизалык комиссиянын врач-эксперти Айнагүл Мамбетова
Медицинский эксперт Бишкекской городской медико-социальной экспертизы Айнагуль Мамбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Бишкек шаардык медициналык-социалдык экспертизалык комиссиянын врач-эксперти Айнагүл Мамбетова
— Экспертиза боюнча даярдалып жаткан жаңы токтомго кененирээк токтолсоңуз?
Ж.А.: — 2016-жылдан бери кыймыл-аракеттин эл аралык классификациясынын негизинде иштеп жатабыз. Бирок аны толук киргизүү үчүн он жылдай убакыт керек. Бул классификацияга ылайык балдарды да оорусунун даражасына, деңгээлине, жаш курагына жараша бөлдүк. Жаш курагына карата балдар 5 топко бөлүнөт, мында беш даража жана деңгээл каралган. 1-2-3-деңгээлдеги майыптарга жеке ассистент берилбейт. Ал эми 4-5-даражадагы майыптарга жеке ассистент кызматы бөлүнүп, баккан адамга айлык төлөнүп, анын негизинде жеке ассистент кийин пенсия ала алат. Ушул жагы да токтомго кирди. Бизде медициналык-социалдык экспертизага көптөгөн жаңы оорулар кирбей калган. Ал оорулар 1-2 эле пайызды түзчү. Бирок миграциянын кесепетинен кезиктире баштадык. Аны да киргиздик. Анан соттолгондордун арасында майыптар же түрмөдө оорукчан болуп калгандар бар. Бирок муну токтомго киргизүүдөн мурун көпкө талкуулап, иштедик.
— Азыр жеке ассистенттердин саны канчага жетти?
Ж.А.: — Жаңы баштаганда 2018-жылы 6000дин тегерегинде жеке ассистент алынган. Азыр алардын саны 11 миңге жакындап калды. Себеби былтыртан бери бала кезинен баштап ооруган 1-топтогу майыптар да кошулду.
— Бизде майыптыгы бар адамдар негизинен кайсы оорулар менен ооруйт?
Ж.А.: — Дүйнөдө мурункуга салыштырганда жүрөк оору көбөйүп кетти. Бизде ооруп көз жумгандардын 80 пайызы ошол оорудан каза табат. Жаштардын арасында инфаркт көбөйүп, 19 жаштагы бала инсульт болгон учурлар катталууда. Ал эми өпкө дарттары төртүнчү орунда болчу. Азыр өпкөсүнөн жабыркагандардын саны 2000ге жетип, 2-орунга чыкты. Буга ар кандай жугуштуу оорулар жана коронавирус да түрткү берди. Мурда майыптыгы боюнча эксперттик комиссиядан алгачкы жолу өткөн жарандар жылына 2000ге жетпесе, былтыр 3000ден ашкан. Балдар арасында психикалык, неврологиялык оорулар 1000ден, ал эми тубаса оорулар 2000ден ашып кетип жатат.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЖаңыл Акбаева: дүйнөдө мурункуга салыштырганда жүрөк оору көбөйүп кетти. Бизде ооруп көз жумгандардын 80 пайызы ошол оорудан каза табат.
Распространение болезней сердца в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Жаңыл Акбаева: дүйнөдө мурункуга салыштырганда жүрөк оору көбөйүп кетти. Бизде ооруп көз жумгандардын 80 пайызы ошол оорудан каза табат.
— Жогоруда жаңы ооруларды да каттадык дедиңиз. Алар кайсылар?
Ж.А. — Азыр денесин жара сыяктуу ыйлаакча басып кеткен илдеттер пайда болду. Ал ыйлаакчалар жарылып, терини адам көргүс кылат. Анан да сейрек катталуучу амиотрофия дарты көбөйдү.
Мурда жалпы майыптык алган чоң адамдардын саны жылына 8-10 миңди түзсө, 2022-жылы 12 миңди түздү. Бул көңүл бурууну талап кылган оор маселе. Мындай балдардын саны мурда 3-4 миң болсо, быйыл 6 миңге жетти. Ички миграцияны эсепке алганда майыптык алгандар Чүй облусунда көп катталат. Андан кийин Жалал-Абадда, Ош облусунда жана Көлдө көбүрөөк. Жакын туугандардын баш кошуусу, эрте турмушка чыгуу, экологиянын булганышы буга себеп. Тамак-аш да таасир этет.
— Майыптык категориялары кантип аныкталат? Эмнеге басым жасайсыздар?
А. М.: — Ооруп калганда алгач үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылат. Эгер мүмкүнчүлүгү чектелүү адам катары эсептей турган белгилер байкалса бизге жолдомо берет. 18 жашка чейин "бала майыптыгы" катары аныктайбыз, андан кийин 1-2-3-топтогу майыптык категориялары коюлат. Эгер кыймыл-аракети кескин чектелип, бирөөнүн кароосуна муктаж болсо, оорусунун даражасына жараша 1-топтогу майып деп эсептейбиз. Ал эми орточо оордуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды 2-топтогу, функционалдык жетишсиздигине жараша 3-топтогу майып дарты коюлат. Кээ бир ата-энелер балдарына биринчи же экинчи топтогу майып категориясын коюп берүүнү суранышат. Бирок 18 жашка чейин "бала майыптыгы" гана коюлат. Аны бир жыл, беш жыл жана 18 жылдык мөөнөткө коюп беребиз. Бул организмдин функцияларынын бузулушуна карата бааланат. Жашоо-шарты, мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү болсо, майыптыкка кошуп жеке ассистент жалдап беребиз.
© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАйнагүл Мамбетова: 18 жашка чейин "бала майыптыгы" катары аныктайбыз, андан кийин 1-2-3-топтогу майыптык категориялары коюлат.
НИИ детской онкологии и гематологии РОНЦ имени Н.Н. Блохина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Айнагүл Мамбетова: 18 жашка чейин "бала майыптыгы" катары аныктайбыз, андан кийин 1-2-3-топтогу майыптык категориялары коюлат.
— Беш жылга же бир жылдык мөөнөткө бөлүп койгонуңуздар кандай?
А.М.: — Майыптык алган адам оорусунун даражасына жараша эксперттик комиссия коюп берген мөөнөткө чейин дарыгердин көзөмөлүндө реабилитацияда болот. Андан кийин ошол аралыктагы дарылануусуна, организминин өзгөргөнүнө карап жеке реабилитация формасын түзүп беребиз. Эгер 1-2-топтогу майыптык категориясы өмүр бою берилсе, анда реабилитациялоо 5 жылга түзүлөт. Эмгекке жарамдуу майыптардын иш реабилитациясына кандай көңүл бурулуп жатканын да карайбыз. Мындан тышкары, атайын мектепте окуган балдарга кандай программа түзүлүшү керектиги тууралуу маалыматтарды Билим берүү министрлигине жөнөтөбүз.
Ж.А.: — Дарылануудан кийин реабилитацияга кирген учурлар да кездешет. Өзгөчө жаш балдар реабилитациядан жакшы өтсө, ден соолугу бир топ оңолуп кетиши мүмкүн. Ар бир оорунун багыты, убактысы бар. Дарыланууну канча эрте баштаса, ошончо жакшы. Ата-энелерден көп нерсе көз каранды. Майыптык жогоруда айткандай бир жылга, беш жылга жана 18 жашка чейин берилет. Былтыр бир райондо эле жүрөк оорусу боюнча 93 бала калыбына келтирилди. Кээ бир дарттарга бир-эки жыл дарылануу үчүн убактылуу майыптык берилет. Айрымдар "мен 1-топтогу майып болчумун. Эки жылдан кийин аны алып салды" деп жатпайбы. Саламаттыгына карап алып салынышы мүмкүн. Ал түбөлүк берилбейт. Ал эми буту же колу жокторду кайра-кайра карап кыйнабайбыз. Бир жолу гана текшеребиз. Былтыр 2000ге жакын адамдын майыптык тобун алып салдык. Анын 700ү балдар. Санариптештирүүнүн аркасында ооруган адамдар керектүү документтерди чогултпай калды.
— Ата-энелерди окутуу маселесине кандай көңүл бурулуп жатат? Баары эле майып баланы кароону биле бербейт да...
Ж.А.: — Саламаттык сактоо министрлиги жеке ассистенттерди окутуу маселесин чечип жатат. Бирок бизге кайрылганда ар бир врач кыскача болсо да ата-энелерге кандай кам көрүү керектигин айтып берет. Бул ата-энелердин соцтармакта да тобу бар. Ал жактан маалымат алып, окутуулар жүрөт.
— Медицина өнүгүп жатат. Сиздердин дарыгерлерди окутуу маселеси кандай болуп жатат?
Ж.А.: — Ар бир МСЭКте (медициналык-социалдык эксперттик комиссияда) 3-4 врач иштейт. Ал эми жалпы МСЭКте пульмонолог, кардиолог, неврологдор жана хирургдар бар. Ар бири өз адистиги боюнча окуудан өтүп келет. Экспертиза боюнча гана республикада окутуу жок. Бизге донорлор жардам берет. 2017-2018-жылдары 32 врачты экспертиза боюнча Москвадан жана Санкт-Петербургдан окуттук. Жакында Санкт-Петербургга дагы окууга жиберебиз. Учурда экспертиза кафедрасы ачылып жатат.
Эндокринология борборунун эндокринологу Дилбар Саттарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Кант диабети пандемияга айланды. Эндокринолог Саттарованын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0