00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Праздник, шашлык и скандал: почему длинные выходные опасны для многих семей
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖК комитети мамлекеттик тууну өзгөртүүнү колдоду. Кезек жалпы депутаттарда

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаттары
Жогорку Кеңештин депутаттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2023
Жазылуу
Комитет жыйынына туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков менен Жусуп Матаев чакырылып, кызуу талкуу менен өттү.
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча маселени карап, аны экинчи, үчүнчү окууда колдоду.
Комитет жыйынына туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков менен Жусуп Матаев чакырылып, ал кызуу талкуу менен өттү.
Депутаттардын ичинен Мирлан Самыйкожо кескин каршы чыгып, тууну өзгөртүп кереги жоктугун белгиледи. Ал мамлекеттик бул символикада камтылган улуттук баалуулуктар туурасында кеңири түшүндүрдү. Андан сырткары, өзгөртүүгө макулдугун билдирген эл өкүлдөрү пикирин айтышты. Бир катарлары туунун түсүн кызыл эмес, көк кылып алмаштырууну сунушташты.
Жыйынтыгында, депутаттар мамлекеттик тууну өзгөртүүнү бир добуштан колдошту. Эми аны парламенттин жалпы жыйынына алып киришет.
Эске салсак, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилге бир нече убакыт мурда көтөрүлгөн. Анда Жогорку Кеңештин спикери Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов ЖКнын конституциялык мыйзамдар комитетинде желектеги күндүн нурун эле эмес, түндүктүн чамгарагын да өзгөртүүнү айтып чыккан.
Бирок мындай сунуш коомчулуктун бир бөлүгүнүн нааразылыгын жараткан. Талкуу, ар кыл пикирлерден улам бул боюнча мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да үн каткан.
"Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу", — деген ал.
Туунун алмашып кетишине каршы экенин жакында эле болуп өткөн II Элдик курултайдын делегаттарынан да билдиришкен.
Бул боюнча соңку пикирди президент Садыр Жапаров курултайдын экинчи күнү айткан.
"Кийин спикер Нурлан Шакиевге ушундай болуп жатат деп айткам. Эми желекти оңдоп-түзөө менин компетенцияма кирбейт, Жогорку Кеңеш карайт. Авторлорун чакырып, кеңешип, күндүн нурун кичине түздөп, боз үйдүн чамгарагын 4кө көбөйтүп койбойсуңарбы деп мен сурангам. Ошон үчүн Нурлан Шакиевди тепкилебегиле, мени тепкилегиле", — деген анда мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров буга чейинки Туу күнү менен куттуктоодо бул символиканын кыргыз элинин карт тарыхынан алган орду өзгөчө экенин, аны унутууга эч кимдин акысы жоктугун айткан.
"Көк жиреген кызыл туубуз эгемендикти ар дайым эстетип, эзелтен ата-бабаларыбыздын калтырган таберик мурастарына ээлик кылууга дем берип, Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине болгон ишенимди бекемдеп турганы турган. Андыктан кызыл туубуздун кыргыз элинин карт тарыхынан алган орду өзгөчө! Аны унутууга эч кимдин акысы жок!" — деген анда президент.
Эскерте кетсек, туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Аны Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков иштеп чыккан.
КР эл сүрөтчүсү, мамлекеттик желектин авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Радио
Желектин автору: азыр сунушталып жаткан туу мен көргөн эң начар вариант
Жаңылыктар түрмөгү
0