00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Унутууга акыбыз жок! Президент Мамлекеттик туу күнүнө карата куттуктоо жолдоду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Жазылуу
Туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик туу күнүнө карата куттуктоо жолдоп, Кыргызстан эгемендигине ээ болуп жаңы тарых барагын ачканын, алды менен мамлекеттик символдорун кабыл ала баштаганын эске салды.
Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан кайрылууда ар бир көз карандысыз өлкөнүн туусу башкалардан өзгөчөлөнтүп турган мамлекеттик белгиси болуп саналары айтылган. Ал ошол өлкөнүн эркиндигин туюндуруп, жаркын келечекке жол баштайт.

"Мамлекеттик туу жамы журтту, жалпы коомчулукту бириктирип, жеке кызыкчылыктан жалпы кызыкчылыкка, кокту-колоттук кызыкчылыктан улуттук кызыкчылыкка жетелеп, ар бир жарандын ар-намысын ойготуп, адеп-ыйманын, акыл-эсин жана бекем сабырын калыптандырууга кызмат кылышы керек. Мамлекеттик туубуздун көркүн ачкан түстөр менен андагы бири-бирине бап келип жарашып турган элементтер элибиздин карт тарыхын, социалдык, рухий көркөм маданиятын чагылдырып, ар бир кыргыз жаранынын жан дүйнөсүн шыктандырып турат. Көк жиреген кызыл туубуз эгемендикти ар дайым эстетип, эзелтен ата-бабаларыбыздын калтырган таберик мурастарына ээлик кылууга дем берип, Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине болгон ишенимди бекемдеп турганы турган. Андыктан кызыл туубуздун кыргыз элинин карт тарыхынан алган орду өзгөчө! Аны унутууга эч кимдин акысы жок!" — деди президент.

Жапаров Манастын кырк чоросундай кырк нуру чачыраган күнү менен элдин башын бир мүдөөгө бириктирген түндүгү куп жарашкан кызыл туусунун желбиреп турганы элдин эң башкы бактысы экенин белгилеген.
Сөзүнүн соңунда өлкө башчысы тынчтык, токчулук, ынтымак, береке тилеп, түндүгүн күн шооласы чайыган кызыл туунун көк серпип түбөлүк желбирей беришин каалаган.
Эскерте кетсек, туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Авторлук жамаат: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.
Улуттук кийим кийген жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Бишкекте Ак калпак күнүнө карата бир нече иш-чара өтөт. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0