Торжественное мероприятие по поднятию обновленного флага КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов Кыргызстандын желегиндеги айрым элементтерди өзгөртүүнү сунуштап жатышат. Кеп түндүктүн чамгарагы менен күндүн нуру тууралуу болууда. Тармактык комитет мыйзам долбоорун колдоду. Эми депутаттар аны жалпы жыйында кенен талкуулашмакчы.

Садыр Жапаров: желек боюнча Шакиевди эмес, мени тепкилегиле. Видео

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Өлкө башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Жазылуу
Жапаров ошондой эле буга чейин спикер Нурланбек Шакиев айткан "демөөрчү" өзү экенин ачыктады.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров желекке өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин Элдик курултайда билдирди.
Президенттин айтымында, чет өлкөлүк сапарларга чыкканда андан "Кыргызстан айыл чарба багытында иштейби, күн карама өстүрүп, май чыгарабы?" деп сурашкан. Жапаров дароо эле кеп туу жөнүндө болуп жатканын түшүнгөнүн белгиледи.
"Кийин спикер Нурлан Шакиевге ушундай болуп жатат деп айткам. Эми желекти оңдоп-түзөө менин компетенцияма кирбейт, Жогорку Кеңеш карайт. Авторлорун чакырып, кеңешип, күндүн нурун кичине түздөп, боз үйдүн чамгарагын 4кө көбөйтүп койбойсуңарбы деп мен сурангам. Ошон үчүн Нурлан Шакиевди тепкилебегиле, мени тепкилегиле", — деди Жапаров.
Ал тууга өзгөртүү кирсе, паспорт, унаа номерлерин дароо алмаштыруунун кажети жоктугун, акча сарпталбай турганын кошумчалады.
"Биз 30 жылда 5-6 жолу паспорт алмаштырдык. Эски паспорттун мөөнөтү өткөнгө чейин иштейт, жаңы паспорт жаңы менен кете берет. Машинанын номери деле ошондой. Анан желектерди массалык түрдө алмаштырууга кажет жок", — деп билдирди президент.
Ал ошондой эле буга чейин спикер Нурланбек Шакиев айткан "демөөрчү" өзү экенин ачыктады.
"Нурланбек спонсорлор бар дебеди беле, аны мен айткам. 50-60 желекти мен эле айлыгымдан алмаштырып, мамлекеттин бир тыйынын кетирбей, спонсорлук кылып коёюнчу дегем", — деп ачыктады Жапаров.
Президент сөзүнүн соңунда желек маселесин колдоп берүүнү суранды.
"Желекти оңдогонго мени бир колдоп берип койгулачы эми. Мен силердин суранычыңарды колдоп жатам. Бир суранычым, желекке оңдоп-түзөө киргизүү, желек өзгөрбөйт, ошол бойдон калат", — деп суранды өлкө башчы.
Аэропорттогу жүргүнчү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Президент Жапаров миграцияга кеткендерди өлкөдөн жумуш караштырууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0