https://sputnik.kg/20231111/ak-keme-kutmanaliev-kuttubaev-shamshiev-tasma-taberik-surot-1080366589.html
Актёрлорго катуу талап койгон Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Актёрлорго катуу талап койгон Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат. 11.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-11T20:04+0600
2023-11-11T20:04+0600
2023-11-27T12:38+0600
кыргызстан
маданият
"ак кеме" тасмасы
орозбек кутманалиев
асанкул куттубаев
болот шамшиев
таберик сүрөт
https://sputnik.kg/img/104657/67/1046576745_0:700:2048:1852_1920x0_80_0_0_966b60aafba8c44a073350eff69b4b3f.jpg
© Sputnik / ДроновСолдо биринчи турган КРдин эл артисти, белгилүү актёр Орозбек Кутманалиев, экинчи турган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, таланттуу актёр Асанкул Куттубаев, үчүнчү отурган СССРдин эл артисти, атактуу кинорежиссёр Болот Шамшиев жана жергиликтүү тургундун сүрөтү 1975-жылы Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган.Ал жылы сүрөттөгү чыгармачыл инсандар "Ак кеме" тасмасына катышкан.КРдин эл артисти, белгилүү кинооператор Манас Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.Ал жылы Кутманалиев 42, Куттубаев 61, Шамшиев 34 жашта болгон."Ак кеме" тасмасы кийинки жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104657/67/1046576745_0:294:2048:1830_1920x0_80_0_0_1490080a70fbdbc367d6f4c7e1a90651.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
кыргызстан, маданият, "ак кеме" тасмасы, орозбек кутманалиев, асанкул куттубаев, болот шамшиев, таберик сүрөт, инфографика
кыргызстан, маданият, "ак кеме" тасмасы, орозбек кутманалиев, асанкул куттубаев, болот шамшиев, таберик сүрөт, инфографика
Актёрлорго катуу талап койгон Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
20:04 11.11.2023 (Жаңыртылды: 12:38 27.11.2023) Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
Солдо биринчи турган КРдин эл артисти, белгилүү актёр Орозбек Кутманалиев, экинчи турган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, таланттуу актёр Асанкул Куттубаев, үчүнчү отурган СССРдин эл артисти, атактуу кинорежиссёр Болот Шамшиев жана жергиликтүү тургундун сүрөтү 1975-жылы Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган.
Ал жылы сүрөттөгү чыгармачыл инсандар "Ак кеме" тасмасына катышкан.
КРдин эл артисти, белгилүү кинооператор Манас Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.
"Ак кемеде" мен операторлук милдетти аткарып режиссёр, актёр, актрисалар менен иштешип калдым. Биз эрте туруп, тез кыймылдап, тартуу процесстерине бат эле аралашып кетчүбүз. Ал кезде аппараттар да оор болуп, кээде бир камераны үчөөлөп көтөрчүбүз. Сүрөттө Болот тартыла турчу эпизодду образга кирип актёрлорго түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот. Шамшиев камерага тартар алдында чыгармачыл инсанга, эпизодго тартылчу жөнөкөй адамга да баарын түшүндүрүп берчү. Ал кылдаттык менен иштеп, ар бир кадрга чыгармачыл топту даярдап, андан кийин гана техникаларды даярдатчу. Режиссёр башкаларга талапты катуу койчу. Кинофильмде көрүүчүлөрдү ыйлаткан учурлары бар эмеспи, мисалы, токойдо Орозкулдун Момун чалга кол көтөргөн жерлери бар. Соңунда кичинекей Нургазынын көзүнөн мөлтүрөп жаш аккан эпизодун камерага тартып жатып ыйлап жибергем. Актёр, актрисалар өз ролдорун чыныгы жашоодогудай аткарып, режиссёрдун катуу талаптарына чыдашчу", — деди Мусаев.
Ал жылы Кутманалиев 42, Куттубаев 61, Шамшиев 34 жашта болгон.
"Ак кеме" тасмасы кийинки жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.