https://sputnik.kg/20231102/altyn-kuz-tasmasy-tattybubu-tursunbaeva-taberik-surot-1080146411.html
Тасмадагы акыркы ролу болду... Таттыбүбү Турсунбаеванын таберик сүрөтү
Тасмадагы акыркы ролу болду... Таттыбүбү Турсунбаеванын таберик сүрөтү
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт. 02.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-02T20:04+0600
2023-11-02T20:04+0600
2023-11-27T12:38+0600
кыргызстан
маданият
актриса
таттыбүбү турсунбаева
"алтын күз" тасмасы
таберик сүрөт
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/02/1080146776_0:68:2001:1193_1920x0_80_0_0_bfc624700b44708083448a7d1ad05b0b.jpg
© Sputnik / Александр ФедоровАтактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бала көтөрүп турган сүрөтү 1980-жылы Чүй облусунда тартылган.Ал жылы СССРдин эл артисти, таланттуу режиссёр Төлөмүш Океев белгилүү драматург Мар Байжиевдин сценарийинин негизинде "Алтын күз" тасмасын тартып, актриса небересин көтөргөн элеттик Сүйүндүн ролун аткарган.Кинооператор Шайлообек Алыкулов тартуу иштерин мындайча эскерет.Аталган кинокартинада роль жаратканда Турсунбаева 36 эле жашта болгон. Фильмди тартуу иштери негизинен Фрунзе (азыркы Бишкек), Алматы шаарында жана элет жеринде жүрүп, беш айда соңуна чыккан. Ага Аида Юнусова, Димаш Ахимов, Хамар Адамбаева, Жамал Сейдакматова, Лидия Ашрапова, Макил Куланбаев, Алмаз Кыргызбаев, Асек Жумабаев, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Шайлообек Алыкулов, Орозбек Кутманалиев, Жумаш Сыдыкбекова өңдүү кыргыз, казак элинин таланттуу актёрлору да образ жараткан. Фильм 1981-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Литванын борбору Вильнюста өткөн Бүткүл союздук фестивалда заманбап теманы мыкты ачып бергендиги үчүн атайын сыйлыкка татыган.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/02/1080146776_0:0:2001:1501_1920x0_80_0_0_ba2bc7940e6b8a21cbc72d9103f8dbc0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
кыргызстан, маданият, актриса, таттыбүбү турсунбаева, "алтын күз" тасмасы, таберик сүрөт, сүрөт, инфографика
кыргызстан, маданият, актриса, таттыбүбү турсунбаева, "алтын күз" тасмасы, таберик сүрөт, сүрөт, инфографика
Тасмадагы акыркы ролу болду... Таттыбүбү Турсунбаеванын таберик сүрөтү
20:04 02.11.2023 (Жаңыртылды: 12:38 27.11.2023) Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Sputnik / Александр Федоров
Атактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бала көтөрүп турган сүрөтү 1980-жылы Чүй облусунда тартылган.
Ал жылы СССРдин эл артисти, таланттуу режиссёр Төлөмүш Океев белгилүү драматург Мар Байжиевдин сценарийинин негизинде "Алтын күз" тасмасын тартып, актриса небересин көтөргөн элеттик Сүйүндүн ролун аткарган.
Кинооператор Шайлообек Алыкулов тартуу иштерин мындайча эскерет.
"Тасмага тартылган актер, актриса, атактуу инсандарды режиссер катары Төлөмүш Океев өзү тандаган. Кадыр-баркы артып, атактуу адам болуп калган учуру эле. Ошондон улам белгилүү хирург Мамбет Мамакеев, залкар опера ырчысы Болот Миңжылкыев, жазуучу Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбековду өзү съемкага катыштырган. Ошондой эле казактардын да белгилүү чыгармачыл инсандары тартылган. Мени режиссер кинофильмге экинчи оператор катары чакырткан, биринчи оператор Кадыржан Кыдыралиев болчу. Ишке тойбой турган жаш кезибиз экен, "Алтын күздө" мен телевидениеде иштеген оператордун ролун да жараткам. Ал эми сүрөттөгү Таттыбүбү Турсунбаева ал маалда жаркылдап турган кези болчу. Сулуулугуна баары суктанып калышчу. Ошол кинокартина тартылып бүткөндөн бир жыл өткөн соң кайтыш болуп калды. Таттыбүбү аябай эрте кетти. Көзү тирүү болгондо далай чоң ролдорду жаратмак. Өзүнүн актерлук, чыгармачылык дараметин толук көрсөткөнгө жетише алган жок", — деди Алыкулов.
Аталган кинокартинада роль жаратканда Турсунбаева 36 эле жашта болгон. Фильмди тартуу иштери негизинен Фрунзе (азыркы Бишкек), Алматы шаарында жана элет жеринде жүрүп, беш айда соңуна чыккан. Ага Аида Юнусова, Димаш Ахимов, Хамар Адамбаева, Жамал Сейдакматова, Лидия Ашрапова, Макил Куланбаев, Алмаз Кыргызбаев, Асек Жумабаев, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Шайлообек Алыкулов, Орозбек Кутманалиев, Жумаш Сыдыкбекова өңдүү кыргыз, казак элинин таланттуу актёрлору да образ жараткан. Фильм 1981-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Литванын борбору Вильнюста өткөн Бүткүл союздук фестивалда заманбап теманы мыкты ачып бергендиги үчүн атайын сыйлыкка татыган.