Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү
Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Быйыл КР эл артисти, белгилүү балерина Рейна Чокоеванын 85 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын сүрөттөгү ирмемдерин... 29.10.2023, Sputnik Кыргызстан
Рейна Чокоева 1938-жылы 13-июлда Жалал-Абад облусундагы Үч-Терек айылында жарык дүйнөгө келип, үч жашында ата-энеси менен борбор калаага келген. Кичинекей чүрпө согуш жылдарында Ленинграддан көчүп келген хореограф мугалимден сабак алып бий дүйнөсүнө аралашкан. Тогуз жашында сиңдиси экөө сынактан өтүп кетип, Ленинград шаарына билим алганы кетет. Өспүрүм кыз жакындарынан алыс, мекенин сагынып тогуз жыл окуган. 1956-жылы жогорку окуу жайды аяктап келип, Опера жана балет театрына кабыл алынган.III даражадагы Манас орденинин кавалери сахнада 25 жыл болуп, улуттук балетти дүйнөгө тааныткан. Ал эми 1981-жылы "Жизелди" бийлеп балеттен биротоло кеткен. Кийин Бишкектеги хореографиялык мектепти көп жыл жетектеп, бир топ жаштарды тарбиялаган. 85 жаштагы Рейна Чокоева азыр ардактуу эс алууда.Тема боюнча:
Быйыл КР эл артисти, белгилүү балерина Рейна Чокоеванын 85 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Рейна Чокоева 1938-жылы 13-июлда Жалал-Абад облусундагы Үч-Терек айылында жарык дүйнөгө келип, үч жашында ата-энеси менен борбор калаага келген. Кичинекей чүрпө согуш жылдарында Ленинграддан көчүп келген хореограф мугалимден сабак алып бий дүйнөсүнө аралашкан. Тогуз жашында сиңдиси экөө сынактан өтүп кетип, Ленинград шаарына билим алганы кетет. Өспүрүм кыз жакындарынан алыс, мекенин сагынып тогуз жыл окуган. 1956-жылы жогорку окуу жайды аяктап келип, Опера жана балет театрына кабыл алынган.
III даражадагы Манас орденинин кавалери сахнада 25 жыл болуп, улуттук балетти дүйнөгө тааныткан. Ал эми 1981-жылы "Жизелди" бийлеп балеттен биротоло кеткен. Кийин Бишкектеги хореографиялык мектепти көп жыл жетектеп, бир топ жаштарды тарбиялаган. 85 жаштагы Рейна Чокоева азыр ардактуу эс алууда.
Канадага гастролдоп барган кыргыз маданиятынын өкүлдөрү. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, андан кийин балерина Рейна Чокоева, ырчы Ирина Деркембаева, Самара Токтакунова.
Чыгармачыл жубайлар: СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен Рейна Чокоева узак убакыт бирге түтүн булаткан. Сүрөттө уулу Мирад үчөө