Окуусун таштап театрга качкан Жамал Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөрү
Окуусун таштап театрга качкан Жамал Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
КР эл артисти Жамал Сейдакматованын көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын сүрөттө калган ирмемдерин... 25.09.2023, Sputnik Кыргызстан
Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Ысык-Көлдүн Темир айылында өсүп, Фрунзеде билим алган. Мектепти аяктаган соң ата-энесинин каалоосу менен Москвадагы Жеңил өнөр жай институтуна тапшырган. Табиятынан маданиятка жакын студент 2-курста окуусун таштап, борбор калаадагы театрга кирип алган. Болочоктогу атактуу актрисанын жөндөмүн ал жактагы Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова байкап, 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алдырган. Сахнада Сейдакматова лирикалык, драмалык, комедиялык ондогон образдарды жаратып, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында 32 жылдай эмгектенген. Кийин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты өзү "Тунгуч" театрын негиздеп, жаш таланттарга жол ачкан. Андан сырткары, 20дан ашык тасмада түрдүү образ жаратып, 2021-жылы 16-февралда узакка созулган оорудан улам 82 жашында дүйнө салган.Тема боюнча:
КР эл артисти Жамал Сейдакматованын көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Ысык-Көлдүн Темир айылында өсүп, Фрунзеде билим алган. Мектепти аяктаган соң ата-энесинин каалоосу менен Москвадагы Жеңил өнөр жай институтуна тапшырган. Табиятынан маданиятка жакын студент 2-курста окуусун таштап, борбор калаадагы театрга кирип алган. Болочоктогу атактуу актрисанын жөндөмүн ал жактагы Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова байкап, 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алдырган. Сахнада Сейдакматова лирикалык, драмалык, комедиялык ондогон образдарды жаратып, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында 32 жылдай эмгектенген. Кийин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты өзү "Тунгуч" театрын негиздеп, жаш таланттарга жол ачкан. Андан сырткары, 20дан ашык тасмада түрдүү образ жаратып, 2021-жылы 16-февралда узакка созулган оорудан улам 82 жашында дүйнө салган.
Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" тасмасында Үтүр устанын (Сүймөнкул Чокморов) ат арабанын үстүндө бала-бакырасы менен отурган зайыбы (Жамал Сейдакматова) жана аларды кетиргиси келбеген Уркуя (Таттыбүбү Турсунбаева). 1971-жыл. Ошол тасмада актрисанын боюнан түшүп калган
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен КР эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин "Улан" тасмасында роль жараткан эпизод. Ысык-Көл облусу, 1977-жыл