Кыргызстан жана ШКУнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары кеңешинин жыйыны 25-26-октябрда өтөт. ШКУга тогуз мамлекет кирет, дагы үч өлкө байкоочу макамына ээ, 14 мамлекет өнөктөш болуп саналат.

ШКУнун премьер-министрлери 14 документке кол коюшту. Тизме

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Улукбек ШамбетовБишкектеги кеңейтилген курамда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны
Бишкектеги кеңейтилген курамда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Жыйын бүгүн, 26-октябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.
Документтердин тизмеси:
1.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар (премьер-министрлер) кеңешинин жыйырма экинчи отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;
2.
Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана кеңешмелер жөнүндө отчёту тууралуу Өкмөт башчылар кеңешинин (ӨБК) чечими;
3.
2022-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча ШКУнун финансылык отчёту тууралуу ӨБК чечими;
4.
Шанхай кызматташтык уюмунун 2024-жылга бюджети жөнүндө ӨБК чечими;
5.
Шанхай кызматташтык уюмунун финансылык эрежелери жөнүндө ӨБК чечими;
6.
Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын эмгек акысы, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобо тууралуу ӨБК чечими;
7.
ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы аудиторлор комиссиясынын ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын финансылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча баяндамасы тууралуу ӨБК чечими;
8.
ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) өз ара аракеттенүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө ӨБК чечими (Ташкент ш., 2019-жылдын 2-ноябры);
9.
Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын штаттык расписаниеси боюнча ӨБК чечими;
10.
Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин штаттык расписаниеси жөнүндө чечим;
11.
ШКУ аймагынын сатып алуучулар менен сатуучулардын санариптик жолугушуусунун концепциясы боюнча ӨБК чечими;
12.
2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
13.
ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун санариптик соода чөйрөсүндө кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси (кол коюусуз кабыл алынган);
14.
2024-жылы ШКУда "Экология жылын" өткөрүү боюнча иш-чаралар планы.
Белгилей кетсек, ШКУга тогуз мамлекет мүчө, дагы үч өлкө байкоочу макамына ээ болсо, 14 мамлекет диалог боюнча өнөктөш болуп саналат.
Иш-чарага Беларусь, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан премьер-министрлери катышууда. Ал эми Түркмөнстандан вице-премьер, Индия менен Пакистандан тышкы иштер министрлери келген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйыныда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
ШКУ премьерлеринин жыйыны. Акылбек Жапаров көтөргөн орчундуу маселелер
Жаңылыктар түрмөгү
0