Депутат Сарыбашов аскерге барбаган жигиттер көбөйүп кеткенине тынчсызданды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы келген аскердик кызматкерлер. Архив
Жаңы келген аскердик кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Жазылуу
Эл өкүлү дүйнөдөгү кырдаалды эске алып, өлкө армиясына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов аскерге барбаган жигиттер көбөйүп жатканы тууралуу маселе көтөрдү.
Анын айтымында, бир класстан мектепти 30 бала бүтсө, экөө-үчөө гана аскердик милдетин өтөп, калганы барбай жатат.
"Аскердик кызматка чакырууга жакшы көңүл буруп карасак. Калкыбыздын саны — болгону 7 миллион, биз сапаттуу армияга гана көңүл бурушубуз керек. Андыктан аскердик кызмат өтөөнү жаштарга пропагандалап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп иштейли", — деди эл өкүлү.
Ошондой эле Сарыбашов дүйнөдөгү кырдаалды эске алып, 2024-жылы дагы өлкө армиясын абадан коргонуучу каражаттар жана курал-жарак менен жабдууга өзгөчө маани бергүүгө чакырды. Депутат коопсуз жайлар боюнча да стратегиялык иш-чараларды жасап, даярдануу зарыл деп эсептейт.
Кыргызстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Кыргызстан Россия менен бирге эмнеге ПВО системасын түзүүдө. Экс-жетекчинин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0