Кыргызстан Россия менен бирге эмнеге ПВО системасын түзүүдө. Экс-жетекчинин жообу
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов. Архив
Жазылуу
Аскердик эксперт Кыргызстанга эмнеге абадагы кол салуудан коргонуу боюнча система керек экендигин жана бул кадамды эмнеге Россия менен биргеликте таштап жатканын түшүндүрүп берди.
Президент Владимир Путин Кыргызстан менен Россия биргелешип абадан жасалган чабуулдан коргонуу боюнча (ПВО) системаны түзө турган мыйзамга кол койгон, 23-майда (2023-жыл) Мамлекеттик дума бул мыйзамды ратификациялаган. Документ жамааттык коопсуздуктун Борбор Азия аймагындагы аба мейкиндигинде эки өлкөнүн чек арасын коргоо маселелерин жөнгө салат, ошондой эле кызматтык милдеттерди биргелешип аткарууда абадагы кол салуудан коргонуу күчтөрүн колдонуунун тартибин бекитет.
Абадагы чабуулдан коргонуучу биргелешкен аймактык системасынын бирдиктүү аракеттеринин координациясын Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн башкы командачысы жүргүзөт.
Аталган система КМШ мамлекеттеринин абадагы чабуулдан коргонуу боюнча биргелешкен системанын негизги бөлүгү болуп эсептелет. Мындай документке Армения, Беларусь, Казакстан жана Тажикстан менен да кол коюлган.
Кыргызстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов биргелешип түзүлчү система Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу кадам экенин белгиледи.
"Мамлекет өзүнүн чек араларын, анын ичинде абадагы коопсуздугун сактоону камсыздоого милдеттүү экенин түшүнөбүз. Мындай чоң мейкиндикке, аралыкка көзөмөл кылуу үчүн өзүңдүн ПВОңдун болушу оңой нерсе эмес. Андыктан Кыргызстан Россия менен биргеликте бирдиктүү системаны түзүүдө, бул эки тараптуу эмес, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында жасалып жатат. Мындай форматта бизде "Кантта" бар, эми коргоо ПВО каражаттары менен С-300 түрүндө, бирдиктүү радиолокациялык система да күчтөндүрүлүүдө. Бул кооптуулук туурасында өз учурунда кабарлап жана аны кечикпей жок кылууга мүмкүнчүлүк берет. Ошентип өткөн жылдын 70-жылдарындагы системадан модификацияланган заманбап майнаптуу системага өтөбүз", — деген Бейшенов.
Анын пикиринде, мындай кырдаал жана Россия менен кызматташуу жаматтык Батышты кыжырлантып турат.
"Бирок бизди океандын ары жагындагы өнөктөштөрдүн пикири түйшөлтпөш керек, себеби Кыргызстан кооптуулукту камсыздоого улуттук кызыкчылыктан туруп карашы зарыл. Ал эми аба чектерибиз, тилекке каршы, эң начар камсыздалган. Ушундай гана чечим менен, жамааттык ПВО системасы менен өлкөбүздү коопсуз кыла алабыз. Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, кооптуулукту, анын ичинен террорчулукту эч ким жок кылып койбогондугун эстен чыгарбоо зарыл. Бүгүнкү күндө согушкерлердин колунда болгон бардык жаңы технологиялар, анын ичинде пилотсуз учуучу аппараттар бар. Муну көз жаздымда калтырууга болбойт. Ал эми ПВО учактарды эле эмес, кооптуу болгон учкучсуз аппараттарды талкалап түшөт", — деди эксперт.
Ал аскердик адистердин "аба мейкиндигине көзөмөл кылгандар бардык кырдаалга кожоюндук кыларын" айтып келишкенин эске салды.
"ПВО — жөн гана ракета эмес, асманда, 10-15 чакырым бийиктикке чейинки аймакта эмне болуп жатканына байкоо салып турган заманбап технология. Ар бир объект, бардык учактар, анын ичинде менчиги да, башкасы да, пилотсуз учактар, аба шарлары да баары көзөмөлдө турат. Албетте, кандайдыр бир аба кемеси макулдашпай туруп кирсе же талапка ылайык эмес кадамдарды жасаса, кадимкидей эле кооптуулук жаралышы мүмкүн. ПВО текшергенден кийин ордун аныктап, андай объектилерди жок кылышат. Аба чабуулунан коргонуучу система биз үчүн башкаларга кол салуу үчүн эмес, коргонуу максатында керек. Ичи бузуктар абадан кандай гана түрдөгү болбосун кол салуу жоопсуз калбасын, мизи кайтарыларын билип коюшу керек", — деп түшүндүргөн Бейшенов.
Анын пикиринде, мамлекеттин башчысы менен Коргоо министрлиги туура жана өз учурунда чечим кабыл алган кадамдарды жасап жатат. Кыргызстандын аба мейкиндиги жабык болот, бул — кооптуулукту камсыздоодогу башкы милдет.