"Жамийлада" Сейит, "Бакайдын жайытында" Калык... Назирет Дубашевдин сүрөттөрү
"Жамийлада" Сейит, "Бакайдын жайытында" Калык... Назирет Дубашевдин сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн белгилүү актёр Назирет Дубашевдин туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 70 жашка толгон инсандын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт. 07.09.2023, Sputnik Кыргызстан
Назирет Дубашев 1953-жылы 7-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. Борбор калаадагы №1 мектеп-интернатта 4-класста билим алып жүргөндө москвалык кинорежиссёр Андрон Кончаловский "Биринчи мугалим" тасмасына балдарды издеп келет. Кичинекей Назирет киночуларга жагып калып Субандын ролуна бекитилген. Жаш талант кийин Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайытында" жайлоодогу чоң ата менен чоң апасына шаардан келген неберенин ролун аткарган. Эки жылдан соң Ирина Поплавскаянын "Жамийла" тасмасында Сейиттин образын жараткан. Кинематографияга аралашкан өспүрүм залкарлар менен иштешип, телевидение, радиодо эмгектенген жайы бар. Мектепти аяктаган соң Ленинграддагы окуу жайда билим алып, бирок башка тармак менен кеткен.Тема боюнча:
Бүгүн белгилүү актёр Назирет Дубашевдин туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 70 жашка толгон инсандын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Назирет Дубашев 1953-жылы 7-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. Борбор калаадагы №1 мектеп-интернатта 4-класста билим алып жүргөндө москвалык кинорежиссёр Андрон Кончаловский "Биринчи мугалим" тасмасына балдарды издеп келет. Кичинекей Назирет киночуларга жагып калып Субандын ролуна бекитилген. Жаш талант кийин Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайытында" жайлоодогу чоң ата менен чоң апасына шаардан келген неберенин ролун аткарган. Эки жылдан соң Ирина Поплавскаянын "Жамийла" тасмасында Сейиттин образын жараткан. Кинематографияга аралашкан өспүрүм залкарлар менен иштешип, телевидение, радиодо эмгектенген жайы бар. Мектепти аяктаган соң Ленинграддагы окуу жайда билим алып, бирок башка тармак менен кеткен.
"Бакайдын жайыты" тасмасын тартуу учурунда солдон оңду карай: Назирет Дубашев, Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова, актриса Бүбүсара Рыскулова, СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океев жана бала-бакырасы менен отурган чабандар. Суусамыр жайлоосу, 1965-жыл