"Кыргыз жери" элдик гимнинин автору, акын Түмөнбай Байзаков тууралуу 12 факт
20:12 09.09.2023 (Жаңыртылды: 17:01 25.09.2023)
© Фото / предоставлены Динарой БайзаковойАкын жана талантуу котормочу Түмөнбай Байзаков
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
Жазылуу
Коомчулук Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгын белгилеп жатат. Жалал-Абад шаарындагы эң чоң даңгыр көчөгө анын ысымы ыйгарылып, көзү өткөнүнө карабай алгачкы жолу негизделген Кыргыз Республикасынын Эмгек баатыры артыкчылык даражасындагы ардактуу наам берилди.
Биз бүгүн кыргыз адабиятына кечирээк келген, керемет лирикаларды жана дастандарды жазып, котормочулук менен да артында из калтырган акын тууралуу 12 фактыны сунуштайбыз.
Жалал-Абад шаарына жакын Бөкөй айлында жарык дүйнөгө келген. Туулган мезгили 1923-жылдын 23-сентябры деп белгиленген. Бөкөй азыр Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнө караган он жети айылдын бири. Кыштактын эли Жалал-Абад калаасына жакын болгондон өзбекче, орусча да сүйлөп, шаар маданиятын кыйла эрте сиңирген. Кыр-Жол деген айылда башталгыч мектепте окуган, кийин 1940-жылы өз айлындагы мектептин жети классын бүтүргөн, ал кезде эң чоң деген мектептер жети жылдык гана боло турган. Мугалимдер жетишпегендиктен аны Сузак районундагы Надежда Крупская атындагы жети жылдык мектепке башталгыч класстын мугалими кылып жумушка алышат. Ал кезде болгону 17 жашта эле. Ушул эле жылы Александр Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынан сырттан билим алып баштайт.
© Фото / предоставлены Динарой БайзаковойТүмөнбай Байзаков 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда аскер комиссариатына барып, урушка алуу өтүнүчү менен кайрылат.
Түмөнбай Байзаков 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда аскер комиссариатына барып, урушка алуу өтүнүчү менен кайрылат.
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
Согушка өз ыктыяры менен кетет. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда аскер комиссариатына барып, урушка алуу өтүнүчү менен кайрылат. Аны 1942-жылдын башында Грозный шаарындагы аскердик окуу жайына кабыл алынат да, ошол жерден Советтик Армиянын катарына чакырылып, десанттык бөлүктө кызмат кылат. Ленинград шаарынын тегерек-четиндеги уруштарга катышып жүрүп 1943-жылы катуу жараланып, тылда иштөөгө жиберилет. Согуштан кайтып келгенден кийин 1944-жылдан 1948-жылга чейин мектептеги мугалимдик ишин улантат, Сай айылында жети жылдык мектепке директор болот, 1948-1950-жылдарда Сузак райондук газетасында редакторлук кызматта иштейт.
Борборду көздөй кеткен жол. 27 жашка чейин элет жеринде жашаган Түмөнбай Байзаков Фрунзе шаарына келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, аны 1954-жылы аяктаган. Согуш ардагери, партиянын мүчөсү, орус тилин мыкты өздөштүргөн адис катары аны Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин алдындагы республикалык партиялык мектепке мугалим кылып жиберишет. 1955-жылы "Ала-Тоо" журналынын жооптуу катчысы, Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын адабий консультанты болуп иштөө менен Жазуучулар союзунда баштапкы партиялык уюмунун жетекчиси болуп да жүрөт. СССР жазуучулар союзунун секретариатында улут адабияттары боюнча ар бир союздук республикадан бирден киши кеңешчи болуп иштеген. 1960-1963-жылдары Түмөнбай Байзаков Москвада жашап жүрүп ушул вазийпаны аткарды. 1964-жылдан төрт жыл Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма сөз боюнча мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы, 1968-1979-жылдар ичинде "Кыргызстан" басмасында редактор болуп иштеди.
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой27 жашка чейин элет жеринде жашаган Түмөнбай Байзаков Фрунзе шаарына келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, аны 1954-жылы аяктаган.
27 жашка чейин элет жеринде жашаган Түмөнбай Байзаков Фрунзе шаарына келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, аны 1954-жылы аяктаган.
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
Атын таанытпаган алгачкы ырлары. Кыргыз поэзиясына үнүн даана угузган акындын "Паризаты". Басма сөзгө жарыяланган биринчи ыры – Жалал-Абад облустук "Большевиктик жол" газетасына 1946-жылы чыккан "Тилегим" деген ыры. Негизи 1941-жылдан тартып эле бирин-экин ырларды жазган экен, бирок алары жарык көрбөптүр, кийинки ырлары дале атын акын катары таанытпаптыр. Анын биринчи жыйнагы "Паризат" деген аталышта 1968-жылы болгону жүз бет менен чыгат. 45 жашында биринчи жыйнагын чыгаруу – адабиятка өтө кеч келүү дегендик эле. Ошол биринчи китеби, өзгөчө андагы "Паризат" поэмасы акындын атын адабиятты аздектегендерге дароо таанытат. Бул чыгармасын он жыл жазган, Паризат менен кедей жигит Сулаймандын армандуу сүйүүсүн абдан поэтикалуу, көркөм сөздүн гүлдөрүн терип ачып берген. Ошондон кийин "Биз жакта" (1969), "Кар бетине жаздым кат" (1970), "Мезгил чыйыры" (1972), "Самай берем" (1973), "Оттуу курак" (1975) деген поэтикалык жыйнактары биринин артынан бири чыгып, акынды кыргыз поэзиясынын таанымал өкүлдөрүнүн катарына кошту.
Барандуу барпы таануучу. Кыргыздын залкар акыны Барпы Алыкулов менен бир жерлик болуу менен экөөнүн чогуу жүргөн күндөрү да көп болгон. Түмөнбай Байзаков жыйырма үч жашында алтымыш үчтөгү Барпы апыз менен айтышка түшкөнү белгилүү жана чоң акын жаш жигитке батасын берген. Кийин Барпы Алыкуловдун көп ырларын өз оозунан жазып алган, эл ичинен жыйнаган, китептерин даярдап басмадан чыгарууга катышкан, чыгармачылыгы тууралуу макалаларды жазып, Барпыны Барпы кылууда эмгеги чоң болгон. Акындын көптөгөн ырларын жатка билип, аларды кези келгенде айта коюп да жүрчү. 1991-жылы октябрь айында Барпы акын туулган Ачыдагы, акын экөө барып суу ичип, кеп куруп турган булакка барып зыярат кылып, Чоң-Кыштоодогу Барпынын калыбына келтирилип жаткан үйүнө барганын, акындын 110 жылдыгын масштабдуу деңгээлде белгилөө тууралуу райондун, облустун жетекчилерине кирип дайындап кеткенин Амангелди Төрөканов жазды. Тагдырды караңыз, Сузак районунун таланттарынын барпы темасына кароо-сынагы жүрүп жатканда Түмөнбай Байзаков дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабар келет да, ошол эле жерде Кенжекан Мусаева менен Умсун Карабаева кошок кошуп, акынды жоктоп киргенин жогорудагы автор эскерет. Ошентип бири кем дүйнө дегендей, устаты Барпы Алыкуловдун мааракесине катыша албай калат.
© Фото / предоставлены Динарой БайзаковойАкын, котормочу Түмөнбай Байзаков калемдештери акындар Сооронбай Жусуев (солдо) жана Сүйүнбай Эралиев (оңдо) менен.
Акын, котормочу Түмөнбай Байзаков калемдештери акындар Сооронбай Жусуев (солдо) жана Сүйүнбай Эралиев (оңдо) менен.
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
Котормо өнөрүбүзгө өзгөчө эмгеги сиңген. Жашынан өзбек, орус тилин жеткилең өздөштүрүп, чыгармачылыгынын башталышынан котормо менен алектенген. Өзбек акыны Хамид Алимжандын "Зейнеп менен Аман" поэмасын которуп, ал 1956-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан. Муса Жалилдин немецтик туткунда жатып жазган ырларын которуп, 1962-жылы "Ырларым" деген ат менен, 1979-жылы "Моабит дептери" деген ат менен жарыялап, бул котормолор узак жылдардан бери мектепте окутулуп келди, улуттук адабияттагы мыкты котормолордун бири катары бааланып жүрөт. Максим Рыльскийдин, Кудус Мухаммадийдин, Касым Тангрыкулиевдин, Зульфиянын, Миртемирдин, Рахим-заде Бокинин ыр жыйнактарын, орус эл жомокторун, ырларын, макалдарын таржымалап, бир чети өзүн акын катары өстүрсө, экинчи жагынан кыргыз окурмандарына башка элдердин адабияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк жаратып берди. Акын чыгыш поэзиясын өзгөчө кызыгып окуган, Саади Ширази, Абдурахман Жами сыяктуу айрымдарынын чыгармаларын кыргызчага которгон. Мына ошол таасирден улам чыгыш классикалык акындарынын бейт, рубаи, газел, туюк сыяктуу ыр формаларын өздөштүрүп, өзү да ошол формаларда ыр жазып көргөн, батыш классикалык адабиятындагы он төрт саптан турган сонет формасындагы ырларда да өзүн сынап көргөн.
Лирикаларында согуш жана сүйүү темасы башкы орунда турган. Ал 1941-жылы эле "Согуш" деген ыр жазган экен, анысы кийин гана тандалма жыйнактарына кирген. Ошондон тартып согушка каршы туруу, уруштуу жектөө көптөгөн ырларынын мотивин түзөт. "Бир селкиге жооп" деген ырында мындай саптар бар: "Бетимде тырык көрсөң – согуштан де, бир кезде бетин көздөй ок учкан де, майданда бетин октон катпаптыр де, мендеги сулуулукту сактаптыр де". Анын "Патрондогу каттар" поэмасы да бири-бирине контрасттуу согуш менен сүйүүнүн биригишинен турган чыгарма. "Денемде жатат коргошун", "Жата берсин", "Жол карайт эне" ж.б. ырларында согуш темасы классикалык деңгээлде чагылдырылган. Ал эми сүйүү ырлары ышкы отун ашкере таза сүрөттөгөндүгү, сүйгөн адамдын образын терең ачып бергендиги менен айырмалант.
© Фото / предоставлены Динарой БайзаковойТүмөнбай Байзаковдун кийинки муундарга айтып бере турган көп турмуштук жана чыгармачылык боюнча тажрыйбасы мол эле.
Түмөнбай Байзаковдун кийинки муундарга айтып бере турган көп турмуштук жана чыгармачылык боюнча тажрыйбасы мол эле.
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
Аскиячы жана апыртмачы. Түмөнбай Байзаков жаш чагынан күйдүргү ырларды ырдап, ал ырларын эски адамдар Сузактын Сай, Маркай, Ачы айылдарында азырга чейин айтып келет. Анекдотторду шартка жараша дароо чыгара койгон, анын каармандары жалаң эле жазуучулар эмес, чоң кызматтагылар да боло турган, алардын айрымдары өздөрү жөнүндө мындай шылдың, кер какшык сөздөрдү угуп, жылмайып калса, айрымдары кектенип да жүрдү. Бирок өзү партиянын мүчөсү болсо, тоталитардык коомдо жашаса, бул жагынан таланты тар чөйрөлөрдө гана оозеки формада калып, кеңири эл катмарына 1968-жылы балдар үчүн чыгарган "Азимжандын апыртмалары" деген китебинде гана бир аз көрүнгөн бойдон калды.
Атактуу бажасынын айынан... Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1945-1950-жылдардагы төрагасы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин 1950-1961-жылдардагы биринчи катчысы Исхак Раззаков менен бажачылык жайы бар эле. Түмөнбай Байзаковдун жубайы Софья Султановна менен Исхак Раззаковдун аялы Рауза Ибрагимова тууган болгон. Аталары Пржевальск шаарында дүкөндөрү бар бай көпөс эле. Исхак Раззаков менен Түмөнбай Байзаковдой эки бажа, эки чечен, эки акылман далай кызыктуу окуяларды айтышып, далай бүйүр кызыткан сөздөрдү сүйлөшкөн. 1961-жылдын 8-9-майында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин VI пленуму болуп, анда "эл чарбасын башкарууда жана кадрлар менен иштөөдө кетирген чоң каталары жана кемчиликтери үчүн" партиянын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Исхак Раззаковду күнөөлөгөн учур бар эмеспи. Ошондо Москвага тымызын "сүргүндөгөндө", "ызгаар" бир чети бажасына да тийип, кызматынан жогорулатылбай, китептерине "жашыл жарык" жанбай, сыйлык-наамдар ыйгарылбай ал да "сүргүндөлүп", кийин кызматы да жок кыйла басынып жүрдү.
© Фото / предоставлены Динарой БайзаковойАкын Түмөнбай Байзаков жубайы - Софья, кыздары Дамира, Тамара жана уулу Айбек менен.
Акын Түмөнбай Байзаков жубайы - Софья, кыздары Дамира, Тамара жана уулу Айбек менен.
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
Александр Фадеев атындагы сыйлык ыйгарылган. Фрунзеден сыйлыктардан жолу болбой жүргөндө 1972-жылы Москвада СССРдин жазуучулар союзу менен Советтик Армиянын жана Аскер-деңиз флотунун башкы саясий башкармалыгы Александр Фадеев атындагы сыйлык уюштурат. Ал сыйлык жана медаль Ата Мекенди коргоочуларды даңазалаган авторлорго ыйгарылган. Михаил Шолохов, Борис Полевой, Алексей Сурков, Юрий Бондарев, Николай Тихонов, Владимир Карпов, Александр Чаковский, Расул Гамзатов сыяктуу атактуу жазуучулардын катарында бул кадырлуу сыйлык биздин республикадан Түмөнбай Байзаков менен Сүйүнбай Эралиевге да берилген.
Кереметтен бүткөн "Кыргыз жери". "Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде, аскасы көк асманга тийген кезде, мен дагы жолго чыгам таңды тосо, кучактайм ой-кырларын нурга кошо, улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн, сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн" деген куплет менен башталган ыр азыр жалпы кыргыздардын канын дүргүтүп, мекенчилдик сезимин жогорулаткан бейрасмий гимнге айланды. Ырга Апас Жайнаков керемет обон чыгарып, мукам үндүү Саламат Садыкова биринчи жолу ырдап чыкканда эл толгон филармониянын залында өзүнө жарашкан муруттарын сылап-сылап коюп, өмүрүнүн акыркы жылын өткөрүп жаткан Түмөнбай Байзаков да күлмүңдөп отурган.
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковойүмөнбай Байзаков 1993-жылы апрель айында 70 жаш курагында дүйнө салган.
үмөнбай Байзаков 1993-жылы апрель айында 70 жаш курагында дүйнө салган.
© Фото / предоставлены Динарой Байзаковой
Түмөнбай Байзаковдун урматы. 1993-жылы апрель айында 70 жаш курагында көзү өткөн акынга топурак салууга Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев сыяктуу республиканы мурда-кийин башкарган жетекчилер келет. Сузак районундагы Барпы айылындагы мектепке, Жалал-Абад шаарындагы эң чоң көчөгө, шаардын Спутник кичи районундагы паркка ысымы ыйгарылган. 1986-жылы Ала-Бука районунун Көк-Таш айылындагы жаңы туулган наристени ошол кишинин урматына ырым кылып Түмөнбай атайт. Ал жигит — азыркы белгилүү обончу Түмөнбай Колдошов.