Таланттуу болсо да кезегинде тан алынбаган акын Табылды Муканов тууралуу 12 факт

© Фото / из семейного архива МукановыхАкын Табылды Муканов (сол жакта)
Акын Табылды Муканов (сол жакта) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Жазылуу
Бул сапар окурмандарга акын Табылды Муканов, анын чыгармачылыгы, окуган кишини кайдыгер калтырбаган поэзиясы, жеке тагдыры жана адабияттагы орду туурасында баяндап бермекчибиз.
Боз-Учук айылынын кулуну. Табылды Муканов 1946-жылы 17-январда азыркы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук (Ново-Вознесеновка айылдык кеңеши) айылында туулган. Ошол жерде мектепте окуган. 1962-жылы эле окуучу кезинде "Жамгырдан кийин" деген ыры балдар басылмасы болгон "Жаш ленинчи" журналына жарыяланып, ыр жазуусуна дем-шык берген. 1965-жылдан 1970-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алган.
Гезиттерде эмгектенген. Окууну бүтөрү менен ал мезгилдеги жазып жүргөн жаштар Фрунзеде эптеп иш таап калууну эңсей турган. Аман Токтогулов, Кадыркул Даутов, Беганас Сартов сыяктуу жаңы орозгерлер азыркы "Орто-Сай" базары турган жерге көчөлөрү да, шарты да жок чакан-чакан үйлөрдү салып алган. Ошолордун бири ушул Табылды Муканов болгон. Дымактуу жаш акын 1970-жылдан "Советтик Кыргызстан" (учурдагы "Кыргыз туусу") гезитинде иштеген. Бул басылмага жумушка кирүү аябай кыйын болгон. Атактуу журналист Бектурсун Карабаевдин бөлүмүнө ишке алынып, ал кишинин тарбиясын көп алды. 1976-1980-жылдарда "Мугалимдер газетасында" кабарчылык кызматтарды аркалаган. Басма сөздө иштөө анын чыгармачылык өркүндөөсүнө кыйла шарттарды түзүп бергенин айта кетүүбүз керек.
Балдар поэзиясында орду бар эле. 1973-жылы бар болгону 13 беттен турган балдар үчүн "Шуру жоготкон кыз" деген китеби чыгат. Жаш акындын бул жыйнагынан балдардын дүйнөсүн өз алдынча көрө билгендигин жана көргөндөрүн кичинекейлердин тилинде айтып бере алгандыгын байкайбыз.
Көзү тирүүсүндө өтө чакан үч гана китеби чыккан. Алар 1976-жылы 52 беттен турган "Каректеги жер", 1980-жылы 68 беттен турган "Жүрөктүн кагышы" жыйнактары жана жогорудагы "Шуру жоготкон кыз". "Каректеги жер" жыйнагы 1977-жылы 1-январда Жазуучулар союзунда өткөн талкууда аябай сындалган.
© Фото / из семейного архива МукановыхАкын Табылды Муканов
Акын Табылды Муканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Биринчи жубайы. Клара Шырдакова менен 1967-жылы таанышкан. Кыз анда тарых факультетинин I курсунда окуй турган. Атасы Турдукожо Түп районунун Арал айлынан, апасы Токтокан Тору-Айгыр айылынан болгон, Кларанын балалыгы жана студенттик жылдары көбүнчө ал кезде Рыбачье деп аталган шаарда, таянеси Мариянын үйүндө өткөн. Экөө Чыңгыз Айтматовдун "Бетме-бет" деген чыгармасынын негизинде даярдалган студенттердин спектаклинде роль аткарганда бири-бирин жакшы биле баштаган. Ошол оюнда Тамара Сейденин, Табылды тергөөчүнүн ролун аткарган. Табылды Сейде-Тамарага арнап "Бейтаанышка" деген ырын жазып, бирөөлөрдөн бердирип жиберген. Ошондон кийин ал кызга 1967-жылдын күзүнөн 1968-жылы толук бойдон, 1969-жылы дагы көптөгөн ырларды жана каттарды жазып, махабат сезимдерин билдирген. Кларага арналган "Баллада", "Кларага", "Көл үстүндө Кларага", "Сүйүү деңизи", "Солдат махабаты Кларага" деген сыяктуу он эки ыры жазылган, айрымдары өз кезегинде басма сөзгө да жарыяланган. Жаш акындын каттары менен ырлары бирде Фрунзеден, бирде Боз-Учуктан, бирде Даркан айылындагы "Парус" пионер лагеринен, бирде Кант районундагы Подгорный айылындагы аскердик даярдык базасынан жиберилип келгенин көрөбүз. Ал каттар абдан кызыктуу, өзүнчө бир чыгарма катары окулат, адабий жанр катары изилдеп чыксак, же сүйүү баянын көркөм чыгармага айлантып жазсак жакшы эссе болмок. Сүйгөнүн 1970-жылы ноябрь майрамын туштап Бексырга деген досу экөө Боз-Учукка ала качып, ошол жактан баш кошкон. Шаарга келип, ар жерде батирде жашап кыйынчылыктарды көргөн. 1971-жылы ноябрда биринчи кызы Жоодургүл (Жаркын) төрөлгөн. Кийинки кызы – Айсулуу. Клара ажырашкан соң башка турмушка чыкпаган, ички иштер тармагында эмгектенген. Бир небереси таятасына окшоп кетет, ал Темир Бирназаров тарткан "Белгисиз маршрут" деген фильмде айылдык баланын ролун аткарат.
Экинчи жубайы. Тамара Токтомамбетова менен тогуз жылдай жашады. Алайкуунун кызы. Ал кезде Тамара телеканалда, Табылды "Мугалимдер газетасында" иштеген. Экөө азыркы Батыш автобекети тараптагы Павлодар көчөсүндө жепирейген жер тамда тиричилигин өткөргөн. Элдияр, Элзат, Эрлан аттуу үч балалуу болушкан. Кичүүсү жети айында атасынан ажыраган. Тамара айым 1991-жылдан бери акындын атындагы фондду иштетип келет. Ош шаарында жашайт. Балдары Элдияр – юрист, Элзат – экономист, Эрлан – тилчи.
Акын жана котормочу, басма иштерин уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолдошбай Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Бала кезден арманын көлгө айтып... Акын Жолдошбай Абдыкалыков тууралуу 9 факт
Устаттары. Табылды Муканов көп окуп, дүйнөлүк классикалык поэзияны жетик өздөштүргөн, окумал кыргыз акындарынын бири. Кыргыз университетин аяктап жаткан жылы Александр Твардовскийдин "Василий Теркин" поэмасы боюнча дипломдук ишин жазган, чыгарманын орусча жана кыргызча котормолорун салыштырып чыккан. Рабиндрант Тагор, Гийом Апполинер, Владимир Маяковский, Пабло Неруда, Гарсиа Лорка, Уольт Уитмен, Эдуардас Межелайтес, Роберт Рождественский сыяктуу акындардын чыгармачылык өнөрүн үйрөнгөн. Кыргыздардан Сүйүнбай Эралиев менен Турар Кожомбердиевдин поэзиясын жогору баалаган. Живопись көрүү жана классикалык музыка угуу негизги кызыгууларынан болгон.
Поэзияда эч кимге окшогусу келчү эмес. Ал жашоодо кысылбай, тартынбай жүргөндөй эле поэзияда да эркиндикти каалаган. Салттуу кыргыз ырынын формасына караганда дүйнөлүк "эркин ырчылардын" традициясына сугарылган формадагы бейуйкаш, муун саны, строфасы бузулган ырларды көп жазган.
Окуйлу:
Сен кеттиң, менден
ыдырап... Сөгүлүп! Суук түшүп
жүрөккө – кандарым
шыргалаң.
Унуттум ырымды сен барда
ырдаган.
Соолуду сен койгон гүл дагы
вазага...
Ал кыргыз акындарынын көпчүлүгү түшүп алган жолдон бурулуп чыккан, өз жолун тапкан, ырларын поэзияны окуп табити тарбияланган окурманга ылайыктаган, бирөөнүн эмес, өзүнүн тагдырын жазган, турмуш, жашоо тууралуу философиялык ойлорун ортого таштаган.
© Фото / из семейного архива МукановыхАкын Табылды Муканов
Акын Табылды Муканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Таланттуу экени көзү өткөн соң билинди. Акын 1982-жылдын күзүндө, 1983-жылдын эрте жазында көп ыр жазып катуу иштептир. Бул өмүр соңу экен. Кезегинде Жазуучулар союзуна да кабыл алынган эмес. 1983-жылы көзү өтүп кетти. Көзү өткөн соң 1985-жылы "Молодая поэзия Кыргызстана" аттуу жыйнакка орус тилине которулган ырларынын топтому киргизилген. Анын 1986-жылы чыккан "Жан дүйнө" ыр жыйнагы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаттыгына көрсөтүлүп, көптөгөн адабиятчылар, акындар колдоп, сыйлыкка ээ болгон, бул сыйлык ал кезде өнөр дүйнөсүнө кошулган жаштар үчүн өзгөчө сыйлуу болгон. Бирок аттиң, акын тирүүлөр арасында жок, чыгармачылыгы уланбай калган эле. Акынды урматтаган, билген адамдардын колдоосу менен кийин "Арчадай жашыл элем: каттар, эскерүүлөр, ырлар" (2002), "Тагдыр кайрык: Арчадай жашыл элем...: эскерүүлөр, ырлар" (2016) деген китептери жарык көрүп, кыргыз поэзиясынан өз ордун тапты.
Мүнөзү, тагдыры. Боз-Учукта бала кезде үймөк чөптүн үстүнө чыгып алып китеп окуп, ыр жазып отурчу экен. Бала кыял, ички дүйнөсү таза, доско бай, боорукер адам эле. Коюу өскөн тармал чачы, кара кашы, жазы маңдайы келишкен, жупуну кийинсе да, жупуну жүрсө да сымбаттуу жигитти көрө албагандар да, сыйлагандар да көп болгон. Кошоматты, жасакерленгенди жаман көрчү. Муздак сууга түшчү, балдарына тамак жасай койчу. Ар кандай себептерден улам жумушунан, аялынан кол жууп, ичкиликке берилип калган учурлары анын тагдырын башка нукка бурган. Көзү өткөндөн кийин чыккан "Жан дүйнө" (1986) деген жыйнагына акындын өзүн да, чыгармачылыгын да жакшы билген адабиятчы Кадыркул Даутовдун мындай деп жазганы бар: "36 жыл жер үстүндө жүргөн өмүрү ушунчалык адам суктанарлык бактылуу болдубу? Эмнени көрүп, эмнеге жетинди? Согуштун оор залдарынан кийин жетер-жетпес болуп улана баштаган турмуш шарттарына туш келген көкөй кести жашык мүнөз, жалтаң көз жетимчилик, ... жалаң көйнөк, жалгыз шым, кара ичеги, кара чай студентчилик, ..."анан өйдө көч, ылдый көч" болуп квартирадан квартира издеп, жетер-жетпес маяна менен шаарда жашоо. Анан колдон "тарс" этип асфальтка түшүп чачырап жатып калган дарбыздай талкаланып, ойрону чыккан алгач сүйүү нервин жеп, көңүл көктөмүн кыроолонтуп жүрүп отурган биринчи аялы менен болгон үй-бүлөлүк драма. Эми кичине үстүнө үй, астына аш күтөйүн деп келатканда оору жармашты". Мына ушундай трагедиялар анын ырларында калды, бирок жеке өмүрүн кыйла кыскартты...
© Фото / из семейного архива МукановыхАкын Табылды Муканов
Акын Табылды Муканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Сезимди селт эттирген саптары. "Бул дүйнөдөн көлөкөдөй секин жылып өтүү бар"; "ай кесилген алтын баштай"; "Ай култ этти батышта, Чоң Жетиген окшоп "чоюн кашыкка"; "Сүйрөңдөбөй мени менен кошо өлгүн"; "Пардаңа көлөкөмдү түшүрөмүн"; "Айнегин терезеңдин эритейин, кумарлуу көздөрүмдүн аптабына"; "Булуттарды чыт көйнөктөй айра тартып чагылган"; "Кыз эрини элжиреген эжигей, ак чайнектей катуу төшү зырпылдап"; "Өмүр – поезд рельсадан чыгып кетет бир күнү"; "Байкасак, алда канча оор экен Жер, Күндүн сүйүүсүнөн биздин сүйүү"; "Өпкөмдөн өтүп жатты кара шамал, ыркырап чоочун иттей"; "Түн мактанат, ай-жылдызын алып чыгып койнунан"; "Жаан сенин чачыңдай, шамал сенин ачууңдай, аптап сенин денеңдей"; "Сен кетсең, кеттиң үйдөн – түнөгүмдөн, кетпедиң жүрөгүмдөн"; "Күттүм сени, өтүгүмдүн таманы он жыртылып жез мыктарга толгуча"; "Неликтен жерлер туташ болсо дагы, тагдырлар айрык" ж.б.
Акындын аты сакталып келет. Анын туулган жери Боз-Учуктагы бир көчөгө ысымы ыйгарылган. Жаш акындарга берилүүчү Табылды Муканов атындагы сыйлык уюштурулган. Анын лауреаттары Жыпара Арыкова, Атахан Кожогулов, Жыргалбек Касаболотов. Ош шаарындагы "Алтын уя" деп аталган балдар үйү да анын атын алып жүрөт. Бул мекемени көптөн бери жубайы Тамара Токтомамбетова жетектеп келет.
Жазуучу Сейит Жетимишов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Чоңдорду "Чалканга" чактырган, маданиятты өстүргөн Сейит Жетимишов жөнүндө 10 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0