Мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болуп келди
Депутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болуп келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Жазылуу
Бакировго штабынын жетекчиси шайлоо өнөктүгү учурунда добуш сатып алган деген айып тагылууда.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Депутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болуп келди. Жаңы эл өкүлү парламентте бүгүн ант берип, кызматына киришти.
Эскерте кетсек, Бакировду мандаттан ажыратуу чечимин Бишкек административдик соту 7-июнда кабыл алган. кийин аны Бишкек шаардык соту да, Жогорку Сот да күчүндө калтырган. 26-август күнү БШК Бакиров депутат болбой калганын расмий жарыялады.

Чоо-жайы

Былтыркы жылдын ноябрында Бакировдун штабынын жетекчисине добуш сатып алган деп кине коюлган. БШК ишти карап, мындай аракет болгон эмес деген чечим чыгарган. Бакиров ошондон кийин депутат болгон. Анын Ош облусундагы Көк-Жар округу боюнча атаандашы Равшанбек Рысбаев добуш сатып алуу болгон деген жүйө менен өткөн жылдын аягында сотко кайрылган.
Ал эми 2022-жылдын 17-ноябрында парламент жыйынында Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен. Депутат Фархат Исмаилов Ташиевге болушуп, эки эл өкүлү мушташа кете жаздаган. Ташиев Бакировдун "кандай депутат экенин жана кандайча шайланып келгенин" билерин айткан.
Ушундан кийин ЖКнын чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы аны кабинетинен чыгарып салган. Депутаттар мыйзам боюнча парламентарийлердин турак жай, иш бөлмөсү, автоунаалары жана документтери текшерүүгө жатпай турганын айтып, башкармалыктын жетекчисинин орун басары Элмира Усенованы кызматтан бошотууну сунушташкан. Ага катар Бакиров Башкы прокуратурага арыз жазган болчу. Териштирүүнүн жыйынтыгы ачыкталган эмес.
Саясатчы Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2023
Адахан Мадумаров эки айга камакка алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0