https://sputnik.kg/20221117/mushtasha-zhazdagan-deputattar-1070094426.html
"Бышырып жегиле", "эмне, кекиликсизби?". ЖКда мушташа жаздаган депутаттар. Видео
"Бышырып жегиле", "эмне, кекиликсизби?". ЖКда мушташа жаздаган депутаттар. Видео
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште депутаттар Фархад Исмаилов менен Өмүрбек Бакиров мушташып кете жаздады. 17.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-17T17:11+0600
2022-11-17T17:11+0600
2023-10-31T14:53+0600
кыргызстан
саясат
камчыбек ташиев
өмүрбек бакиров
талаш
видео
фархат исмаилов
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/11/1070081548_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_07dff5bd1a84c74fa8a47d51d18cdb0b.jpg
Алгач Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден Керкиден суу сактагычы боюнча мурда ким туура эмес чечимдер кабыл алганы тууралуу сураган.Анда төрага тактай электигин, бул боюнча арыз жазып кайрылышын талап кылды.Бакиров оозеки түрдө айтып келгенин билдирсе, “сиз кимсиз, ар бир айтканыңызды бизде аткаргыгыздай” деп кекетти.Ал депутат экенин эске салды.“Сиздин кандай депутат экениңизди, кантип шайланганыңызды дагы билем. Жакында көрөсүз”, — деди Ташиев.Бакиров бул жерде азыр жер, суу жөнүндө сөз болуп жаткандыктан бири-бирин сыйлоого чакырды.“Колуңардан келсе, мени бышырып жегиле. Өзүм жөнүндө сүйлөгөн жокмун. Мени 11 500 адам шайлаган, кандай шайланганымды элдин баары билет”, — деди Бакиров.Ага жооп берген Ташиев “сиз эмне, бышырып жегидей кекиликсизби?” деп какшыктады.Ошол учурда Фархад Исмаилов Ташиевге болушту эле, эки депутат мушташып кете жаздады. Алардын сөгүнгөн сөздөрү да угулуп жатты.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/11/1070081548_240:0:1680:1080_1920x0_80_0_0_955fbe0fe2e43e61fd3af5f5f6ff6cde.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, камчыбек ташиев, өмүрбек бакиров, талаш, видео, видео, фархат исмаилов
кыргызстан, саясат, камчыбек ташиев, өмүрбек бакиров, талаш, видео, видео, фархат исмаилов
"Бышырып жегиле", "эмне, кекиликсизби?". ЖКда мушташа жаздаган депутаттар. Видео
17:11 17.11.2022 (Жаңыртылды: 14:53 31.10.2023) Жогорку Кеңеште депутаттар Фархад Исмаилов менен Өмүрбек Бакиров мушташып кете жаздады.
Алгач Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден Керкиден суу сактагычы боюнча мурда ким туура эмес чечимдер кабыл алганы тууралуу сураган.
Анда төрага тактай электигин, бул боюнча арыз жазып кайрылышын талап кылды.
Бакиров оозеки түрдө айтып келгенин билдирсе, “сиз кимсиз, ар бир айтканыңызды бизде аткаргыгыздай” деп кекетти.
Ал депутат экенин эске салды.
“Сиздин кандай депутат экениңизди, кантип шайланганыңызды дагы билем. Жакында көрөсүз”, — деди Ташиев.
Бакиров бул жерде азыр жер, суу жөнүндө сөз болуп жаткандыктан бири-бирин сыйлоого чакырды.
“Колуңардан келсе, мени бышырып жегиле. Өзүм жөнүндө сүйлөгөн жокмун. Мени 11 500 адам шайлаган, кандай шайланганымды элдин баары билет”, — деди Бакиров.
Ага жооп берген Ташиев “сиз эмне, бышырып жегидей кекиликсизби?” деп какшыктады.
Ошол учурда Фархад Исмаилов Ташиевге болушту эле, эки депутат мушташып кете жаздады. Алардын сөгүнгөн сөздөрү да угулуп жатты.