БШК Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыратты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Өмүрбек Бакиров. Архивдик сүрөт
Депутат Өмүрбек Бакиров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Жазылуу
Үч инстанция тең шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Бакировду депутаттык мандаттан ажыратты.
БШК мүчөлөрү бир добуштан Бакировду каттоо боюнча токтомду жокко чыгарып, депутаттык күбөлүгүн жараксыз деп табышкан. Буга соттордун чечими негиз болуп берди.
Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыкканы тууралуу чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү органдарга сурам жөнөтүлгөнүн кабарлады. Анын айтымында, БШКда азырынча бул процедура үчүн материалдар жетишсиз.
Былтыркы жылдын ноябрында Бакировдун штабынын жетекчисине добуш сатып алган деп кине коюлган. БШК ишти карап, мындай аракет болгон эмес деген чечим чыгарган. Бакиров ошондон кийин депутат болгон болчу.
Бакировдун Ош облусундагы Көк-Жар округу боюнча атаандашы Равшан Рыспаев добуш сатып алуу болгон деген жүйө менен өткөн жылдын аягында Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Соттук териштирүү ошондон бери жүрүп келет. 7-июнда аталган сот Бакировду депутаттык мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алып, кийин Бишкек шаардык соту да, Жогорку сот да бул чечимди күчүндө калтырган.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 17-ноябрында парламент жыйынында Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен. Депутат Фархат Исмаилов Ташиевге болушуп, эки эл өкүлү мушташа кете жаздаган. Ташиев Бакировдун "кандай депутат экенин жана кандайча шайланып келгенин" билерин айткан.
Ушундан кийин ЖКнын чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы аны кабинетинен чыгарып салган. Депутаттар мыйзам боюнча парламентарийлердин турак жай, иш бөлмөсү, автоунаалары жана документтери текшерүүгө жатпай турганын айтып, башкармалыктын жетекчисинин орун басары Элмира Усенованы кызматтан бошотууну сунушташкан. Ага катар Бакиров Башкы прокуратурага арыз жазган болчу. Териштирүүнүн жыйынтыгы ачыкталган эмес.
Кайра шайлоо учурунда шайлоо участогунда кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Ленин округу боюнча кайра шайлоодо 25 талапкер ат салышат. Үгүт иштери башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0